ӨЛҮККАНАДА СЕЛФИ ЖАСАГАН СТУДЕНТТЕР ТАБЫЛДЫ

Өлүкканада сөөктөр менен сүрөткө түшүп, аны интернеттеги баракчаларына жарыялаган студенттер табылды. Бул үрөй учурган окуя өлүкканада ак халат жамынган кыздар сөөктүн жанында туруп түшкөн сүрөттүн интернетке жайылып кетиши менен коштолуп, ал интернет колдонуучуларынын кыжырын кайнаткан болчу.
ИИМдин маалыматы боюнча, 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы борбордук өлүкканага барышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул өлүкканада Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, ИСИТО жана башка медициналык окуу жайлардын студенттери практикалык сабактарды өтүшөт. Милиция кызматкерлери жыйынтыгында интернетке сүрөттү жарыялаган КММАнын даярдоо курсунун 19 жаштагы студент кызы экенин аныктап чыгышты. Териштирүүдө дагы бир ушундай эле окуя ачыкка чыгып, бул сапар дагы КММАнын 1-курсунун 19 жаштагы студент жигити экени билинди. Өлүкканага студенттерге чөнтөк телефондорун алып кирүүгө, сөөктөр менен сүрөткө түшүүгө тыюу салынган. Бирок жогорку эки окуяда тең студенттер мугалимдеринин жоктугунан пайдаланып, сүрөткө түшкөнү аныкталган.
Азыркы тапта бул окуялар боюнча топтолгон материалдар юридикалык баа берүү жана кийинки чараларды көрүү үчүн Бишкек ШИИББинин тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (60)
maksat
2015-07-02 09:40:30
Оздору билишетда силерге не кантип тушот
0
timkaa23
2015-07-02 14:18:14
Адамдар эмне болуп баратабыз????
0
marjana93
2015-07-02 16:38:59
a9vaaaai selfildewiptir da))))
0
Alibi
2015-07-03 09:06:17
ошончого духу жеткен кызгада баа берүү керек, анча-мынча эркектерден ашып кетиптирго))))
0
Jadyrashka
2015-07-03 10:28:07
Ээ мээнерди силердин...
0
aytkulova
2015-07-03 11:03:52
Журок да бар экен да. Моргто селфини тимеле койушпаптыр да
0
kg_girlAziza
2015-07-04 10:43:41
Башка жер бутуп, морг эле калды эле селфи кыла элек.
0
zhigitim_odnolub_bolso
2015-07-04 16:46:33
Жылмайып алдымго коменттерди окуп))) Тан калдым бирок ошолорго.. Кантип колунар барды селфиге))
0
reina90
2015-07-04 22:01:23
менин иним КММАда окуйт.биринчи моргго киргенде эсим ооп кала жаздагам деген,бир эки тайпалаш кыздар кулап да калган экен. А булар чындап эле верзилалар экен.
0
saipi
2015-07-05 00:44:56
men birin4i jolu morgko kirgende korkkon emesmin, bizge kirip jatkanda sotkanardy 4ontogunordon alyp 4ykpagyla eger korup kal4u bolsom ekin4i morgko kirem dep takyr oilobogula dewken,owogo karabai baldar tartyp jatywkan, kyiyn ozum sosialdyk tarmaktardan ozumdun taanywtarymdy oluk mn tuwkon surottorun kop ele korgom, emi baikawkan okwoit bul kyzmatkerleribiz.
0
ali.95
2015-07-05 08:27:44
Салам
0
ali.95
2015-07-05 08:31:45
Кыргыстанда кооп суротко тушо турган жерлер барго .Азыр адамдар кызык болуп баратышат тообо
0
aizbek
2015-07-05 12:09:20
оюна эч нерсе келбей эле тушуп койгондурда,жакшылап эскертип кечиришип эле койсо болмок эми,сабактан четтетпей эле
0
Rifle
2015-07-05 15:55:39
Баарынар акылдуусунар сындоого келгенде. КММАнын студенти болуу озунчо керемет. Моргко киргенде озунчо жаны сезим. Кызыгып кетип суротко тушту, эч нерсе эмес. Учурунда биз да тушконбуз. Эмнелерди гана жасабадык, ошон учун эми врач болуп журобуз.
Сындабай эле, кайрылып жатат ооругандар .
0
richman.kg
2015-07-06 03:34:40
тообо кылдым дейли туугандар. Кудай сактасын балким ошол сооктун ордунда сиздин жакын адамдарыныз же болбосо сиз озунуз тушуп калдыныз дейли. Анан сизге окшогон адамдар ошол соок м.н суротко тушуп интернетке киргизсе сиз кандай абалда калат элениз. Ошол жагын да ойлоп койунуз.
0
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан