ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (29-июндан 5-июлга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында өзүңүзгө ишенимдүү болуп, баарын көзөмөлгө алууга тырышыңыз. Анткени алдамчылардын тузагына түшүп калуу коркунучу бар. Мүмкүн бирөөлөр билгизбей сизге зыяны тийчү ишти жасап жиберишет. Аптанын ортосунан тартып бакытка балкыган сезимдердин, сиз каалаган кызыктардын күбөсү болосуз. Жаңы иштерди баштап, жаңы максаттарга карай жол ачылат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын биринчи жарымында иш чачтан көп болуп, баарына жетишпейм деп жүрөксүнөсүз. Кам санабаңыз, колуңуздан келет. Болгону майда нерселерди ойлоп убайым жебеңиз. Көздөгөн буюмуңузду сатып аларда анын сапатына көңүл буруңуз. Апта ортосунда каржылык иштерде ийгилик жаралат. Дем алышта ырды чырга айланткандар чыгат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Түзүлгөн кырдаалды талдоочу мезгил жетти. Сизге өжөрлүк жана чечкиндүүлүк керектелет. Документтерге байланыштуу иштерди чечүү зарыл. Кооптонбоңуз, баары сиздин кызыкчылыкка чечилет. Болгону өз позицияңызда туруңуз. Апта аягында аласаңыз болсо кайтарышат. Ал эми жалгыздык аралындагы бойдоктор үмүтүн жандырган адамына кезигет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жашооңузда бороон болор алдындагы жымжырттык абалы өкүм сүрөт. Өзгөрүүлөр, активдүү иш-аракеттер, жети өлчөп бир кесүү – булар жакынкы келечектин иши. Андыктан убакытты өзүңүзгө арнаңыз. Кээ бирлер жүрөктөгү сезимин козгой турган эски таанышына жолугат. Ашар ишке кол кабыш кылууңуз ыктымал.

АРСТАН (23.07-23.08)
Мамилелер жогорку деңгээлде өнүгөт. Үйдөгүлөр болуп бири-бириңиздерди жакшы түшүнүшүп, жаңы пландарды түзөсүздөр. Айрым үй-бүлөлүүлөр балалуу болууну пландашат. Жаңы башталган иштерди алдыга жылдырууга да ыңгайлуу мезгил. Бирок бут тоскондордон сактаныңыз. Апта аягында үйүңүздө дасторкон жайылып, конок камы көрүлөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта үйүңүздү оңдоо-түзөө же жасалгалоого арналат. Апта ортосунда үйдө жашоого болгон көз караштардын ар түрдүүлүгүнөн улам бир аз чыр чыгат. Бирок бул бири-бириңиздерди жакшы түшүнүшүүгө себепкер болот. Апта аягында буга чейин кыжалат кылып келген бир иш сиз ойлогондон оңой бүтөт. Достордун коломтосунда да кобурашасыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Активдүүлүгүңүз өсүп, жаңы идеялар жаралат. Каржылык абалыңызды жакшыртуу үчүн көп күч жумшайсыз, акыбети кийинки апталарда кайта баштайт. Албетте, тапканыңыздан өзүнө кымтып алгысы келгендер да чыгат, андыктан сактаныңыз. Жолдо калбоо үчүн барган жерден эрте кайтуу кажет. Сүйүктүүңүздүн сиз билбеген жактары маалым болуп чыга келет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Пландалган нерселерге ойлонуп киришпесеңиз, жыйынтыгы сиз күткөндөн тескери чыгып калуусу ыктымал. Апта ортосунда кырдаал кескин өзгөрүлүп түйшүк арттырат. Муну боло жүрчү нерсе катары кабыл алуу оң. Апта аягында баары акырындап ордуна келип, өзүңүздү жаңы майда-барат буюмдар менен сүйүнтөсүз. Ошондой эле жашоого кумарлантчу окуяга кез келүүңүз күтүлүүдө.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жардам берип колдогондорду кантип сыйлоону, ал эми жамандык кылгандарга кандай мамиле жасоону чечесиз. Бирок бул жоругуңуз айрымдар менен чырлашууга жеткирет. Эмнеден ката кетиргениңиз апта аягында маалым болот. Чуркап жүрүп кошумча каражат таап сүйүнөсүз. Унутта калтырбай иммунитетти чыңдоого, имиджди оңдоого киришсеңиз ашыкча болбойт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Элдер менен иштешүүдө, документ иштерин бүткөрүүдө кылдаттык керектелет. Болбосо материалдык гана чыгым тартпай, жаманатты да болууңуз мүмкүн. Билбей жаткан нерселериңизди тааныштардан сурап билиңиз. Айрым кызматкерлерге жаңы иш сунушталат. Которулуу же которулбоону өзүңүз чечиңиз. Табийгат койнунда эс алууга мүмкүнчүлүк чыгат, колдонуп калуу зарыл.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Башка бир адамдын кызыкчылыгы үчүн бир иштерди бүткөрүп берүүдөн баш тартыңыз. Бул сиздин коопсуздугуңуз үчүн керек. Жакын тааныштар кечеге чакыруу беришет. Үй тиричилик буюмдарын оңдотуу маселеси сизге жүктөлөт. Ал эми зер буюмдарды же малды сатып алууда кокус өз баасынан кымбат алып жаткан жоксузбу байкаңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Кайсы бир адамдын сизге жасаган туура эмес кылыгынан депрессияга түшкөн болсоңуз, баарын жыйыштырыңыз. Ал адам сиздин кыйналууңузга татыктуу эмес. Көлгө түшүүдө, айнек менен иштөөдө этияттык жана сактык керек. Керектүү нерсени базардан издеп убара тартууңуз ыктымал. Эс алуу күндөрүндө үй иштерин бүткөрүп, хоббиңиз менен алектенесиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Jakai89
2015-06-30 19:19:06
Туптуура балык гараскобу
0
Abdyrashit.Satylganov
2015-07-01 02:55:07
Текечер эч качан жакшы жанылык айтпайт го... Акча акча жоготосуз, акча коротосуз дей берип күйдүрдү
0
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан