КЫРГЫЗ ШЫРДАК КӨӨНӨРБӨЙТ

28-29-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Кошой» стадионунда эл аралык «Кыргыз шырдагы V» жана «Кымыз» фестивалы болуп өттү. Фестивалга жети дубандын уздары катышып, жалпысынан 1,5 миңден ашык шырдак көргөзмөгө коюлду. Стадиондо боз үйлөр жана чатырлар тигилип, 500дөн ашык кол өнөрчүлөр менен уздардын буюмдарынын жарманкеси уюштурулду. Аны көрүүгө 3 миңден ашык райондун тургундары жана коноктору келишти.

ШЫРДАККА БОЛГОН МАМИЛЕ ӨЗГӨРДҮ
Кыргыздын күнүмдүк турмушта колдонгон кийиз буюмдары – бул улуттун көөнөрбөс мурасы. Көчмөндүк доордо ал боз үйдүн ичине көрк берсе, кийин отурукташкан заманда үйдүн ар бир бөлмөсүндө жерге салынып, төрдү көркүнө чыгарчу. Көз майын жеп, көп эмгекти талап кылган бул буюмга ак саамай апаларыбыз, эже-карындаштарыбыз жаратылыштан үйрөнгөн түрдүү түстөрдү, ата-бабаларыбыз таанып билген оюм-чийимдерди түшүрүү менен, ага терең ой-кыялды, аруу тилектерди батырган. Ошон үчүн ал барктуу, баалуу да эле. Анан калса, экологиялык жактан таптаза, бышыктыгы менен да айырмаланчу.
Кийин илим менен техника өнүккөн заманда баарыбыз даяр оокатка качырып, фабрикадан чыгарылган килем, шалчаларга басылдык. Ошентип кылымдар бою колдонулуп келе жаткан кыргыз шырдагы четке сүрүлүп, атүгүл эгемендик жылдары деле улуттук колдонмо өнөргө анчейин маани берилген жок.
Унутулуп бараткан кыргыз шырдагы менен ала кийизи 2012-жылы ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизилип, кыргыз шырдагына карата болгон мамиле түп тамырынан өзгөрдү.

«ПАРТИЯЛАР МЕНЕН ИШКЕРЛЕР УЛУТТУК МУРАСТАРГА КАЙДИГЕР ЭМЕС»
Ажаркүл Дүйшөналиева, Ат-Башы районунун акиминин орун басары: «Буга чейин кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча GTZ – Германия техникалык борбору иш жүргүзүп, райондо өткөн бардык иш-чараларды колдоп келген. Азыр болсо JIZ – Нарын облусунун экономикалык туруктуулугун өнүктүрүү программасынын алкагында Ат-Башы райондук администрациясы менен «Алтын чөйчөк уздары» ассоциациясы бүгүнкү фестивалды уюштуруп жатабыз. Саясий партиялар менен ишкер адамдарыбыз да демөөрчүлүк көрсөтүп, улуттук мурастарыбызга кайдигер эместигин билдиришүүдө»,- дейт.

Жылдыз Мусабекова

«АТ-БАШЫНЫН ШЫРДАКТАРЫ АНГЛИЯНЫН МУЗЕЙИНДЕ ИЛИНҮҮ»
Тоюнбүбү Аманова, «Алтын чөйчөк уздары» ассоциациясынын жетекчиси: «Ат-Башы району илгертен мал киндиктүү жер. Мал көп жерде жүн да мол болуп, ала кийиз, шырдакты биздин уздарыбыз көп жасашкан. Ошондуктан шырдактын мекени Ат-Башы деп айтылат. Алыстан караганда жергебиз кудум чөйчөккө окшош болгондуктан райондогу уздарыбыздын башын бириктирген уюмубуздун атын «Алтын чөйчөк уздары» деп атап алганбыз. Биздин катарыбызда 60-70 жыл шырдак шырып, кийиз жасаган атактуу уздарыбыз бар. Алсак, Жаңыл апабыз жасаган шырдак Англиянын борбордук музейинде илинүү. Мындай тажрыйбалуу уздарыбыздын өнөрүн үйрөнүп калуу үчүн биз ар дайым мастер-класстарды өткөрөбүз. Баса, бүгүнкү иш-чарага биз былтыркы фестивалдын жеңүүчүлөрүн мастер-класс өтүп бергиле деп чакырдык»,- деп айтты.

«СДПК УЛУТТУК МУРАСТАРДЫ КИЙИНКИ МУУНГА КАЛТЫРУУНУ КОЛДОЙТ»
Жылдыз Мусабекова, СДПК партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү: «Азыр бүткүл дүйнө этнографиялык дөөлөттөргө көңүл кушун буруп турган кези. Шырдак сыяктуу нукура табигый кол эмгегинен жаралган буюмдар жогору бааланууда. Ошондуктан ат-башылык, нарындык, дегеле бардык кыргызстандык уздар бүт дүйнөгө кыргыз элинин декоративдик-маданий өнөрүн таанытуу менен бирге жакшы пайда табууга жол ачылды. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, Кыргызстандын ар бир аймагына мүнөздүү болгон улуттук мурастарыбызды өркүндөтүп, аларды келечек муунга калтырууну биздин партия колдойт жана ушул багытта иш алып барууга башка партияларды, коомдук уюмдарды да чакырат»,- деп билдирди.

ЖЕҢИШКЕ ТАТЫГАН ШЫРДАКТАР МУЗЕЙЛЕРДЕН ОРУН АЛАТ
Фестивалга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.Ниязалиева, кыргыз өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов, район акимдери менен айыл өкмөттөрү, партия өкүлдөрү менен коомдук ишмерлер катышышты.
Фестиваль ыр-күү, театрдаштырылган оюн-зоок менен коштолуп, «Кыргыз шырдагы» сынагы боюнча 1-орунду 50 миң сомдук байгеси менен Бурулсун Бостоналиева, 2-орунду (40 миң сом) Зоя Бегимбаева, 3-орунду (30 миң сом) Айсалкын Сулайманова жеңип алышты.
Калыстар тобунун төрайымы Динара Чочунбаева 1-орунду алган шырдак Кыргыз Республикасынын Тарых музейине, 2-орунга ээ болгону Нарын шаарындагы облустук музейге, ал эми 3-байгени алганы Бишкектеги Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейине өткөрүлө турганын жарыя кылды.
Ал эми «Мурас» сынагы боюнча жакшы сакталган эски шырдак ээлери: Анипа Бектурганова биринчи, Нурия Жумабаева экинчи, Рысбү Мусаева үчүнчү орунга ээ болуп, 10 миң сомдон байгеге арзышты.
Улуттук тамак-аштарын жайнатып, «Кымыз» сынагына катышкан айылдардан: Талды-Суу – 1, Казыбек – 2, Ак-Муз – 3, Ак-Жар – 4, Ат-Башы – 5, Кара-Суу – 6 – орунга ээ болушту.

Шырдак – кабатталган кош кийизге түстү түр-оюм түшүрүлүп, шырылган кийиз.

Ала кийиз – түр-оюм түшүрүлүп, уютулуп жасалган кийиз. Илгери ак жана кара эле түс болгондуктан, ала кийиз же карала кийиз деп аталган. Кийин ата-бабаларыбыз шилби, карагат сыяктуу өсүмдүктөрдөн боёк жасап, кийизге түс бергенди да өздөштүрүшкөн.

Зарина Кемелова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан