17-19-июнь аралыгында Якутияда өткөн «Дүйнө элдеринин эпосу Олонхо жеринде» деп аталган Эл аралык эпикалык форумда дастан айтуу боюнча сынак болуп өттү. Сынакка катышкан биздин манасчы Замирбек Баялиев биринчи орунга ээ болду.
«Бул сынак якуттардын «Олонхо» эпосунун ЮНЕСКОго катталышынын он жылдыгына арналып өткөрүлдү. Мен манасты бир саат токтобой айттым. Манас якут туугандарга абдан жагып, эл алдында үч жолу кайталап айтууга туура келди. Жыйынтыгында Саха республикасынын мамлекеттик жыйынынын төрагасы алтын саат тапшырса, аталган өлкөнүн башчысы Егор Борисов "Жарандык каармандыгы үчүн" деген бриллиант чөгөрүлгөн күмүш төш белги тапшырды»,- дейт Баялиев.