Аида Кулуева: “АЙЫЛДЫК ЖИГИТКЕ ТУРМУШКА ЧЫКПАЙМ”

Бойдоктор бурчу

Аида Нарындын кызы. Бирок Бишкекте төрөлүп-өскөн. Шарт эткизе бетке айткан тайманбас мүнөзү бар. Кээ бирөөлөргө окшоп машина минип, кымбат баалуу телефон деле көтөрбөйт. Аялзатына тиешелүү бардык иштин майын чыгара жасайт. Айтор, жөнөкөйлүгү менен жигиттердин көзүн күйдүргөн бой.

“МҮНӨЗҮМ АБА ЫРАЙЫНА ОКШОШ”
– Мүнөзүм токтоо. Бирок маал-маалы менен түнт айымдын да образын жаратып коём. Кээде менден шайыр адам жок. Айтор, мүнөзүм маанайга жараша аба ырайына окшоп өзгөрүп турат. Тааныштарымдын көбү “абдан өжөрсүң, бетке айтасың” деп мүнөздөмө беришет. Үйдүн эң улуусу болгонума карабай ата-энеме, бир туугандарыма, дегеле жакын санаалаштардын баарына эркелей берем. Эркелигимди көтөрө албай калышканда бир аз убакытка тултуя түшмөй адатым бар.

“ДОСТОР”
– Достукка бекеммин. Мени жамандап, ушактаган адамга деле кек сактап жаман сүйлөй албайм. Кудайга шүгүр, достор көп. 1-класстан бери достугубуз үзүлбөй келаткан курбу кыздарым менен катташып турам. Мындан сырткары, эркек балдардын арасында досторум көп. Алар мени, мен аларды дайыма колдоп келем. Айрымдар “кыздар менен дос болгонго караганда эркектер менен дос болгон артык” деп калышат. Мен дос деген аял-эркек, улуу-кичүү деп бөлүнбөйт деп ойлойм.

“ЖАШТЫК ЖАНА СҮЙҮҮ”
– Жаштыкка эмне жетсин?! Ар бир курак өзүнчө сулуу. Менден кичүүлөрдү көрүп, кечээги күнүм эске түшөт. Улууларды көрүп биз да улгаябыз деп калам.
Сүйүү деп эки адамдын ортосундагы жылуу сезимди билем. Балапан сүйүү мага 2-курсумда келди. Аны эстесем күлкүм келет. Азыр ойлосом, сүйүүнү жакшы көрүү сезими менен алмаштырчу экенмин. Эстен тангыча сүйүп көргөн жокмун. Сүйүү алты айга гана созулат экен деп калдым. Муну бир жигит экөөбүздүн ортобуздагы мамиледен улам айтып отурам. Сүйлөшүп жүргөндө “ушул жылы ноябрда үй-бүлө куралы” деген оюн билдирген болчу. Каталык өзүнөн кетти. Мени менен катар дагы бир кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн билип калдым. Анын үстүнө, жигиттин апасы “ырчы кыз экен” дептир. Кызык, ырчы кыздар эмне адам эмеспи? Биз да ата-эне тарбиясын алган, алардын жүзүн жер каратпаган жаштарбыз го... Анан да анын ар кимдин сөзүнө кире берген мүнөзү жага бербеди. Достору кызганышып, “кечке эле Аиданын жанында жүрө берип бизди унутуп койдуң” деген сыяктуу сөздөрдү айтышыптыр. Ошентип, экөөбүздүн мамилебиз бузулду.

“БОЛОЧОКТОГУ ЖОЛДОШУМ...”
– Шаарда өсүп чоңойгондуктанбы, айылда жашай албайм деп ойлойм. Айылдын түмөн түйшүгүнө туруштук беришим мүмкүн, бирок баары бир элет жеринде жашоону элестетким келбейт. Мүмкүн болушунча шаарда калууну самайм. Ошондуктан айылдык жигитке турмушка чыкмак тургай сүйлөшкүм да келбейт.
Болочоктогу жолдошумду билимдүү, түшүнүктүү, ыймандуу, бир кесипти аркалаган, өзүмдөн өтө улуу эмес, кичүү да эмес, бою узун жигит деп образын жүрөгүмө тартып алгам. Бешенеге жазганы болот дечи. Бирок “жаштын тилегин берет” дейт да.
Көпчүлүк учурда мага өзбек, уйгур сыяктуу башка улуттун жигиттери сөз айтышат. Кебетем кыргыз эле болуп турат го деп күлүп калам. Негизи эле келбетиме көп кам көрөм. Мен арыктаймын деп диета кармабайм. Ашыкча боёнгонду жактырбайм.
Жигиттер, жогорудагы бакыраң көз бойдок менен баарлашып, достошкуңуз келсе, aidaruuke@mail.ru электрондук дарекке кат жөнөтүңүз.

Кулуева Аида Мукамбетовна.
Туулган күнү, айы, жылы – 30.01.1982.
Жылдыз белгиси – Суупери.
Билими – Жогорку. БГУну кызыл диплом менен аяктаган.
Бою – 170 см.
Жасай алган тамагы – Бардык тамакты мыкты жасайт.
Максаты – Киного тартылуу.
Материалдык байлыгы – Ырлары.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
azalove
2010-01-05 14:35:26
Ушу эжекенин уну абдан жагат да. Конур, башкалардан айырмаланып турат. "Учкум келет" беле, ошо ырын уккум келе берет. Аида эжекенин бети да таптазабы ыя?... Кандай кам короорун кантип билсек болот? Же мейлине кат жолдосомбу э...
0
chola
2010-01-05 14:54:31
айылдык жигиттер алат бекен биринчи
0
Robingud
2010-01-09 18:39:24
Aiyldyk dewip,Aiyldyk boluu kanday gana sonun.Aiylda jawap korson gana sezesin bul bakytty.
0
Айдош
2010-01-10 17:27:23
Эжеке озу кайдан болот? Айылдыктар сендейлерди тийем десен да албайт!
0
jazka
2010-01-11 05:03:16
Аида!билимдүү, түшүнүктүү, ыймандуу, бир кесипти аркалаган,бою узун жигиттер деле айылдык болушу мумкун!!!
0
Майрам эже
2010-01-13 14:09:12
Айылдык жигиттерден айланса аздык кылат. К бАКИЕВ, Адахан Мадумаров... ж б Баары айылдан чыккан азаматтар.
0
aiklaus
2010-01-14 04:45:50
A elektronduk adressin saitka sharyjalagandan ujalsa bolmok attu bashtuu sosgo alyngan ele kys.Bul shakta munosun kelbetin surottop shasyp internettegi taanyshuu saittaryndai ele bolup kalyptyr.Ha ha ha kuioo isdep bisdin yrchylar saitka adressin bere bashtaptyr da
0
akunisa
2012-02-11 09:11:29
ei aida sen osu ayil emne kandai ekenin bilesinbi.shaarga karaganda ayilda jashagan jakshiraak.baykushtar yr4ilarga bir 4eti kiyin.kirgizdin kizdari ushintip kalishkanbi.aidanin turmushka 4ikkisi kelgengo.
0
baibolot71
2012-02-12 08:21:32
Бечара Айда жигит тандап убакытты откоруп жиберипсин.Айылдык жигиттерди эмнеге жактырбайсын?акылдуу,билимду инсандар айылдан чыккан.Шаарда жашагым келет дейсин,кайсыл шаарга жашайсын?Бишкек да айылдай эле болуп калган го.Наоборот айылдын жашоосу эн жакшы.
0
№ 374, 1-7-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан