«ӨНҮГҮҮ» – «РОСАГРОМАШ» – «РОСТСЕЛЬМАШ»

Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдан бери айыл чарба тармагы аксагандан аксап, бул тармакта реформа кылам дегендер жылдар бою түптөлгөн байлыкты талатып-тонотуп жок кылышты. Эгерде бийлик башында тургандар туура айыл чарба саясатын жүргүзгөндө ушул убакка чейин өнүгүүгө даремети тоодой Кыргызстан агрардык өлкө болуп калыптанып калмак. Тилекке каршы, андай болгон жок.
Жалпыга маалым болгондой акыркы үч жылдан бери «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын айыл чарбаны колдоо максатында түзүлгөн программасынын алкагында өлкө аймагында 15 МТС ачылып, бул дыйкандарды «байлыктын баары жерде» деген түшүнүгүн жандандырды. Ал эле эмес жумушсуз калып, мигрант атка конгон мекендештерибизди айылга кайтарды. Бул да болсо жетишкендик деп баалоого татыйт.
Мындай жакшы жышаандан улам демилгенин авторун, Кыргызстанда эң көп айыл чарба техникасынын ээсин четтен ишкерлер издеп келип, кызматташууга кол сунуп жатышат.
Айта кетсек, буга чейин Бакыт Төрөбаев Орусиялык ишкер «Росагромаш» мекемесинин жетекчиси Евгений Корчевойдун демилгеси менен Бишкек шаарында жолугушкан болсо, көп узабай «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасын «Росагромаш» ассоциациясынын президенти Константин Бабкин Ростов-на-Дону шаарына чакырды. К.Бабкин агрардык саясатын колдогон «Партия Дела» партиясынын лидери. Эки партиянын максаты – өз эл-жеринде дыйканчылыкты жандандыруу аркылуу айыл жеринде жашаган жөнөкөй адамдардын жашоо деңгээлин көтөрүү. Мындан улам азыр дүйнөдө куру сөз сүйлөгөн саясатчылар сүрүлүп, жаңыча ойлонгон жана иштин көзүн билген саясатчылардын агымы келе жатат го деген ой келет.
Маалымат иретинде айта кетсек, дүйнөлүк рынокто беш алдыңкы компанияга кирген «Ростсельмаш» комбайн заводу айыл чарбасына керектүү техникаларды чыгарып, дүйнө жүзүндө 26 мамлекетке 17 багыттагы айыл чарба техникаларын сатышат. Кыргызстандын рыногуна буга чейин «Ростсельмаштан» бирден-экиден гана техника келсе, эми Бакыт Төрөбаев  Кыргызстанга 500 даана техника алып келгени турат. Алдыга коюлган максаттар көп созулбай, алгачкы төрт комбайн Кыргызстанга келип, азыр оруп-жыйноо башталган талааларда иштеп жатат.

“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев жана “Росагромаш” ассоциациясынын президенти Константин Бабкин.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nurik838383
2015-07-07 15:33:57
акчаны кайдан алат ушул киши н тулеев болуп кеттиго бул дагы
0
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан