Ушул аптанын башында интернетке кыргызстандыктардын кыжырдануусун жараткан бир видео тарады. Анда өзбекстандык ырчы Юлдуз Усманованын «Америка үнү» редакциясынын өзбек тилдүү бөлүмүнө Кыргызстан тууралуу берген маегинен үзүндү камтылган. Ырчынын айткан сөздөрү көпчүлүктүн талкуусуна алынып, кескин ойлорду жаратууда.
2005-жылы болгон Өзбекстандагы Андижан окуясы жана 2010-жылы болгон Кыргызстандагы Июнь окуясы тууралуу козголгон маектин жүрүшүндө ырчы мындай дейт: «Бир жолу «Америка үнү» редакциясынан коңгуроо кылып калышты. Менден «Эмне үчүн Өзбекстанда Андижан окуясы орун алганда ырдабагансыз да, Кыргызстанда эмне болгонун билбей туруп, ал тууралуу ырдайсыз?» деп сурады. Анда мен: «Кыргызстанды мамлекет катары кабыл албайм. Ал мен үчүн бир "махалла" (ред. көчө), бир чайкана деген жооп узаттым...»
Эске салсак, 2010-жылы Юлдуз Усманова Июнь окуясына байланыштуу кыргыздарды кескин сындап ырдап чыккан болчу. Кыргызстандын тиешелүү органдары ырчыга карата кандайдыр бир чара көргөн эмес. Ал ырда эки элдин ортосуна от жагуу элементтери абдан ачык көрүнүп турганына карабай, ага карата билдирүү да жарыяланган эмес.
Каргашалуу июнь окуясынан бери 5 жыл өттү. Ал кандуу күндөрдү башынан өткөргөн Кыргызстандагы кыргыздар менен өзбектердин жарасы акырындап бүтүп бараткан маал. Ошондой учурда Юлдуз Усманова менен "Америка үнү" редакциясы эмне максатта ал теманы козгоп, кандай ой менен бул видео интернетке жүктөлдү? Эки элдин ортосуна от жаккысы келгендер дагы эле тынчый элекпи деген суроо жаралат...