"ИЗ КАЛТЫР БУЛ ДҮЙНӨГӨ..."(ырдын тарыхы)

Из калтыр бул дүйнөгө,
Ирмемдей өмүр кыска,
Ысмыңды айтып урпак,
Иштериң болсун нуска... " Таамай, таасын айтылган бул ыр саптары азыр дагы угумдуу, жугумдуу. «Из калтыр бул дүйнөгө» аталышындагы ырдын сөзүн Кубанычбек Бакиев жаратса, обону Эркин Каимовго таандык.

Кубанычбек Бакиев: «ПАРА АЛГАНЫМ ЭСИМДЕ»
Ырдын сөзүн жазган КУБАНЫЧБЕК БАКИЕВ КЕҢСЕБИЗГЕ келгенде эле алгачкы суроом «Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тууганы болосузбу?» деген собол болду. «Жок, фамилияларыбыз окшош" деген мырза ырдын жаралышы тууралуу мындай дейт:

– Ырдын жаралуу тарыхына келсем, аталышы айтып тургандай мазмунунда «Өлүм-өмүр, жакшылык менен жамандык дайыма эриш-аркак жүрөт, бирок сен кыска жашоодо колуңдан келишинче жакшылык кылууга умтул, артыңда из калтырууга аракеттен» деген философиялык улуу ойлор жатат. Бул ыр менин укук коргоо органдарындагы көп жылдык кызматтык тажрыйбамдын, турмуштук байкоолорумдун натыйжасында жаралган чыгарма.
1979-жыл. Ош облусунун Кара-Суу райондук прокуратурасында ага тергөөчүмүн. Эмгек өргүүсүнөн келсем райондун прокурору Өмүрбек Өмүралиевич: «Кубанычбек, жакында бир баланы уурулугу үчүн камоого санкция бердим эле, күмөнсүнүп жатам, ишти өзүң алып карап чыкчы»,- деди. Эки жума тергегенден кийин чынында эле камалган баланын (ысымы Тургунаалы эле) күнөөсүнүн жоктугу, уурулук кылган адам башка экени далилденди. Камактан чыкканда Тургунаалы шолоктоп ыйлап, «адилеттик жок десем бар турбайбы, жанымда бир тыйыным жок, сизди ресторанга киргизип сыйлап койсом жакшы болбойт беле?» деди. Мен «адамдын адамдыгы акча менен бааланбайт. Сен жашсың, эми жаман жолго түшпө» деп жөнөтүп, ал окуяны унутуп деле калгам. Болжол менен эки-үч ай өтсө керек, жумушта отурсам, 70терге барып калган эне мени издеп келиптир. «Кубанычбек, мен сен тергеп коё берген Тургунаалынын чоң энесимин. Ата-энеси жаштайында каза болуп калган, жалгыз бала. Сени оозунан түшүрбөй уктаса да, турса да айта бергенинен атайын келдим. Жөн келген жокмун, көп жылдардан бери чогултканым бар эле. Ошону сага берейин деп ала келдим. «Албайм!» деп айтарыңды билип турам, эчкинин өмүрүндөй жашым калды, энеңдин шагын сындырба. Ушул актыгыңдан, адилеттигиңден жазба. Чын көңүлдөн чыгарып берген сыйлыгымды таберик катары алып кал» деп колундагы түйүнчөгүн чечип, стол үстүнө шыгыраган сары 3 тыйындыктарды жайнатып салды. Эсептесем туура 200 даана (ал кезде 6 рубль) экен. Эненин шагын сындырбайын деп сейфиме салып, кайра таксисттин колуна 5 рубль карматып, «энени үйүнө жеткизип кой» деп табыштадым. Мына ушинтип пара алганым эсимде. Ушул өңдүү окуялар ырдын жаралышына түрткү болгон десем туура болот.

Эркин Каимов: «ЭКӨӨҢӨР ТЕҢ ЭЛЕ ЫРДАЙ БЕРБЕЙТ БЕЛЕҢЕР ДЕДИМ»
Ырдын обонун жараткан Эркин Каимовду көпчүлүк Улуттук 1-каналдагы «Ала-Тоо» маалымат программасынын алып баруучусу катары таанып келишет. Бирок учурда «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматынын жетекчиси.
– Бул ырды алгач Кутман Жолдошев сахнага ырдап чыккан. Аны Кыргызбай Осмонов угуп жактырып калып, «туура көрсөң мындан ары мен ырдайын, мага жагып калды» деп өтүнүптүр. Кутман «сизге жагып калса мейли» деп макулдугун бериптир. Кыргызбай байке өзү аранжировкасын жасатып, Сагын Ниязалиева эжекебизге клип тарттырган эле. Мен «экөөңөр тең эле ырдай бербейт белеңер?» десем, Кутман Жолдошев «Кыргызбай байкени өтө сыйлайм, ал киши ырдап чыккан күндөн баштап, мен ал ырды ырдаганымды токтоттум» деген эле. Алардан башка Эрмек Мойдунов, Айчүрөк Султанова да ырдап жүрүшөт.
Эми жаралуу тарыхына келсек, бир жолу «Ала-Тоо» маалымат программасында иштеп жүрүп, командировкага Жалал-Абад облусуна бардым. Ошол жердегилер "Кубанычбек Бакиев деген прокурордо жакшы тексттер бар" деп калышты. Ошол кезде ал киши Жалал-Абад облусунун прокурору экен. Кабинетине кирип таанышып, анан "ырларыңызды көрсөтсөңүз, жакса обон чыгарайын" деп суранып калдым. Ал киши бери карап келген элди кабыл алып, ары карап ыр жаза берет экен. Ырды окуй баштаганда эле жактырып калдым. "Ушуну бериңиз" десем, баракка чыгарып берди. Ошентип обон жаралды. Жакшы ыр обон жаралганына канча жыл өтсө деле жашай берет демекчимин.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
airada
2015-07-06 16:08:03
Мен дагы угуп таасирленгенмин. Мааниси терен жакшы ырлардан.
+1
sakibaev
2015-07-06 17:54:45
Супер инфо ырдын текстин кайдан тапсам болот
0
matY
2015-07-07 14:27:46
Izdeim_seni.
2015-07-07 07:15:45
Бул ыр "улуу урматтуу" курманбек бакиевке тиешелуу деп атышчы эленер го.
0
Ajar.
2015-07-10 18:50:35
Эркин Каимовду көпчүлүк Улуттук 1-каналдагы «Ала-Тоо»......

Бизде улуттук канал барбы, коомдук беле?
-1
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан