КУМАР АЗАБЫ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Бала кезден бирге өскөн эки дос бир кызды талашып калышарын билишкен эмес. Адыл сүйүктүүсүн колунан тарттырып жиберүүдөн чочулап ата-энесине үйлөнүү тууралуу оюн айтты.
– Ата, мен үйлөнүшүм керек,- деди. Башын жерге салып ойлуу отурган атасы селт эте түштү. Уккан кулагына ишенбей баласын карап:
– Эмне дейсиң? Суроолуу карады.
– Берметти Акыл алам деп жатат. Аны мен алышым керек. Бермет экөөбүз кыз-жигитпиз.
Баласынын жан дүйнөсүндөгү бороон-чапкынды ата айттырбай түшүндү.
Акыл ата-энесинин «сүйлөшүп көрөлү, ким эле кызын дароо ал деп бере салсын» деген сөзүн угуп жини келип, «силер алып бере албасаңар өзүм алам. Ала качып келсем кайда барат экенсиңер?» деп өзүнө өзү дем берип эрдемсип алды. Бул оюн батыраак ишке ашырууну болжоп, алдын ала пландап баштады. Ишти эч кимге айтпай жасоону ойлоду. Бардыгы ойдогудай аткарыла калчудай ичинен кудуңдап алды да, адаттагыдай көчөгө жөнөдү.
Ортодо чайналган эле байкуш Бермет. Санаадан жүдөп, арыктап кетти. Ала качып кетип, сүйбөгөн бирөөнүн жары болуудан коркуп жатты. Элеп-желеп болгон эт жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй соккондо күйүттүн ысык деми оозунан үшкүрүк менен кошо чыгат.
Күн кечтеп, аптап кайткан маал. Адылдын келишин болжоп Бермет чакасын көтөрүп сууга жөнөдү. Кимдир бирөө сүйгөнүнө жеткирбей колдон-буттан кармап жулуп кетчүдөй өзүнө өзү сак. Узун кара чачын тең экиге бөлүп өрүп, эки чаканы бир колуна кармап ойлуу келе жаткан Берметти Адыл алыстан эле тааныды. Ортодогу аралык кылымдын жолундай узак көрүндү. Көрүнүп эле тим болбой кадамдары оорлоп жерге тартылды. Адыл «ата-энеме айттым, алар макул болушту, биз бирге болобуз» деп тезирээк айтып сүйүктүүсүн кубанткысы келди. Сүйүнүчтүү кабарды азыр эле айта салбаса жүрөгү жарылып кетчүдөй. Экөө бири-бирине жакындап келгенде үмүт жанган көздөрү чагылыша түштү. Бирөө жарым угуп-көрүп калбасын дегенсип шектүү айланага көз жүгүртүштү да, жарыша сүйлөштү.
– Келдиңби? Экөөнүн тең ооздорунан бир убакта ушул кеп чыкты.
– Сени көргөнү, сага жагымдуу жаңылыкты жеткирүүгө келдим. Адыл ичтеги кубанычын толкуп-ташып, кубанып, кудуңдап айтты.
– Айтчы, жүрөгүм жарылып кете электе угуп алайын.
Алаканын чаап кубанган сүйүктүүсүнө ишеничтүү жооп узатты.
– Биз бирге болобуз. Эми ортобузга эч ким бүлүк сала албайт.
– Ата-энеңе айттыңбы?
– Алар макул болушпай кайда барат эле?
– Ошондой болсунчу. Ойлоно берип түгөнмөй болдум. Акылга кор кыла көрбө.
– Эч кимге кор болбойсуң! Акылдын жазасын мен бербесем да алат. Бүгүн үйдөгүлөр менен той тууралуу сүйлөшөм. Жакында бизди бөлө турчу коркунучтардан биротоло кутулабыз.
Сүйүктүүсүнүн ишеничтүү сөзүнөн канагат алган Бермет чакага суу толтуруп, үйүн көздөй жөнөдү. Үйгө кирип кеткичекти көзү менен узатып карап турду да, Адыл жолго түштү.
Бул учурда оюн ишке ашыруунун үстүндө жүргөн Акыл кызды алып качуу үчүн машина сүйлөшүүгө бара жатты. Ар ким өз чөйрөсүндөгү адам менен мамиле курат эмеспи. Кумарчы Замирге келип:
– Замике, бир ишке жарап бер,- деди чоң кишидей анын ийинин таптап.
– Эмне иш экен? Оюнга келбей койдуң го, жигит, же акчаны топтоп келип чоң оюн кылайын дейсиңби? Мыйыгынан жылмайган Замирге тике карап:
– Акеси, оюндан качпайбыз. Чоң оюнду салууга да кудурет жетет. Башкасын коюп бүгүнкү ишти сүйлөшөлү.
– Айтпайсыңбы ишиңди.
– Мага бүгүн машина керек. Кыз ала качам.
– Кимге?
– Бирөөгө алып качмак белем. Өзүм алам. Машинаңды бере тур же өзүң айдап бер.
– Ой, энеңди урайын, чечек, кайсы сулууну уурдаган жатасың?
– Аны алып келгенде көрөсүң!
– Машинанын акысына канча төлөйсүң? Бирок унаамды өзүм башкарам.
– Бир кой берем. Майын өзүң табасың.
– Жүрү, кеттик анда.
Экөө Берметтин үйүн көздөй жөнөштү. Бада келер маал болуп оюнда эч нерсе жок Бермет уюн айдап келүүгө бара жаткан. Көктөн тилегени жерден табыла калган Акыл аны көрөрү менен:
– Замике, тигил кыздын жанына барып токто. Машинага салганды мага кой. Сенин милдетиң – тезинен үйгө жеткирүү. Чаңы чыккан көчөнү андан бетер сапырып Берметтин жанына барып токтоду. Акыл машинадан атып чыгып, Берметти кучактады да, көтөргөн бойдон унаага салды.
– Апа-аа! Адыл, мени куткаргыла! Мени кармаба! Сени менен жашабайм!
Болушунча жулкунуп, кыйкырганы менен, Акылдын карылуу кучагынан чыга алган жок.
– Мен сени сүйөм. Экөөбүз бактылуу жашайбыз.
– Мен Адылды гана сүйөм, тфү,- деп Акылдын бетине түкүрүп жиберди.
– Замир аке, токтотуп коюңуз. Эртеңки күнү жооп берип каласыз. Тарбиясыз баланын тилине кирбеңиз,- дегенин айдоочу уккусу да келген жок. Машинаны зуулдаткан бойдон Садырдын үйүнүн алдына токтотту. Катуу келген унаадан чочуган Жылдыз үйдөн атып чыкты. Шашып кеткен Замир:
– Сүйүнчү! Келин келди,- дей салды.
– Кандай келин? Кокуй! Чакыр коңшуларды,- деп Замирди жүгүртүп жиберди. Даяр тургандай жете келген аялдар жаш кызды колдон-буттан алышып үйгө киргизип, жоолук салганга өтүштү.

(Уландысы кийинки санда)

Султан Кадыртегин

Жакында... Мени бакыт аралынан издебе...
Элдин баары майрамдап жаткан Сүйүү күнү Адель үчүн каргашалуу болду. Ал күнү жөн гана курбу кызынын чакыруусу менен келген Адель мындай жаӊжал чыгып кетерин билген эмес. Ал жерде чырактай жаш жигит киши колдуу болду.
«Качкыла, качкыла!» деген жапан үндү угуп, бирок калтыраган денесин токтото албай, шок абалда тура берди. Дендароо болуп турган кыздын колуна кан бычакты кармата койгон бирөө түн коюнуна сиӊип жок болду.
Ошентип Адель жок жерден 18 жашында түрмөнүн суук босогосун аттады. Күчтүү адвокат аны түрмөдөн алып чыгарын, өзүнөн улуу адамга баш байлаарын, эч кимдин оюна келбеген байлыктын ээси болорун, андан кийин баш айланткан сүйүүгө жолугарын, тагдырына дагы далай кызыктар жазылганын билген эмес.
Чыккынчылык, чыныгы сүйүү, жашоонун катаал мыйзамдары камтылган чыгарма жакында сизге сунушталат. Андыктан сан сайын кууп окуганга даяр болуӊуз, окурман!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
mirana9395
2015-06-29 09:13:30
Кызыгына келгенде бутуп калды,эми дагы бииир жума кутобузбу
0
AygulSumaya
2015-06-29 09:34:57
Неге аз
0
AygulSumaya
2015-06-29 09:35:19
Азго
0
hanisa
2015-06-29 10:14:04
Az jazylyptyr:(
0
ajo-nur
2015-06-29 10:44:32
кыска чыгарманы деле бутурбос болдунарго
0
Adik01219
2015-06-29 12:35:30
Аз калды акыл эмне болоор экен
0
Pantherka
2015-06-29 13:13:14
Бутсо болот эле эрте
0
snegurochka11
2015-06-29 14:11:53
Мынча аз(((Кобурооктон жазып бутуруп койгулачы бай болгурлар!
0
dil_bara
2015-06-29 17:24:00
Мынча аз.
0
Gulnaz.GS
2015-06-29 21:31:31
Автор жакпады.окуп атып жинин келет.Акылды жамандап бироого айтып бергендей эле жаза береткен. ХХХ ХХХ
0
admin_media
2015-06-30 12:03:15
Gulnaz.GS,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтүңүз.
0
Gulnaz.GS
2015-07-01 03:19:29
admin_media, ок
0
aku03
2015-07-05 12:47:44
admin_media, жаны саны качан чыгат
0
matY
2015-07-07 13:49:53
aku03, (Уландысы кийинки санда) дейтгой
0
magic1721
2015-06-30 16:12:04
качан бутот ((
0
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан