МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ…

Салкын чарпаяда үч адам отурду. Үчөө тең өз алдынча ойго чөмүлүп, ар биринин өз алдынча чече албаган маселеси бардай. Жайдын бейпил түндөрүндө чымчык өз тилинде сүйлөп, чырт-чырт эткен үндөр чыгып, бак-шактуу короого көрк берген жарыктар өз алдынча кубангандай. Бирок түндүн кереметин, кооздугун сезбегендей үч адам тунжурайт. Алардын бири 50 жаштарга келип калган ак чач төрдө отурган адам эле. Бүркөө кабагы анын бир мүнөз экенинен, катаал, кээде таш боор болуп чыга келеринен кабар бергенсийт.
– Кечке тиктешип отура беребизби эми, уктайбызбы?- деди ал кашын серпе ылдыйда отурган келинге кайрылып. Келин оор уйкудан ойгоно түшкөндөй селт этип алды да, бир нерсе айтканга оозун таптап барып кайра токтоду. Ыргылжың боло столдогу нерселерди жыйнаганга аракет кылды да:
– Уктоочу бөлмө үп экен, мен бир аздан кийин уктайын дедим эле,- деди ал уруксат сурагандай.
– Өзүң бил,- деп чорт сүйлөп ордунан туруп жөнөдү.
– Жакшы жатыңыз, таяке,- деди үчүнчү отурган жигит. Жооп ордуна бир нерсе дегендей болду, бирок угулган жок. Келин кайрадан өз оюна чөмүлгөндөй. Келиндин үлбүрөгөн назик сулуулугу, бажырайган карегиндеги муңайым кайгысы турган турпатынан билинип жатты. Кимдир бирөө канатын сындырып коюп, жапан уяга туш келип калган чымчыктай эле.
– Адел,- деди жигит бир калыптагы үн менен.
– И-и?..
Кылчайып караган карегинен төгүлүп-төгүлбөй турган жашты көрдү. Бирок эч нерсе болбогондой токтоо үн катты.
– Чарчадың, барып укта, таякемдин ачуусу келип тургандай. Ишинде бир нерсе болгон окшойт.
– Айкөл байке...- Адел бир нерсе айта тургандай тамагына тыгылган жашты жутуп токтоп калды.
– Эмне болду?
– Мага барган сайын оор болуп бара жатат. Эмне кыларымды билбейм, мүнөзү күндөн күнгө татаалданып, жакшы сөзү жок. Мени...
– Башка күнү сүйлөшөлү.
– Сиз да мени түшүнгүңүз келбейт,- деди оор үшкүрүп. Кимдир бирөө зордогондой чарасыз ордунан туруп, уктоочу бөлмөсүнө бет алды.
Жигит атайын унчуккан жок. Анткени бир аз эле башынан сылап же жоошута турган сөз айтса, көкүрөгүнө жыгылып ыйлап жибергенге даяр экенин сезип, кайдигер гана чөнтөгүнөн тамекисин издей баштады. Жигит түндү теше тиктеп ошол калыбында кала берди. Кирсең чыккыс бул кооз үйдүн ичинде жашаган үчөөнүн өз кайгысы, эч кимге айта албаган сыры, бири-бирине кол шилтеп басып кете албаган чечилгис түйүнү бар эле. Ал түйүн мындан көп жыл мурун чечилгис болуп түйүлүп, бул үч адамды бир жипке, бир тагдырга байлаган болчу...

ххх

Адел анда мектепти бүтүрүп жаткан. Ата-энеси жол кырсыгынан каза болуп, чоң энесинин колунда калган болчу. Турсун апа көзүнүн агы менен тең айланып чоңойткон небереси үчүн жаныңды азыр бер десе, бергенге даяр эле. Кыздын жибек чачынан сылап акырын үн катты:
– Адел, турагой, жаным, сабагыңа кечигесиң.
– Азыр, апа...- деген кызы көзүн ача албай уйкусурап апасынын көкүрөгүнө башын жөлөй эркелеп калды.
– Бүгүн сабактан кийин Караколго барып таежеме жолугуп келсем болобу. Кечке телефон чалып жатат.
– Ага эмне болуптур?
– Билбейм, чакырды.
– Баргың келсе барагой. Бирок кечинде кайра келип калганга жетиш. Кичине балдары менен үйдө отурган неме буулугуп сени чакырып жатса керек.
– Болуптур, кечке чейин келип калам.
Эгерде апасынын жүрөгү ошол күнү эмне болуп кетерин билсе, жанынан чыгарбай койбойт беле. Балапанын саамайынан өөп, узап бара жаткан караанын тиктеп туруп бир топто үйгө кирди.
Эшигин чырылдаткан ким болду экен деп тиктей калган Жыпара Аделди көрүп сүйүнүп кетти.
– Келдиңби? Апаң жакшы турабы?
– Жакшы, сизге салам айтты.
Сууктан апакай бети тамылжып турган кыздын көркүнө суктана карап, бир боорун көрүп тургандай кучактады. Адел маркум эжесинин көчүрмөсү эле.
– Жүрү, өйдө өт. Баса, Зарема да үйдө...
Зарема Аделден бир жашка эле улуу экенине карабай көптү көрүп койгон кыздардай болчу. Эрте чоңдордун жашоосуна аралашып, эрте жигит күтүп, эрте боёнуп баштаган. Чай ичип отурган соң ал акырын жыландын башын кылтыйтып баштады.
– Адел, бүгүн Сүйүү күнү экенин билесиң да, ээ?
– Ооба.
– Бүгүн мени менен бир жерге барып майрамдап келбейсиңби?
– Жок, кечке маал кайта кетишим керек. Апам урушат...
– Ой, эч нерсе болбойт, бааланбачы эми. Чоңоюп калбадыңбы, качанкыга чейин апаңдын этегин кармап жүрө бересиң? Жаштык алып учуп турганда кичине гана учкун керек эмеспи. Аделдин жүрөгү түрсүлдөй согуп, тим эле укмуш жомок дүйнөгө кабылчудай апкаарып калды.
– Апама чалып суранайын.
– Койчу, апаң барып кел демек беле. Андан көрө айтпай эле кой. Тез эле барып келебиз.
– Жок, апам укса капа болот, жок дегенде таежеме айталы.
– Жеңеме айталы.
Зарема тез эле Аделдин чачын жайып, бетине упа, боёк жаап жасантып жиберди. Адел күзгүдөн өзүн тааныбай элейип калды.
– Кызык, такыр башкача болуп калдым го...
– Боёнгонду билбейсиң да, карачы, супсулуу болуп калдың.Кыздардын баарынын жигитин тартып алып жүрбө,- деди кыт-кыт күлгөн Зарема бир аз Аделге ичи тарып.
Ошентип жөнөп кетишти, оюнда эч нерсе жок биринчи жолу балга барчу Күлчү кыздай апкаарып бара жатты. Бейтааныш кызды жетелеп кирип келген Зареманы көргөн жигит-кыздар жандана түштү.
– Келдиңби?
– Оо, жаныңдагы периште ким?
– Менин тууганым болот. Аты Адел. Адел, а булар менин досторум.
Өз ара учурашып алышкан соң салтанат башталды. 1-курс болуп дуулдап турган немелер ичимдик ичип, айрымдары бирден кызды белден тартып бийге чакырып, үчүнчүсү ар кайсы бурчка барып өз ара бир нерселерди кызуу талкуулап жатышты. Мындайды көрбөгөн Адел тез эле жүдөй түштү. Жанына келген жигиттер менен суз гана сүйлөшүп, эптеп бул жерден кетип калгысы келди. Бир убакта эле Зареманын курткасын кийип сыртка чыгып баратканын көрдү. Коркуп кетип ордунан тура калды да:
– Зарема, сен кайда?
– Азыр келет бул...- деп Зареманы чыканактан алган жигит шаша үн катты.
– Сен жок болсоң бул жерде отурбайм, чогуу кетели.
– Кандай жапайы тууганың бар, биз өзүбүзчө сүйлөшө турган сөзүбүз бар. Сен тиги жигиттер менен сүйлөшүп, көңүл ачып турсаң,- деди тиги Зареманы жетелеп бара жаткан жигит.
– Зарема!- деди корко Адел.
– Ой, тез эле келем, сыртка чыгып сүйлөшүп келели деп жатат го,- деп жактырбай кагып салган Зарема сыртка жөнөдү.
Жүрөгүнүн түрсүлдөгөнү өзүнө угулуп, Адел шалдырай туруп калды.
«Ка-ап, кайдан да муну угуп келе калдым эле. Апам да кабатырланып жаткандыр» деп ойлонуп жатты. Сыртка чыгып кетейин десе жети түндө кайда барарын билбейт. Аргасыз отуруп калды. Көп өтпөй эле кимдир бирөөлөр чырдаша кетти. Аделдин түшүнгөнү боюнча, чыр кыз талашуудан улам келип чыкты окшойт.
– Ал сеники эмес, меники!
– Энеңди, кандайча сеники, азыр көзүңө көрсөтөм ким экенимди...
Адел коркконунан көзүн жумуп жиберди.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Gulzat86
2015-07-06 10:41:35
Кайда караба ушундай маселе.Раелда коп мындай окуялар угуп алып дене боюм дуркуроп коркуп кетем.Тообо!Ушундайдан сактасын бул кыз тууганын дагы бирдеме кылат ко наркы жигиттерге салып берип тагдырына.балта чабат окшойт.
0
jypar.i
2015-07-22 00:14:42
Gulzat86,раелде деген сөз эмнени түшүндүрөт?
0
mersedes2013
2015-07-06 12:24:16
Кызыктуу чыгармадай корунот.
0
mirana9395
2015-07-06 16:48:01
Кызыктуу башталдыго,бмрок супер инфо сураныч кобурооктон жазыныздарчы...
+2
Feride-12
2015-07-06 16:54:58
тигил кумар азабы бутолекго
0
nazi25
2015-07-07 16:58:38
Ииий сериал беле.
+1
roza.90
2015-07-10 03:35:07
Мага жакты,Кумар азабын окугун деле келбейт экен.бул чыгарма кызыктуураак окшойт.
0
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан