Квентин Тарантино: «МЕН КИНО МЕКТЕБИНЕ БАРГАН ЭМЕСМИН, МЕН КИНОГО БАРГАМ»

Нервиңиз жука эмеспи? Мээлешкен тапанчалар, мизи мууздоого маш болуп бүткөн кылыч-бычактар, топтой кулаган баштар, кызыл жаян канды көрсөткөн тасмалар жагабы? «Кино – бул менин диним. Тасмама жанымды да берүүгө даярмын» деген Квентин Тарантинонун камерасыз эч нерсени элестете албаган ааламына баш багыңыз.

Толук аты-жөнү – Квентин Жером Тарантино
Туулган жылы, күнү – 1963-жыл, 27-март
Туулган жери – АКШ, Теннесси штаты
Кесиби – Режиссёр, оператор, сценарист, актёр, продюсер
Тасмалары – «Криминальное чтиво», «Бешеные псы», «Убить Билла», «Бесславные ублюдки», «Жанго освобождённый» жана башкалар
Сыйлыктары – «Оскар», «Алтын глобус» жана башкалар
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок. Бала-чакалуу да боло элек.
Коллекциясы – Фильмдердин прокатка чыккан көчүрмөлөрү. «Мындай коллекцияны топтоо кайф тартуулайт» дейт Тарантино.
Фобиясы – Келемиштер. Коркунучтуу кинолор эмес.

«МЕН МЕКТЕПТИ ЖЕК КӨРЧҮМҮН»
Тарантино никесиз төрөлгөн бала. 16 жашында Квентинди жарык дүйнөгө алып келген апасы режиссёр үчүн тасмаларындагы күчтүү аялдардын образына айланган. «Аялдын кыла албай турган иши барбы деп ойлонуп көргөн эмесмин. Энелер үчүн эч бир тоскоолдук жок» деп айтат, ал.
Ал эми атасы актёр жана музыкант Тони Тарантино тууралуу минтип айтканы бар: «Атамды издебедим. Апам менен бир түн өткөрүп койгону аны ата кыла койбойт. Ал кишинин уулун көрүүгө 30 жылы бар эле, бирок ал мени атактуу болгонумда гана көргүсү келди. Көрсө, атак деген адамдарды магниттей тартат турбайбы».
Кичинекей Квентин мектепти жек көрчү. Математикага тиши өтпөй, 6-класска чейин сааттын канча болгонун айта албай кыйналган. Бир кызыкканы – тарыхый чыгармаларды окуу болгон. Анан келечекте актёр болууну кыялданар эле. «Үй-бүлөбүз менен кинотеатрга барууну өтө жакшы көрчүбүз. 15 жашымда сабактарды көп калтырып, бир күнү апамды «иштейм» деп көндүрүп, мектепти таштап салдым. Анан порнофильмдер көрсөтүлчү кинозалга билет текшерүүчү болуп орноштум. Өспүрүмдөр мындай жумушка кубанса керек, бирок мага жийиркеничтүү тасмалар жакчу эмес» деп орто билими да жок режиссёр балалыгын баяндаган.

ЖАСАЛМА РЕЗЮМЕ МЕНЕН БАШТАЛГАН КАРЬЕРА
Тарантино кинозалда күнүнө тапкан 4 долларына кечинде актёрдук чеберчилик боюнча сабак алчу. Тасмага тартылам деген дымагына жетпей, каарманыбыз резюмесинде ошол учурдун белгилүү фильмдеринде роль жараткам деп калп ышкыртууга чейин барган. 22 жашында видеопрокат менен шугулданган жумушка орношуп, элге кандай кинолор жагарына көңүл бура баштайт.
Тарантино атактуулукка жеткенге чейин бир канча сценарийлерди жазып, бир канча фильмдерди тартканы менен анын бири да элге көрсөтүлбөй калып калган.

СЫНГА ДА, МАКТООГО ДА АРЗЫГАН СТАРТ
1994-жылы Тарантино режиссёрдук кылган «Криминальное чтиво» жарык көрөт. Тасманын бюджети 8 миллион доллар болсо, прокаттан 100 миллион доллар киреше түшкөн. Фильм заматта күйөрмандардын да, антифанаттардын да армиясын топтоп, сынчылардын жакшы-жаман пикирлерине көмүлүп калат. Айрыкча «ниггер» деген сөзү башка расаны кемсинткен катары кабыл алынып, ага режиссёр «чындыкты айтууга акым бар» деп жооп берген. Тасма ошондой эле, актриса Ума Турман, актёрлор Жон Траволта менен Брюс Уиллистин да бактысын ачкан.
Биринчи болуп тартылган «Бешеные псы» тасмасынын сценарийин Тарантино 3 аптада жазып бүткөн. Көрүүчүлөр бул кинону аягына чейин көрө албай коюшканына карабай ийгиликтүү касса топтой алган.
Квентин узак тыныгуудан кийин 2003 жана 2004-жылдары «Убить Билла» тасмасынын эки бөлүгүн көрүүчүлөргө сунуштайт. Дал ушул фильмдер өзгөчө кандуу окуялары үчүн сынга кабылган. Ага Квентин «Талаш жок, ырайымсыз кино. Бирок бул Тарантинонун тасмасы! «Металликанын» (ред. рок-группа) концертине барып алып, музыканын үнүн азайтып койгулачы деп суранбайсыңар да» деп жооп кылган.
Эл оозуна алынган соңку фильмдери «Бесславные ублюдки» менен «Жанго освобождённый» болду. «Жанго освобождённый» тууралуу режиссёр «Америка тарыхынын кулчулукка байланыштуу коркунучтуу барактары тууралуу тасма тарткым келди. Буга эч кимдин дити барган эмес» деп айткан. Ал эми белгилүү актёр Брэд Питт ойногон «Бесславные ублюдки» фильминин сценарийин Тарантино 10 жыл ичинде жазган.

ТАРАНТИНОНУН ФИШКАСЫ ЭМНЕДЕ?
Тарантино алгачкы тасмасы менен эле фишкаларын тааныштырган. Алар: фильмдин хронологиялык эмес тартипте баяндалышы, тасманы бөлүмдөргө ажыратуусу жана узакка созулган диалогдор эле. Квентин режиссёрдук боюнча бир да сабак алган эмес, ал өз алдынча өнөрүн өздөштүрүп өркүндөткөн. Жогорку билим да албаган режиссёр «мен кино мектебине барган эмесмин, мен киного баргам» деп айтуудан тажабайт.
Эң башкы фишкасы – зордук-зомбулукту кооздоп көрсөтүү болуп саналат, бирок Тарантино өзү кордук көрсөткөндү жактырбайт. Режиссёр тасмаларында «зомбулук кылуу эч качан эч нерсени чечпейт, ал болгону жаңы түйшүктү жаратат» деген насаатты ачып бергиси келет. Дагы бир кызыктуу фишка – бул дээрлик бардык тасмаларында орун алган аялдын таманын чоң план менен көрсөтүү. Квентин Голливудда өзгөчө макамга ээ: сценарийди жазган да өзү, тасманы тарткан, продюсерлик кылган, эпизоддук ролдорду ойногон да өзү.

«МЕН БАКТЫЛУУМУН»
Квентин эч кимге үйлөнгөн эмес жана баласы да жок. «Бул курмандыкка бир максатты көздөп бардым. Азырынча тандоом – тасма тартуу. Мен бактылуумун» деп айткан.
Ошентсе да, актриса Мира Сорвино, режиссёр София Коппола менен романтикалык мамилеси болгон. Актриса Ума Турман менен болгон мамилесин Тарантино өзү калп деп айтып, ал болгону досум деп билдирген. Ошондой эле ырчы Мадонна менен да достук мамиледе.
Цитата: «Менин куралым жок. Курал алып жүрүүгө тыюу салыш керек дешет, бул анткордук. АКШнын көчөлөрүндөгү зордук-зомбулуктун чеги көрүнбөйт. Американы колунда тапанчасы бар адамдар негиздеген, алар көзүнө эмне жакшы көрүнсө, бир ок менен тартып алышкан».

 

 

 

Тарантино режиссёрлуктан кеткен соң, кичинекей кинотеатр сатып алууну кыялданат. «Фильм көрүүнү жактыргандан улам алжып калган кишиге окшоп, кире беришинде билет сатып отургум келет» деп айтканы бар. Ага чейин дүйнө дагы бир шедеврди күтүп жатат.
Күйөрмандарына кулак кагыш: быйылкы жылдын декабрь айына гений режиссёрдун «Омерзительная восьмёрка» деген тасмасынын бет ачары белгиленген. Башкы каармандардын ролдоруна Курт Рассел, Сэмюэл Жексон, Тим Рот, Ченнинг Тейтум жана башкалар тандалып алынган.

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Amantur.
2015-06-29 12:47:26
Базар жок,жакшы кинолорду тартат.
+1
eldar96
2015-06-29 12:50:05
Эн мыкты актер. Образга ушунчалык берилип аткарат.
0
toni_stark
2015-07-03 12:55:53
актер? коп деле аткарбайт го... аз гана эпизоддорго тартылат. Криминальное чтиво жана Джанго освобожденный шедевр!
0
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан