Узарбек Жылкыбаев, «Кыргыз деңизи» санаториясынын директору: «МЭЭНЕТИҢ АДАЛ БОЛСО, ДӨӨЛӨТ ӨЗҮ КЕЛЕТ»

Узарбек Жылкыбаев 1974-жылы 17-февралда Ысык-Көлдүн Ананьево айылында төрөлүп, Бостери айылында чоңойгон. 1999-жылы Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик улуттук университетинин эл аралык мамилелер факультетин, 2014-жылы Кыргыз юридикалык академиясын бүтүргөн.

  • 1991-жылы – Ысык-Көлдөгү «Орбита» пансионатында экспедитор
  • 1999-2001-жылдары – Бостери айыл өкмөтүнүн жаштар комитети
  • 2005-2008-жылдары – «Ысык-Көл» санаториясынын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси
  • 2004-2008-жылдары – Бостери айылдык кеңешинин, 2008-2012-жылдары – Ысык-Көл райондук кеңешинин депутаты
  • 2007-жылы – СДПКнын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер
  • 2011-2013-жылдары – Борбордук шайлоо комиссиясынын Ысык-Көл аймактык комиссиясында атайын өкүл 
  •  2013-жылдан бери «Кыргыз деңизи» («Кыргызское взморье»)санаториясынын директору

– КазМУнун эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөндөн кийин сизге Казакстандын атайын кызматтарынан жумуш сунушталып, казак жарандыгын берели дешкен турбайбы. Ал жакта калсаңыз, азыр бакыйган чекист же дипломат болмок белеңиз?
– Ал сунушка макул болгондо Казакстанда таасирдүү адамдардан болмоктурмун. Бирок Кыргызстаныма кайтып келгениме эч өкүнбөйм. Колдон келишинче өз мекениме кызмат кылып жатам, бир сом тапсам да ал Кыргызстандыкы болууга тийиш. Анткени мен Кыргызстандын атуулумун.

– Бостеридеги 50 гектар жерди Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева ээлеп алган. Кийин ал Курманбек Бакиевдин жакындарынын колуна өткөн. Жерди жергиликтүү жаштарга кайтарып берүү аракетинин сап башында жүрдүңүз. Москвага чейин Акаевге жолугуу үчүн барып, уулу Айдар Акаев менен жолуккан экенсиз. Көктүк менен жерди толук болбосо да айыл өкмөтүнө кайтардыңар. Бул кыйын иш болдубу?
– Булар менен жалгыз күрөшүүгө болбойт экен. Өмүрүбүздү тобокелчиликке салып жүрүп алар тартып алган жердин жарымын араң кайтарып алдык. Акаеви да, Бакиеви да тамырлашып, коррупциялашып кетишиптир.

– Бир учурда досуңуз экөөлөп Бостеринин кулаганы калган айылдык клубун сатып алып, бизнес-ордо сала турган болгонсуңар. Ал максаттан эмнеге айныдыңар?
– Пайдубалынын ордуна таш тизилген эски клуб болчу. Азыр анын орду эле турат. Аукционго катышып, башкалар 300 миң сом берип жаткан имаратка 1 миллион сом берип сатып алганбыз. Эл деген эл экен, ар кандай сөздөр чыгат. Башында досум экөөбүз ал жерге чоң дүкөн куралы деп пландаштырганбыз. Анан эл арасынан сөз чыгып калгандан кийин өткөрүп берели деген ой келди. Досум менен кеңешип, клубду кайра айыл өкмөтүнө өткөрүп бердик. Аукциондо төлөнгөн акчаны да кайтарып алган жокмун. Атам «мен дүнүйө жыйнаган жокмун, бирок силерди жер каратпагандай жашап өттүм» дечү. Демек, менин уулум да мен үчүн кийин жер карабашы керек да.

– 2004-жылдан бери айылдык, анан райондук кеңештин депутаты болуп, коомдук иштерге кеңири аралашып келатасыз. Дайыма чырылдап чындык деп жүрөт деп жердештериңизден угабыз. Өзүңүздү мекенчилмин деп эсептейсизби, патриот адам кандай болушу керек?
– Патриот дегенди ар ким ар кандай түшүнөт. Айрымдар мекенчилмин деп кыйкырып чыгып жатышат. Аны мен өтө жөнөкөй эле түшүнөм. Патриотсуңбу? Биринчи өз үйүңдү оңдоп, арыгыңды бүтөбөй кошунаңа да суу баргандай кылып чаап кой. Үйүңдүн түбүндөгү карагайга шам чырак ил. Корооңдун алдын таза карма, кошунаңа үлгү бол. Эгер айылдагылардын баары ушул жөпжөнөкөй ишти такай жасаса, бир катар маселелер өзүнөн-өзү чечилет да. Көчөсү жарык, таза болот. Арыктарын суу жеп кетпейт.
Эгер ошондой эле патриот болсоң, өзүңдүн жүрүм-турумуң менен жаштарга өрнөк бол. Менимче, ким мекенчилмин десе, ал өз кесибин жакшы билип, тапшырылган милдетти так аткарышы керек, өзүнө да, мамлекетине да пайда келтириши зарыл. Мекенчилдиктин чечмелениши мына ушундай эң жөнөкөй.

– «Кыргыз деңизи» санаториясына директор болгонуңузга эки жыл болду. Жалаң чыгаша тартып келген мекеме 2012-жылдан тарта өзүн-өзү актап, кирешенин көлөмү эки эсеге чейин жогорулаптыр. 2013-жылы 139,4 миллион сом тапкан.Таза пайда 18 миллион сом болгон. 2014-жылы 137 миллион сом киреше алып, медициналык аппаратураларды жаңыртууга байланышкан чыгымдар көбөйүп, таза пайда 10 миллион сомду түзүп калган. Бюджетке берген салыктын көлөмү жогорулап 28,1 миллион сомго жеткен. Социалдык фондго чегерилген каражаттын көлөмү да жогорулаган. Натыйжада «Кыргыз деңизи» санаториясы салык төлөө боюнча республикада алдыңкы орунга чыкты. 1-июлда Кыргыз Республикасынын Салыкчылар күнүнүн урматына өткөрүлгөн салтанаттуу жыйында «Кыргыз деңизи» санаторийи «Эң мыкты салык төлөөчү» деп таанылып, атайын диплом менен сыйландыңыз. Ийгилигиңиздин сыры эмнеде?
– Мактанганга эрте. Эң башкы сыры – жетекчи жеп-ичпесе эле иш оңоло баштайт экен. Тендерлер таза өткөрүлө баштады. Азык-түлүктү товар өндүрүүчүлөрдүн өзүнөн түз сатып алып жатабыз. Келген-кеткендерди каттаган жерге үнү кошо жазыла турган видеоаппаратураларды орноттук. Эч нерсе көз жаздымда калбайт. Санаторийдин кызматкерлери да туура түшүнүп калышты. Анткени тапкан пайдабыз көбөйгөн сайын акырындык менен айлык акыны жогорулатып жатабыз. Ошентип кызыкчылык пайда болуп, таза иштегенге умтулуп калышты.
Айлана-тегереги гүлгө оронуп, ээн жерлерге көк шибер төшөдүк. 22 номер капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңы эмеректер коюлду. 25 жылдан бери алмашылбай келген медициналык аппараттар алынып келе баштады. Унутта калган күнөскана иштеп калды.
Аракетибиздин баары эс алуучулардын көңүлүн табуу, келген киши кийинкиде дагы бир нече кишини ала келгендей шарт түзүү үчүн жумшалууда. Туристтерди тартуунун дагы бир амалы – спортту өнүктүрүү. Эки футбол аянтчасын курдук. Эми баскетбол, волейбол аянтчаларын, чуркоо тилкесин курганы турабыз. Спорттун башка түрлөрүнө ылайык жайларды курсак, бизге келип машыккысы келген спортчулар кыйла көбөйөт эле.

– 2004-жылдан бери азбы-көппү саясий иштерге аралашып келатасыз, айылдык жана райондук кеңештин депутатысыз. Үй-бүлөңүздүн чакан бизнесинен түшкөн каражаттын бир бөлүгүн жардам катары берет экенсиз. Саясат айдыңында кандай максаттарыңыз бар?
– Саясий карьера – түпкү максатым эмес. Бир жерге күлүң додо болбой, ошол жерге эмгегиң сиңбей туруп башка мансапка жанталашпаш керек деп ойлойм. Мээнетиң адал болсо, дөөлөт өзү эле келет дешет эмеспи. Эл өзү баалайт, өзү түртөт. Саясатка кызыгам, «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деген принципти карманам.
Менин эмгегим кол алдымда иштеген 360 адамды канааттандырса, аймактагы элге кадырым өтсө, анда мен пайдалуу иш кылган болом да.

Чыгашадан башы чыкпай келген "Кыргыз деңизи" санаториясына директор болуп келип, аны кирешелүү мекемеге айланткан Узарбек Жылкыбаев "Эң мыкты салык төлөөчү" болуп таанылып, атайын диплом менен сыйланды.


Курманбек Рыспаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
miki87
2015-07-07 14:10:00
Ийгилик ишинизге.
0
karona
2015-07-08 13:11:24
Туптуура айтылган, ак эмгек менен алдыга жылуу кандай жакшы нерсе, ушундай адамдар Кыргызстанда кобойо берсин!
0
Drongo
2015-07-09 19:27:53
Мандайынан жылдызы тогулгон жакшы адам экени корунуп турат.Кыргыздардын жакшы келечеги учун жаралгандай.Бул агабыз окуган КазМУнун эл аралык мамилелер факультетинде мен да окугам.Бирок окунучтуусгу Кыргызстанда жумуш табылбай Россияда иштеп калдым.Узарбек байке,мындан бийик даражага,ийгиликке жетишинизге тилектешмин.Кыргызстандын жакшы келечеги учун.
0
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан