(Башталышы өткөн сандарда)
Бермет кетем деп аракет кылганы менен, болгон жок. Садыр ата-энесинин алдына ачуу басарга барып, алардын макулдугун алып келди. Моюнунан байлаган ит ууга жарабайт болуп, Берметтин Акыл менен жашоого такыр көңүлү тартпай, бар-жогуна кайдигер болуп маанайы суз. Акыл үйлөнгөнү менен, кумар ойногонун токтотподу. Адыл болсо сүйүктүүсүн колунан тарттырып жибергенине ичи күйүп, ызаланып жүргөн. Бүгүн ичтеги бугун чыгарып алуу үчүн Акыл менен сүйлөшүүгө барды. Ичиндеги ызасын жашырып, калп эле жылмая:
– Кандайсың? Куш боо бек болсун! Сүйүктүүмдү колумдан тартып алганың менен, жүрөгүмдөн тартып алган жоксуң. Андыктан мени жеңдим деп эрдемсинбе,- деди.
– Ачуудан чыккан арманың экениңди билем. Эми Бермет менин колуктум, менин сүйгөнүм. Арманыңды айткандан көрө аяшыңдын колунан чай ичип кетсеңчи,- деп Адылдын ичин
күйгүзгүсү келип тескери сөздөрдү сүйлөй берди.
– Сага теңелип, сенин деңгээлиңе түшүп абийиримди булгагым келбейт. Берметти сенин колуңа кор кылып таштап кетпейм. Ал мендик болот!
Адыл ишеничтүү сүйлөп басып кетти.
Бермет күндөн-күнгө жүдөө тартып, кыйналып бара жатат. Кайненеси өз кызындай мамиле кылганы менен, бүлө болуп кетчү түрү жок. Кайдадыр качып кеткиси келет, бирок элден уялат. Акыл өмүрлүк жарынын көңүлүн көтөрүүнү ойлоп да койбой, мурдагыдай муз жүрөк бойдон жүрөт. Кумар оюнуна баш-оту менен сүңгүп кирген. Жакында эле олчойгон суммадагы акчаны уттуруп келген. Кумар ойногону кеткенде 2-3 күн келбей коёт. Бүгүн дагы чоң суммадагы акча коюп ойношмок. Оюн кумарчы Кеңештин үйүндө болот.
Атасынын жыйнаган мал-мүлкүнүн берекеси учту. Көбүн кумарга уттурду. Кечинде жайлоодон акыркы эки жылкыны, уйду музоосу менен алып келип, жашырып сатып ийген. Акчанын баарын белине түйүп үйдөн чыгайын дегенде Бермет алдынан тосуп:
– Дагы кайда жөнөдүң?! Кумарың менен куруп кет! Өзүң жалгыз курусаң жакшы болбойт беле?! Мени, ата-энеңди кошо кууратып жатасың...
– Бермет!- деди ачуу кыйкырып.
– Эмне? Бул кылыгыңа чыдабайм. Же кумарды, же мени танда! Бактымды байлабай жолумду ачып кой,- деди Бермет.
– Менин жолумду торобой ишиңди кыл,- деп жубайынын түртүп жиберди да, көчөгө чыгып кетти.
Кеңештин үйүндө бака-шака түшүп, тамекинин түтүнүнө көздөрү кызарган кумарчылардын жоон тобу отурат. Бүгүн кимдин колу келип, кимдин капчыгы кампаят дешип өздөрүнчө күбүр-шыбыр. Аялынын жолун торогонуна ачуусу келип, кабак-кашы биригип Акыл да алардын арасына кошулду. Баары аны күтүп отургансып кирери менен:
– Оюнду баштадыкпы,- деди Кеңеш. Искен каза болгондон кийин кумарчылардын көзүрү катары баары Кеңештин көзүн карашат. Оңой олжо менен жан бакканга көнгөн кумарчылар бир ооздон баштайлы дешти. Карта таратылып, оюн башталды. Улам жеңилгени катардан чыгып, ким утат болду экен деп кызыгуу менен карап отурат. Акчасы бары жан талашып утуунун жолун издеп убайым тартмай. Акылдын акчасы азайып баратты. Баары катардан чыгып, аягында Акыл менен Кеңеш калды.
– И-и, бөлтүрүк, мени менен таймашам дечи?
– Оюн го, акеси. Эмне уттуруп коём деп чочулап жатасыңбы?- деди Акыл тескери сүйлөп.
– Ээ, балакай, көп сүйлөбөй оюнга киришели. Канча сомдон коёбуз. Уттуруп койсоң атаңа арызданбайсыңбы?- деп Кеңеш Акылдын намысына тийди.
– Менде 100 миң сом бар.
– Менде 200 миң сом бар,- деди Кеңеш.
– Анда 100 миң сомдон коюп бир эле оюн кылалы. Сиз утуп алсаңыз оюн бүтөт. Мен утуп алсам кайра улантабыз. Акыл чечкиндүү сүйлөдү.
– Дымагын кара. Сен ошондой ишеничтүү болсоң, мен макулмун.
Оюн башталды. Карта таратылган соң Кеңеш:
– Кана, жигит, колуңду көрсөт. Меники үч туз экен. Кана, сен да картаңды ач. Акылдын чекесинен тер кетип жерде турган колун көзүнө жакын кармап көрдү да, башын чайкады.
– Утуш сиздики. Мен пасмын, аке,- деди.
Кеңеш акчаны алып жатканда «чотур таштабайсызбы, көз акы таштабайсызбы?» деп карап отургандар ызы-чуу боло түштү. Акчаны бел боого түйүп жатып Акылга карап:
– Бөлтүрүк, оюнду уланталыбы? Үйүңдү койсоң 300 миң сомду берем.
Оюн үчүн жанымда дагы башка акча бар деди. Акылдын акчаны көргөндө акылынан азып, ою бузулду. Көсөө кайра-кайра сына бербейт. Эми мен утам деп ойлоду да:
– Макулмун. Акчаны бериңиз,- деди.
– Эй, жигит, ата-энең бербейм десечи? Жөн эле акча бере койбойм. 300 миң сом эмес, 500 миң сом акча алдым. Кагазга эртеңки күндүн датасын жазып, акчаны алдым деп кол кой,- деди Кеңеш. Акыл кол койду. Таң сүрүлгөнчө Акыл акчасыз да, үйсүз да калды.
(Уландысы кийинки санда)