Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекче – Союз учурунда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылып туруу үчүн түзүлгөн. Бул шакекчеден Түркмөнстан 2003-жылы, Тажикстан 2009-жылы чыгып кеткен. Казакстан менен Өзбекстан да аталган шакекчеге көз каранды эместигин билдирүү менен бир канча ирет чыгып кетүүгө даяр экенин жар салышкан. Аталган мамлекеттер шакекчеге көз каранды болбой тургандай кылып, өздөрүнүн электр өткөрүүчү линияларын тургузуп бүткөн. Бир гана Кыргызстан бүгүнкү күнгө чейин бул шакекчеге көз каранды болуп келе жаткан. Өлкөнүн түндүк аймагы Токтогул ГЭСи иштеп чыккан токту Өзбекстан жана Казакстан аркылуу өткөрүлгөн линиялар менен, ал эми түштүк аймак кайра эле өзбек линияларынын жардамы менен алат. Казакстан же Өзбекстан энергетикалык шакекчеден чыгып кетсе, Кыргызстан электр энергиясыз калышы ыктымал.
Мындай кейиштүү абал, анын айынан Казакстан менен Өзбекстанга көз карандылык дагы канча деген жылдарга созулушу мүмкүн болчу. 2011-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда "Датка" подстанциясы, 2012-жылы Чүй облусунун Кемин районунда "Кемин" подстанциясынын курулушу башталды. "Датка" подстанциясынын курулушуна Кытайдан кредит алуу аракеттери Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттик тарабынан башталган. Бирок ал мезгилде мындай ири долбоор башталар-башталбасы, аягына чыгар-чыкпасы күмөн эле. Ошентип «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү линиясы быйылкы жылы август айында ишке киргизилгени турат. Аталган долбоорго 2012-жылдын август айында старт берилген. Ал өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын бириктирип, мамлекеттин энергетикалык коопсуздугун камсыздап, Казакстан менен Өзбекстандан болгон энергетикалык көз карандылыкка чекит коёт.
2003-жылы энергетикалык шакекчеден Түркмөнстандын, 2009-жылы Тажикстандын чыгып кеткенин эске алсак, кыргыз бийлигинин башында турган Аскар Акаевдин да, Курманбек Бакиевдин да мамлекеттин энергетикалык системин коңшу өлкөлөрдөн көз карандысыз кылып түзүп чыгууга кенен убакыт-сааты, бюджеттин эсебинен же насыяга болобу, каражат табууга мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Болгону эрк керек болчу. Кыргыз бийлиги «ойгонгуча» энергетикалык шакекчеге кирген Кыргызстандан башка 4 өлкө өзүнүн электр өткөрүүчү линияларын куруп бүтүрүүгө жетишти. «Датка-Кемин» сыяктуу долбоор мындан 10 жыл мурун тартылып баштаса, Кыргызстан бүгүнкү күндө коңшу өлкөлөрдүн көзүн карабай, тең ата мамиледе болуп калмак.
Мына ушундай, 10 жыл илгери эле жасалышы керек болгон ишке ажолордун ичинен Алмазбек Атамбаев белсенди. Ал Кыргызстандын энергетикалык системин эч кимге көз каранды кылбай курууга биринчи болуп киришкен өлкө жетекчиси болду.
Эльвира Караева
koom@super.kg
super.kg