«Ак куу моюн, чийме каш кыздары сулуу кыргыздын» демекчи, Таттыбүбү эжекебиздин орун басарлары кыргыз киносунда күндөн-күнгө көбөйүп барат. Бүгүнкү коногубуз мына ошол кыргыздын тың чыкма кыздарынын бири, сымбаттуу, чырайлуу, назик, түрдүү образда өзүн көрсөтө алган Рахат Божокоева.
– Кандайсың, Рахат? Учурда алпаруучу болуп иштеп жүргөнүңдү билебиз, жаңы өздөштүрүп жаткан кесибиң жагып жатабы?
– Саламатсыздарбы? Ооба, жагып жатат. Алпаруучу болуп иштегениме бир айдай болуп калды. НТСке мени Мира Шүкүралиева эжекем чакырган эле, видеопробадан өтүп, алып баруучулукка кабыл алындым. Азыр сезонду жаап эмгек өргүүсүнө чыктык, буюрса, бир айдан соң кайра экранга кайтып келем. Жумуштун оңою болбойт дешет эмеспи, анын сыңары башында бир аз кыйналдым. Орусча ойлонуп, аны кыргызчага которуп сүйлөп жиберген учурларым болду. Бирок макал-лакаптарды жаттап, бат эле алпаруучулукту өздөштүрүп кеттим.
– Сенин мындан сырткары фотомодель экениңди да билебиз...
– 14-15 жашымдан баштап гезит-журналдарга тартыла баштагам. Боюм 165 эле сантиметр, ал эми мода дүйнөсүндө кыздар үчүн стандарт 170 сантиметрден жогору да. Ушул себептен көпчүлүк мода көргөзмөлөрүнө катыша албай калам. Ошондуктан көбүнчө сүрөт аркылуу кийимдерди жарнамалайм.
– Азыр интернет ар бир адамдын жашоосунда актуалдуу роль ойноп жаткан кези, сен интернет менен кандай мамиледесиң?
– Азыр кайда барба элдин баары телефонун чукулап отурганын көрөсүң. Өзүм интернетти ченеми менен пайдаланам. Бул оокаттын жакшы жагы – алыста жүргөн адамдар менен сүйлөшкөнгө мыкты шарт түзүп берет. Мисалы, менин досторум Сахалинде, Францияда, инилерим Америкада жашашат, алар менен интернет аркылуу гана байланышып турам. Жаман жагы – адамдар деградация болуп баратабыз, жөнөкөй эле мисал, жаныңда туруп эле социалдык тармактан куттуктоо жибергендерди түшүнбөйм. Мен үчүн жандуу эмоция маанилүү. Негизи эле телефон чукулап интернетке киргенге караганда, китеп окуган жагат. Үйдө чакан китепканабыз бар, ыраматылык атамдын саякаттап жүрүп ар кайсы шаардан чогулткан китептерин азыр мен окуп жаткан кезим.
– Китеп окуганды жакшы көргөн Рахат кичинекейинде кандай кыз эле?
– Аябай тартиптүү, созулган кыз болчусуң дешет. Апам «эртең менен кандай көйнөк кийгизип жиберсем, кайра ошол бойдон кирдетпей келчүсүң» дейт. Эсимде, үйдө атам, апам, байкем болуп интерактивдүү оюндарды ойночубуз. Ал кезде Максим Галкиндин «Ким миллионер болгусу келет?» деген берүүсүн көп көрчүбүз, мен да ага окшоп үйдөгүлөргө суроо узатып ойночумун. Ал эми мектепте авторитет элем. Жоош болгонум менен, эч ким катыла алчу эмес, теңтуш кыздарым коркушчу. 5-6-класста топ-топ болуп кыздар өзүбүзчө тайпа түзүп, мен ошол тайпадагы кыздарды башкарып калгам. Класста староста, мектепте премьер-министр болдум, азыр да агай-эжейлерим, классташтарым менен жакшы мамиледемин.
– Балким, ошол курактагы сүйүүлөрдөн эстеп кетерсиң...
– Мектепте балдар артымдан калбай чуркачу. Бир жолу мугалимим мени чакырып, партадагы «Рахат Божокоева, мен сени сүйөм» деген жазууну мага жуудурткан. «Эмнеге башкалар жазса мен жуушум керек?» деп жинденсем, «сенин атың жазылып турат, сен жуушуң керек» деп койгон. Бирөөлөр мени сүйгөнү үчүн өзүм парта жууп отурган күндөр көп эле болду.
– Сулуулугуң, белгилүүлүгүң маселе чечүүдө жардамга келеби?
– Бир жолу съёмкага кечигип такси менен шашып баратсам МАИ кызматкери тосуп калды. Таксинин айдоочусунун документтери туура болбой бир топ күтүп калдым. МАИчи жаныма келип мени карап таанып, «чоң кыз, сиз Рахат Божокоева деген актриса кызсызбы, каякка бара жаттыңыз эле? Түшүңүз, башка такси кармап кетиңиз?» дейт. Эми качан такси кармап, качан жетем деп турсам ал айдоочуга «бактыңыз бар экен» деп коё беришкен.
– Божокоева деген фамилияң өзгөчө угулат, ошондо чоң атаңдын атыбы?
– Ооба, чоң атамдын аты Божокой болгон (күлүп). Ал менин төртүнчү чоң атам. Буюрса, бул фамилияны бизден кийинки урпактарыбыз да өзгөртпөй улантат деген ойдобуз. Байкем экөөбүз 7 атабызды эмес, 10 атабызды билебиз. Атам көзү тирүүсүндө үйрөтүп кеткен эле.
– Пластикалык операцияга көз карашың?
– Кырсыкка кабылып операцияга муктаж болгон адамдарды түшүнөм. «Ушул жерим жакпай жатат, оңдоп коюңузчу, сулуураак көрүнөйүн» дегендерди түшүнбөйм. Мага адамдардын бул жоругу «сен мени сулуу эмес кылып жараттың, мына сулуу болуу өзүмдүн колумдан деле келет» деп Кудай менен тең тайлашкандай сезиле берет. Келбетти өзгөрткөнчө, жан дүйнөнү өзгөртүш керек деп ойлойм.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg