ЧАРПАЯ ЖАСА ДА, ЧАЛКАЛАП ЖАТ

Мээ куйкалаган аптапта көчөдө жөө баратсаң күнөстүү чарпая (тапчан, сөөрү) көздөн учат. «Эх, чарпаяда чалкалап жатсаң...» деген кыялдарга чөмүлүп жолуңду
андан ары улайсың. Өзгөчө жай мезгилинде өзүнүн «ак кызматын» өтөп, актуалдуулугу жогорулаган чарпая тууралуу маалымат бере кетели.

ЧАРПАЯГА АЯЛДАР ЖАНА КУЛДАР ОТУРУУГА ТЫЮУ САЛЫНГАН
Мээлүүн жерди «мекендеген» чарпаянын жаралуу тарыхы тууралуу так маалымат жок. Айрым булактарда «Чарпая Орто Азияда пайда болгон» деп айтылат. Ал эми кээ бир булактарда «алгач Араб өлкөлөрүндө колдонулган. Чарпаяга үйдүн кожоюну сыйлуу конокторду гана отургузуп, чай үстүндө баарлашкан. Аялдар менен кулдарга чарпаяга отурууга катуу тыюу салынган» деп айтылат. Чыгыш өлкөлөрүндө кеңири таралган (ред. учурда чарпая Европа өлкөлөрүндө да модага айлана баштады) бул «чоң керебет» бүгүнкү күндө салкында уктоочу жана ошол эле убакта тамактануучу жай катары колдонулат. Ар ким өз алдынча каалагандай жасап алууга болот. Чарпая жыгачтан жана темирден жасалат. Бүгүнкү күндө атайын жыгач же темир усталарга чарпаяны кооздотуп жасаткандардын саны арбыды.

«ЧАРПАЯНЫН ЖЫГАЧЫНЫН КАЛЫҢДЫГЫ ЧӨНТӨККӨ ЖАРАША»
Биз чарпая жасаган усталар менен жолугуп, бүгүнкү «каарманыбыз» тууралуу кенен билгибиз келди. Усталык менен алектенген Талант Кудакеев чарпая тууралуу буларга токтолду:
-8 жылдан бери жыгачтан эшик-терезе, чарпая жасап иштеп үй-бүлөмдү багам. Атайын билимим деле жок, шык бар экен, элден көрүп жыгачтан ар нерсени жасап жүрөм. Чарпаяны кардарлар көбүнчө жазга жуук жасата башташат. Алардын каалоосуна жараша ар кандай жасап беребиз. Кээ бир кардарлар 1ди, айрымдар дароо 5ти жасатып кетишет. Көп жасаткандар кафеге алышат. Бирок кафеге караганда үйүнө жасаткандар көп. Чөнтөгү калыңдар оймо-чиймеси көп, калыңыраак жыгачтан,чөнтөгү жукалар жука жыгачтан жасатышат. Кээ бирлер чарпаяны үстүндө чатыры бары менен жасатышат. Көбүнчө Орусияда өскөн кызыл карагайдын жыгачтарынан жасайбыз. Себеби кызыл карагайдын жыгачы жумшак болгондуктан жумушу жеңил. Баалары көлөмүнө жараша 25 миң сомдон 70 миң сомго чейин. Мындан тышкары жаңгак, эмен, кара жыгачтардан да жасалат. Алардын жыгачы катуу болгондуктан жумушу оор, баалары да кымбатыраак болуп калат. Мисалы, кара жыгачтан жасалган чарпаянын баасы 3-4 миң долларга чейин жетет. Жаңгак менен жасаткандар аз, 2 жылда бирөө заказ бериши мүмкүн. Баасы 70 миң сомдун тегереги. Кызыл карагайдын жыгачы 15 күндө кургаса, кара жыгачтыкы 2 айда араң кургайт. Сапаты жагынан кара жыгачтан жасалгандар жакшы. Кызыл карагайдын жыгачы жумшак да, шиш така менен басса изи түшүп калат, ал эми кара жыгачка из түшпөйт. 6 чарчы метр көлөмдөгү чарпаяны жасоого 1 куб жыгач кетет. Кызыл карагайдын жыгачынын кубу 15 миң сом болсо, кара жыгач 30 миң сом болот. Биз жыгачтарды көлөмүнө жараша цехтен кесебиз, анан жылмалап, ар түрдүү формада жасап, оймо-чийме түшүрүп, андан соң сыртын лак менен сырдайбыз.

«ТЕМИР ЧАРПАЯ КӨПКӨ ЧЫДАЙТ»
Андан соң темирден чарпая жасаган УЛАН СЕЙДАКМАТОВ МЕНЕН баарлаштык:
-Өзүм ширетүүчүмүн. Темир менен ар кандай буюмдарды жасап иштегениме 10 жылдай болду. Негизи чөнтөгү жукалар үчүн чарпаяны темирден жасаткан оң. Мисалы, темирдин баасына жараша бир чарпая 6 миң сомдон өйдө (полу жок). Темирди деле кооздосо болот, бирок ошого жараша баасы да 18 миң сомго чейин көтөрүлөт. Кээ бирөө «бекем кылып темирлерин ширетип салыңыз» десе, көпчүлүгү «кышында ажыратып, жыйнап койгудай кылып бериңиз» дешет. Полун жыгач менен жасайт. Ага 3 миң сом кетет. Эгер үстү жабыла турган болсо, чатырына 4 миң сомдой жумшалат. Кардарлар май айынан август айына чейин көп эле жасатышат. 1 топчан 3 күндө даярдалып бүтөт. Темир чарпаянын жыгач чарпаядан айырмасы – бекемдигинде. Жыгач чарпаялардын көбү толук кургай элек жыгачтан жасалып калат же сууда туруп калса көөп сырлары кетип, жыгачтарынан жарака кете баштайт. Жакшы сакталбаса жыгач чарпая 5 жылдай, эң жакшы дегенде 15 жылдай гана чыдайт. Темир болсо суу болобу, ысык болобу ошол бойдон 50 жылга чейин тура берет. Кааласа кышкысын көөп кетпеши үчүн полун алып, жыйнап койсо болот.
Мына окурман, жайдын ысыгына чыдабай баратсаңыз, чөнтөгүңүздө пулуңуз болсо, анда чарпая жасатууга ашыгыңыз. Эгерде өзүңүздүн шыгыңыз болсо, эң жакшысы акча коротуп отурбай өзүңүз каалагандай жасап алганыңыз оң.

Асхат Субанбеков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Birimdik5555
2015-07-07 01:27:58
Оа бизде сору дейт чарпая,топчан деп китептен окугам,ошон учун китепти коп окуш керек
0
Samina007
2015-07-07 02:38:16
шатападаа сөөрүдөө жатсаң аа мазза кылыып,өрүктүн тагидаа
-3
kanu
2015-07-07 16:18:09
Samina007,насвайдан ташап алыыып пы
-2
Umnitsa
2015-07-07 23:37:39
Samina007, шапата емеспии
+1
Erniet
2015-07-07 15:53:36
Samina007 ана шону айтсан
0
Holerik10
2015-07-07 17:04:44
Шабада даааа десен)))тагина салкын кылыш учун кичине чункурурак кылып жайда суу толтуруп койсон раса салкын да )))
+1
China1987
2015-07-07 21:14:05
Тапчан ал орус тилинде
0
ZAIYR
2015-07-08 11:39:09
Мен кадимки керебетке окшотуп (чонураак) кылып жасап, анан жузумдун астына коюуп койгом, ух сонунда салкын жузум бышып ийилип турат.)
0
elif
2015-07-09 07:26:17
Men da jakshi korom sorudo oturup chay ichkendi je uktagandi,janina chirmook egip koyso je juzum egip koyso koloko bolup turat jon gana perde tartip koyso da bolot
0
mamaidingory
2015-07-09 08:27:07
кичинемде сигарет Чегем деп уйдогулордон уруш уккам ошондо Эми урайын дегенде сорудо элем секирип качкам уйдо болгондон кармалып калмакмын ошон учун качканга да оной болот жакшы жагы коп
+2
Muzik
2015-07-09 12:30:28
Калават )))
+1
gulirou
2015-07-09 15:43:56
баары эле тапчан дейт,чуйлукотр эле эмес
0
abdykadyrova
2015-07-10 12:58:29
Таласта дагы тапчан дейт... Чарпая дегенби биринчи жолу угуп жатам!!!
0
atiram
2015-07-10 16:47:14
Кайдан чыкканын билбейм,биз чарпая дейбиз
0
ilyaz14
2015-07-11 10:05:42
Секи деп дагы айтат Таласта
0
Kroxa
2015-07-12 03:11:32
Беседка дейт го көлдө
0
Azim.00kg
2015-07-12 09:34:47
Бизде Жалал Абад Аксыда Тапчан дейт. Жайында уйдун ысыгынан арылыш учун Эшикте тапчанда жатышат.
0
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан