Бала тили бал
Жаңы жылдык балатыбызга өзгөчө коноктор келди. Бири уялып сөөмөйүн соруп, экинчиси улактай секирип бийлесе, дагы бири “балатыңар кооз турбайбы” деп таңыркап жатты. Аларга “Аяз атадан эмне белек күтөсүң?” деп суроо салып, ичти элжиреткен жоопторду алдык.
– Мага Аяз ата келбейт, Санта Клаус келет. Ал Стелла куурчак, анан яблоко сок алып келет. Менин куурчактарым көп. Атам куурчак сатып келет. Анан ал ырдайт, мен бийлейм. Мамам болсо кол чаап, күлүп турат.
– Атам Аяз ата эйтең келет деген да. Мага деген фанта, конфет алып келсин. Кууйчактайым жаман, эски, алайды ыйгытам. Атам мага жакшысын алып бейет. Анан бөбөгүм Акмайал (Акмарал) жаман, ыйлаак. Аны таякеге бейебиз.
Атасы мандарин же шоколад ала келбесе, Акмарал үйдө чыр чыгарат. Колун оозуна салып кечке ыйлап, мандарин же шоколад жемейинче басылбайт экен.
– Аяз ата келсин, Жаңы жылга. Мага подарка берсин. Анан баштыкка мышык салып койсун. Мышыгым жок да. Менин беш итим бар. Аларга боорсок берем. Өздөрү жейт. Менин лялям жок. Апам «кыз ляля төрөп берем» деген. Мен аны мотошиклге (мотоциклге) отургузам. Апамды биринчи жакшы көрөм. Ал мени мачо дейт. Папам нути-пути дейт. Анан бурчка тургузуп урушат. Мага аяй кийим сатып берди, Жаңы жылга кийем да. Биз жаңы машина алдык. Аны мен айдайм.
– Аяз ата көп подарка алып келсин. А мен ага стишок айтып берем. Мамам мени коён кылам деген. Мен Аяз атага коёнго окшоп секирип берем. Анан ал мага Хамер машина, робот, человек-паук, печений берсин, ээ? Менчи, мен деген Аяз атага кооз шарик берем.
Данияр апасын умничка, лапочка, золотая деп эркелетип акча алат экен.
– Атам дүкөндөн тамеки алат, мага чипсы алып бейет. Мен масинада отулам ыйлабай. Аяз ата дүкөндөн кууйчагыма чипсы, атага тамеки, мага живачка, тволожок сатып келсин, ээ? Мамам башка ляля багат. Ляляга пампейс бейсин.
Сумая атасы кокусунан эч нерсе апкелбесе «дүкөндө эч нерсе жок калыптырбы?» деп кайталай берип тажатат экен.
– Мен Аяз атага
Кызыл гүлүм, ай,
Кызыктыйса, ай,
Аппак гүлүм, ай,
Алгач сүйүүм, ай деп ыйдап бейем. Анан Аяз ата ММ-Денс шоколад, чачы узун кууйчак, конфет, кымыз алып келсин. Мен кымыз жакшы көйөм. Папам мага подайка бейген. Көп конфет жегем.
Камиланын бир таарынса такыр сүйлөбөй коймой адаты бар. Таттуу жегенде гана жарпы жазылат экен.
– Аяз атанын сакалы чоң. Ал садикке келет. Мен беш метий болгон бум (машина) алам. Баалы отуйат, анан мен айдайм. Мамбу, лыжый ап, йогуйт жейм. Мен чоң баламын, ыйлабайм. Ыйласам папа улушат. “Ты большой мальчик” дейт.
– Менин атым – Паук. Аяз ата мени человек-паук кылсын. Мен паукту жакшы көрөм. Анан көп кириешки сатып берсин. Папа «көп кириешки жесең, ичиң бух болот» деп айткан. Чолпон (эжесин айтып жатат) жаман, мени урат. Аяз ата ага подарка бербейт, ээ? Папам жакшы, ал көп оюнчук сатып берет. Мама мага «сен султан болосуң» деп айткан. Султан жаман, паук күчтүү, кыйын. Мен человек-паук болгум келет.
– Аяз ата аяй. Ал шоко (шоколад), жок, чупа-чуп, молоз бейет... Ээ-э, жинди!
Арсен көңүлүнө бир нерсе жакпай калса кабагын карыш түйүп коркутуп калат экен. Кантсе да чемпиондун баласы эмеспи. Чыныгы эркек мүнөзү байкалып турат.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg