Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" фракциясынын лидери: "КУМТӨР" ЭКОЛОГИЯЛЫК ГАНА ЭМЕС, УЛУТТУН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮНӨ БАЙЛАНЫШКАН САЯСИЙ МАСЕЛЕ"

Кыргыз Республикасы менен "Камеко" корпорациясынын 1992-жылдагы келишимине ылайык, Кумтөр кениндеги 715 тонна алтындын 300 тоннасын ачык жол менен, калган 400 тоннасын жер алдынан казып алуу каралган. Иш жүзүндө андай болгон жок.

ДАВЫДОВ МӨҢГҮСҮНҮН ЖАРЫМЫНАН КӨБҮ ТАЛКАЛАНДЫ
«Центерра Голд Инк» түзүлгөндөн кийин ошол кездеги жоопкерчиликсиздиктин натыйжасында алтынды келишимдегидей жер алдынан эмес, ачык казып, кенибиздин "каймагын" калпып алышкан. Эл аралык АМЕК компаниясынын 2013-жылкы эсеп-чотунда "Центерра Голд Инк" компаниясы иштеп жаткан 18 жылдан бери курчап турган чөйрөгө тийгизген кесепеттерин азайтуу жана таасир этүүсүнө тоскоолдук кылуу багытында эч кандай чара көрбөгөндүгүн белгилейт. Натыйжада мөңгүлөр карьерге көчүп түшкөн. Ушуну шылтоо кылып мөңгүлөрдү талкалоо менен "Центерра" Кыргызстанга экологиялык чоң зыян алып келген. Кыргыз адистери Давыдов мөңгүсүндөгү 720 миллион метр куб мөңгүнүн, 400 миллион метр кубу жоголгонун айтат. «Центерра» мындан аз санды көрсөтүп келет. Өкмөт 2012-жылкы эсеп-чотунда «80 миллион метр куб гана талкаланган» деп көрсөткөн. Бул кеминде 5 миллиард долларды түзөрүн ошол кезде Темир Сариев жетектеген өкмөттүк комиссия аныктаган. Бирок 2012-жылдан бери «Центерра» өзүнүн опурталдуу ишин токтотпостон ушул убакка чейин 125 миллион метр куб мөңгүнү жоготту. Экологиялык зыяндын баасы 7-8 миллиард долларды түзөт. Мөңгүнү талкалап казууга уруксат берсек, жалпы чыгым 50 миллиард доллардан ашып кетет.

«ЦЕНТЕРРАНЫ» 8 МИЛЛИАРД ДОЛЛАРГА ДООГО ЖЫКСА БОЛОТ
«Центерра» жер алдына кирип иштөөдөн баш тартып келет. Буга чейин жасаган кылмыштарын жабуу максатында биргелешкен ишкана түзүүнү сунушташкан. Анда «Центерранын» жетекчилери «ушул кезге чейинки жасаган кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартпайсыңар», «экологиялык доодон баш тартасыңар» деген эки талап коюп, «ошондо биз силер менен 50-50 пайыздык үлүш форматындагы ишкана түзөбүз» дешкен. Бул Кыргызстанга жарабайт эле. «Биз миллиарддаган долларлардан баш тарта албайбыз. "Ата Мекен" партиясы «Кыргызстандын аймагында жайгашкан баасы болгону 1 миллиард доллар турган "Кумтор оперейтинг голд компани" комбинатын, «Центерраны» экологиялык доого жыгуу аркылуу улутташтырып алалы» деп билдирди. Анткени экологиялык чыгым 8 миллиард долларды түзөт. Тилекке каршы, өкмөт 2010-жылдан бери мөңгүгө келтирилген зыянды эсептөөчү усулду атайлап иштеп чыкпай, «Центерранын» жетекчилигине келтирген экологиялык зыян үчүн кылмыш ишин козгобой жатат. Парламент "Ата Мекен" партиясынын Кумтөрдү жарга такаган мыйзамдарын кабыл албай келет. Саботаж кылуу боюнча мыйзам ошондой мыйзамдардын бири. «Өндүрүштү токтотуп коём!» деп Кыргызстандын ишканасында опуза кылган жетекчи кылмышкер катары камалат деген жагдай ушул мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн. Аны былтыр июнь айында парламент кабыл албай койду. Ошол эле жылдын август айында "Центерранын" жетекчилиги "Мөңгүнү талкалаганга уруксат бербесеңер, ишти токтотобуз!» деп жарыялады. Быйыл "Суу Кодексине" өзгөртүү киргизип, мөңгүнү талкалаганга уруксат бергиле» деп кайрылды. "Ата Мекен" буга дагы каршы чыкты. Мындай мыйзамдын кабыл алынышы «Центерранын» жетекчилигин буга чейин жасаган бардык кылмыштарынан бошотот. Экологиябызга келтирген 7-8 миллиард долларлык дообуз алынбай калат. Ошондой эле мөңгүлөрүбүздү эч тоскоолдуксуз каалагандай талкалоого уруксат берген болобуз!- деп билдирди Өмүрбек Текебаев.

«КУДАЙ БЕРДИ!»
Өкмөт «Центерра» менен соттошсок, 2-3 миллиард долларга утулабыз» деп келет жана 5 жылдан бери чара көрбөйт. «Мөңгү – бүтүн адамзаттын байлыгы! Жашоонун булагы!» деген "Ата Мекен" партиясы мөңгүлөрдү талкалоого каармандарча каршы экендигин такай билдирет. «Биз чет элдик компаниянын диктатына баш ийбешибиз керек. Бул экологиялык гана эмес, эгемендүүлүгүбүзгө байланышкан саясий маселе! Бул улуттун кадыр-баркына, намысына байланышкан ар-намыстын маселеси! «Ата Мекен» партиясы намыс үчүн, кыргыз эли үчүн аягына чейин бекем турат! Мындай учурларды кыргызда «Кудай берди!» деп коёт. Экологиялык доого жыгуу менен «Центерраны» чөгөлөтүп, «Кумтор оперейтинг голд компани» комбинатын доонун эсебинен бекер алып коюуга шарт түзүлүп жатат. Ушундай мүмкүнчүлүктөн баш тартып жатса, «Кыргыз өкмөтү кыргыз элине каршы саясат жүргүзүп жатат!» деп ачык эле айтсак болот»,- деди партия лидери Өмүрбек Текебаев.

Кудайберген Жумабаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
admin_media
2015-07-06 13:15:45
Gulzat86,
Кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз! Эскертүү!
0
jaazira13
2015-07-13 17:03:47
"«ЦЕНТЕРРАНЫ» 8 МИЛЛИАРД ДОЛЛАРГА ДООГО ЖЫКСА БОЛОТ"
эми мындай создор карапайым элге эле жагат. билген адамдар мурдун да буруп койбойт
0
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан