Акбардын агасы Руслан Сүйүнбаев: "АКБАРДЫ ДОСТОРУМА САБАТЫП..."

Бир тууган

“Биз кыргыздын жөпжөнөкөй үй-бүлөсүнөнбүз. Ата-энебиз экөө тең мугалимдик кесипти аркалашат. Иним Акбардын ыр дүйнөсүнө аралашып, элге таанылып калганы биз үчүн чоң сыймык”,- дейт ырчы Акбар Сүйүнбаевдин бир тууган агасы Руслан. Эмесе, Русландан Акбардын эл билбеген жактарын билип алалы.

Бир тууган Сүйүнбаевдер:

  • Сүйүнбаев Нурлан, 29 жашта. Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы. Укук коргоо кызматкери.
  • Сүйүнбаев Руслан, 27 жашта. Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы. Укук коргоо кызматкери.
  • Сүйүнбаев Акбар, 24 жашта. Бойдок, ырчы.
  • Сүйүнбаев Дастан, 20 жашта. Бойдок, студент.

“АКБАРДЫ ЧОҢ КУРСАК, ЧЕЛЕК, ТОПОЗ ДЕЧҮБҮЗ”
– Биз үй-бүлөдө төрт эркекпиз. Акбар үчүнчүсү. Негизи, Акбар иним көлөмү жагынан да, бою жагынан да чоң болчу. Кичинесинде биз аны эркелетип чоң курсак, топоз, челек деп чакырчубуз. Анткени чедирейген чыт курсак бала эле. Ат коюп чакырсак да, челек деп мазактасак да унчукчу эмес. Бала кездеги анча-мынчага маани бербеген, токтоо мүнөзүнөн дале жазбады. Абдан сүйкүмдүү дагы. Кошуналар “Акбар, жарма ич. Акбар, ме момпосуй” деп эле турушчу. Антсе мен эмнеге сага эле бере беришет, бизге деле бербейби деп ичим тарып долуланчумун.

“УШУНУ ЭСТЕП УЯЛАМ”
– Бир жолу кошунабыз Нурила апа Акбар экөөбүздү чакырып, “балдарым, мага отун алып келип бересиңерби?” деп калды. Мен кыйылып турсам Акбар дароо макул деп эшекке минип, токойду көздөй жөнөдү. Дайыма ушинтесиң деп кейип, көпкө ойлонуп туруп анан артына мен учкашып алдым. Экөөбүз отун алып келип бердик. Рахматын айткан эне бизге жаңы футбол тобун берди. Акбар анын эки күндө желин чыгарып отуруп калды. Ошондо жиним келген мен досторума айтып Акбарды сабатып салгам. Ошол жоругумду эстесем, азыр да өзүмө жиним келет. Карачы, жаш экенмин да. Дос дегенди бир туугандан да жогору коюптурмун ошол кезде.

“ЖИГИТТЕР, “РОДИНАГА” КИМ БАРАТ?..”
– Нарындын Кочкор районунда Семиз-Бел деген жайлоо бар. Айтылуу жайлоодо чоң атабыз жайлачу экен. Ал жайлоого чоң суу аркылуу өтчүбүз. Атам майрамдап сеп этип алган күндөрү “кана жигиттер, “родинага” ким барат? Эр жүрөктөр, суудан кечип өтүп, аталар жердеген жерге барчулар барбы?” дегенде эле Акбар биринчи “мен барууга даярмын” деп честь берип калчу.
Адаттагыдай эле бир күнү атам ошентип айтып калды. Жамгыр жаап жатат. Акбар, мен, байкем, атам төртөөбүз жайлоого жөнөдүк. Сууга аз калганда байкем экөөбүз артыбызды карабай качтык. Акбар болсо атамдын колун кармаган боюнча жөнөдү. Бир маалда атам Акбарды моюнуна көтөрүп алды. Биз бул жакта жүрөгүбүз түшүп карап турабыз. Суудан аман-эсен өткөнүн көргөн соң үйгө кеттик.
Негизи, жайлоого көп барчубуз. Бир ыр эсиме түштү. “Самолёт, самолёт, кана мени ала кет. Командирдин баласын чөнтөгүңө сала кет…” деп карга учуп баратса деле Акбар экөөбүз кыйкырып каткырып калчу элек.

“ЫРДЫН БИР САБЫН КИТЕПТЕН АЛЫП,
ЭКИНЧИ САБЫН ӨЗҮМ ЧЫГАРДЫМ...”
– Биздин үйдө кыз жок болгондуктан, үй иштерин да, талаа жумуштарын да катырчубуз. Үй жыйнаганды Акбарга бөлүп койсок, кайраным күзгүнүн алдынан чыкчу эмес. Ырдап эле тура берчү. Бир күнү Акбар атама келип “ыр жаздым, ата” деп калды. Атам “оо, уулум, азамат. Сени акын Акбар Рыскуловдун атынан бекеринен койбогом да” деп мактап койсо, кийинки күнү дагы ыр жазып көрсөттү. Атам маңдайы жарыла дагы кубанып алды. Бир күнү баарыбыз чогуу отурганда атам “эй, Акбар, сен китептен эле көчүрүп коюпсуң го” дейт. Анда Акбар камаарыбай “бир сабын китептен алып, бир сабын өзүм токуп жазгам” деп коёт.

“ТАЕНЕМ АКБАРДЫ ФИЛАРМОНИЯДАН
КӨРӨМ ДЕЧҮ”
– Жаратылышка жакын да. Торпок кайтарганы кетип эле кеч келчү. Көрсө, өзүнчө обон чыгарып кыңылдап ырдап жүрө берчү экен. Ошонусун байкаганбы же кандай билбейм, таенебиз Акбарды өзгөчө жакшы көрчү.
Ал киши кезегинде белгилүү комузчу Самара Токтакунова менен бирге сахнага да чыккан экен. Алпейим таенем Акбарга “уулум, сени, буюрса, филармониядан көрөм” деп көп айтчу. Бул эмнеси экен деп биз таң калчубуз. Көрсө, ал кишинин көзү ачык окшойт. Азыр Акбар иним элге таанымал ырчы болбодубу.

“ЖЕҢЕСИ МЕНЕН СЫРДАШ”
– Бир жолу Акбардын концертинин алдында көчөдө афишаларды илип жүргөм. Ошондо көбү, айрыкча кыздар “ий, Акбар өзү афиша илип жүрөт го” деп карашкан эле. Өтө окшошпосок да баары бир бир тууганбыз да, окшоштук жактарыбыз бар. Айрым мүнөзүбүз да окшош.
Акбар келинчегим Кенжегүл экөө тамашалашып, жакшы сырдашат. Үйгө келет да кийимдерин чечип коюп кете берет. Жеңеси аларды жууп-тазалап, үтүктөп илип коёт. Кийин келип “жеңе, менин кийимим кай жерде эле?” деп издейт. Анан качан, кайсы байкеңдикине чечкениңди да унутуп коёсуң деп күлүп калабыз. Буюрса, бизди келиндүү кыла турган күн алыс эместир. Өз жарын таап бактылуу болсун, элибизди ырлары менен кубандырып жүрө берсин демекчимин.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Айдош
2010-01-11 16:29:43
жинди го!
0
bayash
2010-05-11 13:25:53
Кандай гана сонун кундорду откозушкон го?Сонун экен мага аябай жакты,бар болунуздар!Акбар сизге ийгилик!!!Гулбурак.
0
№ 374, 1-7-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан