Данияр Бабакулов, эрежесиз эр уруш боюнча чебер: «ДАЯРДЫКСЫЗ БАРЫП, ТААНЫШ ЭМЕС СПОРТТОН ЧЕМПИОН БОЛГОМ»

Үстүбүздөгү жылдын май айынын акыркы күндөрүндө борбор калаабыздагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда «Көчмөндөр күчү» аталышындагы кулатуу боюнча беттештер орун алды. Анын биринде мекендешибиз Данияр Бабакулов алыскы Бразилиядан келген атаандашы Луис Гомести биринчи эле раундда эсин оодарып, нокаутка учуратты. «Кара рыцарь» каймана аттуу бул спортчубуз өзү тууралуу кенен айтып берди.

Аты-жөнү – Данияр Бабакулов
Туулган жылы – 1986-жыл
Туулган жери – Фрунзе шаары
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Билими – ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетин аяктаган
Боюнун узундугу – 174 сантиметр
Салмагы – 77 килограмм
Жетишкендиктери – КМШ өлкөлөрүнүн арасында жиу-житсу боюнча чемпион (2012, 2015), ММА боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медалдын ээси (2013)

«БАЛАЛЫГЫМ...»
– Мен 1986-жылы Фрунзе шаарында туулгам. Ал убакта ата-энем борбор калаада окушчу экен. 5 жашымда алар мени Ноокат районунун Сталин айылында жашаган таенемдин колуна жөнөтүп, балалыгымдын көпчүлүгү ошол айылда өттү. 9-класста окуп калганымда үй-бүлөбүз менен Кызыл-Кыя шаарына көчүп бардык. Спортко кичинемден эле жакын болуп өстүм. Бирок үй-бүлөнүн улуусу болгондугумдан талаа жумуштарында жардам берип, машыгууга деле убакыт жок болчу. 10-класста окуп жүргөндө гана спорт залга барып, эркин күрөш боюнча машыга баштадым.

«КУРУЛУШТА ДА ИШТЕГЕМ...»
– 2008-жылы алгачкы жолу күжүрмөн самбо боюнча мелдешке катышып, орунга илинбей калгам. 2011-жылы өлкө биринчилигинде 2-орунга илиндим. Аскердик кызматымды өтөп келген соң мен да Москва шаарына барып түрлүү жумуштарда иштөөгө туура келди. Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан барган эмгек мигранттарына иштегенге уруксат кагазын даярдап берип, Украинага кирип-чыккан кыргыздарды ташып таксист болуп, курулушта да иштедим. Ошол убакта машыгуум да токтоп калган эле. Курулушта чогуу иштеген бир досум «КМШ өлкөлөрүнүн спортчуларынын ортосунда жиу-житсу боюнча мелдеш өтөт экен, сен да катыш. Самбо менен жиу-житсунун эрежелери окшош эле» деп калды. Макул деп ал мелдешке эч даярдыксыз катышып, биринчи орунду жеңип алгам.

«РАЗБОРКАЛАРГА» КАТЫШПАЙ КАЛГАМ...»
– Жаш кезде кызуу кандуулукка алдырып көчөдө көп мушташчумун, акыркы учурларда ишти көчөдө муштум менен чечпегенге аракет кылам. «Разборкаларга» катышып бер дегендер болуп калат. Орусияда иштеп жүргөндө анча-мынча барып калчумун. Азыр барбайм, барсам да сөз менен эле бүтүрүүгө аракет кылам.

ЖАРАКАТТАР...
– Беттеш учурунда жаракат алып калган учурлар болот, бирок өтө деле олуттуу жаракат алган эмесмин. Бир ирет Казакстанда беттеш өткөрүп жатып колумдун бармагы сынып кеткен. Дагы бир жолу Чувашияда жергиликтүү бир мушкер менен беттешип жатканда мурдум сынып калган. Аны Москвада иштеген таежелерим угуп калып, айылдагы апама чейин телефон чалып айтышып, «экинчи мушташка чыкпай жүр» деп ызы-чуу салышкан. Бирок бара-бара көнүп калышты.

КАЛЫСТАРДЫН КАЛЫССЫЗДЫКТАРЫ...
– Чет өлкөдө беттеш өткөргөндө калыстардын жергиликтүү мушкерлерге тартып койгон учурлары көп болот. Мисалы, былтыр Казакстанда 84 килограмм салмактагы Адил Боранбаев менен беттешкенимде упай эсебинде мен уткан болчумун, бирок жеңишти атаандашыма берип коюшкан. Дагы бир жолу Дагестанга барып жергиликтүү бир мушкер менен беттешип, атаандашымды 3 раунд бою аябай сабаган элем. Бирок баары бир калыстар жеңишти атаандашыма беришкен.

«КАЙМАНА АТЫМ...»
– Москвада жүргөндө Хип-шоу (ичинде ар кандай көлөмдөгү фигуралар бар, сыртынан тор капталган чоң аренада бир нече мушкерлер арасында өтүүчү командалык беттеш) боюнча 4 айга келишим түзүп, ага да катышып калгам. Анын катышуучуларынын бардыгынын каймана аттары бар болчу. Жокторго өзүбүз отуруп алып эле ат коё берчүбүз. Бир ирет беттешке чыгарымда машыктыруучу «азыр «Кара рыцарь» чыгат» деп мени тааныштырып коюп, ошол бойдон бул каймана ат жабышып калган.

БОШ УБАКТА...
– Бош убактымда интернеттен эрежесиз эр уруш боюнча беттештерди көрөм, үй жумуштарына, апам иштеткен дүкөндө соода кылганга жардам берем. Мелдештерге катышкандан алган гонорарга жашоо кыйын. Чет өлкөлөргө беттешке чыкканда бүт каражатты машыктыруучум Замир Сыргабаев көтөрөт, башка демөөрчүлөрүм деле жок. Жакында бразилиялык мушкер Луис Гомести жеңгеним үчүн депутат Алтынбек Сулайманов мага Ош шаарынан 2 бөлмөлүү батир белек кылды, ага чоң рахмат.

«МАКСАТТАРЫМ...»
– Эрежесиз эр уруштагы эң мыкты мушкерлер катышкан UFC лигасында беттештерди өткөргүм келет. Ал үчүн башка да уюмдардын мелдештеринен жеңишке жетишип, рекорддорду жаратуу керек.

Луис Гомес менен болгон беттеш учурунда.

Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
bosmos777
2015-06-30 12:50:17
Алга!
0
Lenin
2015-06-30 13:48:45
Туулган жери Фрунзе десе ойлонуп калыптырмын ал каяк эле деп.
Азаматсын!!! алга!
+2
Altysh_Boldush
2015-06-30 18:27:15
Ден соолук. Ийгиликтер колдосун ылайым
0
edil.kg
2015-06-30 18:50:23
ноокатка жээн болобу ошондо азаматсын Алла тилен ой максаттарына жеткизсин
0
edil.kg
2015-06-30 18:50:59
жээним жарайсын
0
kyrgyz123456789
2015-07-01 22:37:29
edil.kg, Ноокатка жээн болбойт , ноокаттын ак-булак деген айылынан болот
0
joysin777
2015-07-01 01:54:57
коп жаш балдардын кумирида бул жигит сага тенелем деген жаштарда коп дагы коп ийгиликтерди каалайм
+1
zhusaliev89
2015-07-01 18:20:21
Мыктыбек Мамасалиевтенден да алгыла интервью супер инфо
0
admin_media
2015-07-02 10:36:43
zhusaliev89, саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
0
A3A
2015-07-02 18:36:43
Ийгилик братан!!!
0
A3A
2015-07-02 18:37:13
Ийгилик
0
jama9210
2015-07-03 09:46:16
Ой бууууй ушу мушкер жагат да. Соц тармактардан видеолору болсо көрүп турам. Азззамат ушундай жигиттер көбөйө берсин!!!
+1
maksat-kg-kg1
2015-07-03 17:08:38
Ийгилик каалайбыз..
0
mirlanpiter
2015-07-03 23:37:39
Азаматсын Дани, ийгилик озуно бекем бол,биз сени колдойбуз!
0
ggvatua
2015-07-13 14:53:18
Данияр,азаматсын!Мен сени суйом!Ийгилик!!!КМШнын чемпиону болгонунда карай берип,карай берип суйуум ого бетер кучоп кетиптир:):):)Уй булолук бакыт,ден соолук каалайм.
+1
saza20
2017-06-03 19:26:24
ggvatua,кап чиркин таанышпайт беленер жогоруда да бироо суйлошкон кызы жок бекен деп сураптыр. кызы жок эле зордошуп эле туугандары 30 жашында уйлондурду
0
nur_92
2015-08-25 21:21:32
Ийгилик сизге Данияр ака
0
saza20
2017-06-03 19:27:40
эки жыл мурун интервью бериптир азыр окудум
0
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан