ТАЗА ПАРТИЯГА ТАЗА АДАМДАР ЫКТАШАТ

«Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети» деп даанышман кыргыз эли бекеринен айтпайт. Кыргыз энергетикасын өнүктүрүүгө зор салымын кошкон Эргеш Төрөбаев деген аксакалды кимдер гана тааныбайт. Бул адам ак эмгек гана кылбастан, татыктуу уулдарды да тарбиялап, азыр ал балдары атасынын жолун улап, элдин жашоосун кантип жакшыртабыз, канткенде өлкө өнүгөт деп күн-түн иштеп жатышат. Кыргызстан эгемендүүлүгүн алган жылдан бери союздан мурас калган айыл-чарбабызды ар кайсы реформаны таңуулап отуруп талкалап алганыбыз жашыруун эмес. Мына ушул тармакты кайрадан калыбына келтирип, Кыргызстанды агрардык өлкөгө айлантам деген Бакыт Төрөбаев аттуу азамат бар. Ал башында турган «Өнүгүү-Прогресс» акыркы учурлары таскагы катуу чыгып, саясатчылардын көзүн күйгүзүп жүрөт.
Ата наркын алган, алысты көрө билген Бакыт Эргешевич жол-белден эле адашкандарды катарына кошо бербестен, саясатта салмагы бар адамдар менен өнөктөш болуп жатканын кулагыбыз чалып калды. Кошулгандар да мыкты аталардын колунан тарбия алган, аброю булганбаган адамдар экен. Абдан карапайым жана сылык, бой көтөргөндү билбеген, бийлигине таянбаган, сүйлөшө келгенде адамды өзүнө тартып турган, кыргыз жол башчыларынан тазалыгы менен тарыхта калган Абсамат Масалиевдин уулу алардын бири. Атадан кем уул болбогон Исхак Масалиев 10 жылдан ашык коммунисттер партиясын жетектеп, эми «Өнүгүү-Прогресс» менен пикирлеш жана идеялаш болуп бир кемеге түштү.
Андан ары уласак, Чүй калаасында кадыры бийик мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеев аксакал. Ал 1954-60-жылдары Жумгал, Тоң районунун чарбаларында ветврач, директор болуп иштеген. 1960-71-жылдары Кыргызстан КПнын Жумгал райкомунун 2-катчысы, Өзгөн райкомунун, Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы, 1979-жылдан баштап Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин төрагасы, 1981-86-жылдары Кыргыз ССРнин Министрлер советинин төрагасы, 1986-жылдан баштап Кыргызстан ветеринария илим изилдөө институтунун директору болуп турган. Арстанбек Дүйшеев Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген кызматкери, ветеринария илимдеринин кандидаты, «Эмгек Кызыл Туу», «Октябрь революциясы» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Мына ушул атанын уулу юрист Карыбек Дүйшеев да «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын катарына кошулду.
«Алма сабагынан алыс түшпөйт» дегендей, ата тарбиясын көргөн уулдардын максатташ болууну каалаганы партиянын тизмеси таза гана адамдарга толукталарын айгинеледи.

Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aku03
2015-07-05 11:20:11
Супер гезиттин жаны саны сайтка качанчыгат
0
aku03
2015-07-05 11:20:44
Жаны саны чыгаар бекен
0
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан