Кыздар, силер деле жок дегенде бир жолу жасалма кирпик өстүрүп көрсөңөр керек. Мисалы, мага сулуулуктун мындай түрү жаккан эмес. Өзүмдүн табигый кирпиктеримдин түшүп калганы аз келгенсип, бул нерсени жасатуу үчүн дагы бир топ акча төлөйсүң. Кызыгы, дайыма эл көзүндө жүргөн айымдарды байкасак, дээрлик баары кирпик өстүрүп жүрүшөт, алардан бул тууралуу сурап көрдүк...
Асема Токтобекова, актриса: «ЭКИНЧИ ЖАСАЛМА КИРПИК ЖАСАТПАЙМ»
– Мындан 2 жыл мурун кирпик өстүрүп көргөм. Анда бул нерсе жаңы мода болуп баштаган эле. Норка деп коюшат, мен ошол норка кирпик жасатып 1000 сом төлөгөм. Ошондон кийин өзүмө кирпик өстүрбөйм деп сөз берип, андан көрө табигый кирпиктеримди жакшылап карайын деп чечкем. Жасалма кирпигим эки жума кармалып, андан кийин түшө баштаган. Өзү эле түшсө мейли го, ага кошулуп табигый кирпиктерим да түшүп калган. Кээде жасалма экенин унутуп, көзүңдү ушалап жиберсең бүттү, төгүлө баштайт. Мындан улам жасалма сулуулук табигый нерсеге татыбасын түшүндүм.
Сайкал Садыбакасова, ырчы: "ЖЫЛЫНА ЭКИ ЖОЛУ ӨСТҮРӨМ"
– Сахна адамдары дайыма эл көзүндө жүргөндүктөн, өзүнө карап сулуу болуп жүрүүсү зарыл деп эсептейм. Ушул максатта бир жылда эки жолу жасалма кирпик өстүрүп, бир жолку акысына 4000 сом төлөйм. «Керемет» кирпиктерим 2 айга чейин кармалат. Көп кыздар «табигый кирпиктерим түшүп калды» деп наалышат, менде андай болгон эмес. Себеби алгач сапатына жана жасап бере турган адамдын тажрыйбасына карайм. Болбосо кээ бир сулуулук салондорунда эптеп эле жасап коюшат. Жыйынтыгында сулуулук да жок, өзүңдүн кирпиктериң да түшүп калат. Жылына кирпик үчүн эле 8000 сом коротом.
Алиман Дуйшеналиева, актриса: «СУЛУУЛУК ӨЗ АКЫСЫН АЛАТ»
– Мен азыр жасалма 3D деген кирпиктин үч эсе коюу түрүнөн өстүрүп жүрөм. Негизи мындай жасалма сулуулукка чанда гана кайрылып, 2-3 жылда бир өстүрөм. Жасалма кирпиктер 2 айга чейин жетет. Аларды аябай кылдаттык менен карайм. 3D болгондуктан коркпой эле бетимди жууйм, бассейнге деле бара берем. Бирок дайыма кирпиктеримди аяп турам. Бирок алардын көпкө кармалуусу аларга чаптаган желимдин (клей) сапатынан көз каранды. Кирпиктер түшүп калат дегенге кошулбайм. Мисалга, менин майда, көзгө көрүнбөгөн эле кирпиктерим түшөт. Жасалма кирпиктердин жакшы жагы – аны өстүрүп алган соң такыр боёнбой жүрө берсең болот. Сулуулук баары бир өз акысын алат. 2 айлык жасалма сулуулук үчүн акча төлөп, өзүмдүн айрым кирпиктеримден айрылып жатканыма өкүнбөйм.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg