2010-ЖЫЛЫ БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

Астро-пыр-алла!

Бир калыптагы жашоону унутуңуз!
2010-жолборс жылы стабилдүү­лүк менен тынч жашоого убада бербейт. Бир калыптагы жана түшүмдүү уй жылынан кийин табият кырсыктары менен согуштук чыр-чатактардын тилкеси башталып, кооптуу кадамдарга баруу күтүлөт. Дүйнөлүк коомдо харизмалуу жаңы лидерлер пайда болот. Чечкиндүүлүк, өзүнө-өзү ишенүүчүлүк, даңкты сүйүүчүлүк сыяктуу сапаттар алдыга чыгат.

Сүйүү менен акыйкаттыктын жылы
14-февралдан тартып Жер жыл аягына чейин Венера менен Юпитер планетасынын таасиринин алдында болмокчу. Венера – сүйүүнүн, ал эми Юпитер – акыйкаттыктын символу болгондуктан, бул жылы үй-бүлө күтүүгө камынгандар жана акыйкат чечимди күткөндөр үчүн ийгиликтүү жыл болуп эсептелет.
Ошондой эле юриспруденцияга, саясатка, гуманитардык жана табигый илимдерге, театр менен сүрөт искусствосуна тиешеси барларга да ийгилик тилкеси ачылат.

Бардыгы күтүүсүз өнүгөт
Жолборс жылында бардык процесстер күтүүсүз жана өтө тездик менен өнүгө тургандыгын эске алып, кыраакы болуу зарыл. Тактап айтканда, каражатты акыл-эстүүлүк менен жумшап, алдамчыларга ишенбөө, кызыктуу окуяларды издебөө, арзыбаган маселе үчүн чыр чыгарбоо керек.

Жолборс кимдерди өзгөчө колдойт?
Бул жылы ийгиликтерге маарычуларга кой, жылкы, ит, жолборс, уй, балык жылында төрөлгөндөр кирет.
Тоскоолдуктарга коён, тоок, маймыл жылында төрөлгөндөр көп туш болушат.
Калгандарын орточо кыйынчылыктар жана ийгиликтер күтөт.

Кимдерге кыйынчылык күтүлөт?
Жеңил жана кагаз өнөр жайларынын, басмаканалардын жана эмерек чыгаруу, сатуу менен алектенген ишканалардын бир топ оор сыноолорго кабылышы күтүлүүдө.


КЫРГЫЗСТАНДА КАНДАЙ ОКУЯЛАР БОЛУП ӨТӨТ?

“Келерки 2010-жылы бизди эмнелер күтөт?” деген суроого жооп издеп Бишкектеги көзү ачыктар менен төлгөчүлөргө кайрылган элек.

Тубаса көзү ачык Майрамкан Жетишикова:

Кыйын кырдаалдар, кырсыктар... Кыштын ор­то­сунда жана жайдын акырында бизди кыйын кырдаал күтүүдө. Бул аралыкта каржы жана экономикалык каатчылык (биринчи орунда банктарга тиешелүү) курчушу мүмкүн.

  • Февралдын алгачкы 10 күнүнүн ичинде жана 20-30-августтун аралыгында кооптуу деп эсептелген аймактарда жер силкиниши мүмкүн. Ал аймактар: Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен жерлери; Кыргызстандын Казакстан менен чектешкен аймагы; Ысык-Көлдүн чыгыш аймагы.
  • Июнь айынын акыркы күндөрүн­дө темир жол, аба жана автомобиль жолдорунда кырсыктардын болушу мүмкүн. Ошондой эле өрттүн, жер титирөө менен суу каптоолордун, жер көчкүлөрдүн болушу ыктымал.

Ден соолук. Жолборс жылында өт, боор, жүрөк-кан тамыр, омуртка, өпкө, ичеги-карын, тери, муун оорулары күчөшү мүмкүн.
Түшүм. Дан өсүмдүктөрүнүн (анын ичинде буудайдын) жана картошка, коон-дарбыздын түшүмү жакшы болот. Жемиштер үшүккө кабыла тургандыктан, түшүмү орточо болот.
Аба ырайы. 2010-жылдын январынан тартып күн суук болуп, февралдын ортосуна чейин кардын көп жаашы күтүлөт. Андан ары күн аздан жылып, кар сейрек жаайт. Жаз 2 апта кеч келип, жылуу, бирок жаан-чачындуу болот. Үшүктүн жүрүшү күтүлөт. Жай ысык, анан экинчи жарымы кургакчыл болуп, суунун тартыштыгы жаралат. Күз кыска болуп, кийинки кыш эрте түшөт.
Экономика. Өнөр жайларда 30 пайыздай өнүгүү болот. Сырттан инвесторлор келип, энергетика тармагы алга жылат.
Саясат. Октябрь-ноябрь айларында саясатта бийлик талашуулардан улам кагылышуулар чыгат. Бул 4-5 чиновниктин өмүрүнө коркунуч апкелет. Парламент таркап, кайра шайлоо болушу мүмкүн. Саясатка 2-3 жаңы лидер келет. Оппозиция митингдерди уюштурушу мүмкүн. Күздө оппозициянын 2 лидеринин өмүрү коркунучка кептелет.
Жана да... Тамак-аш кымбаттайт. Диндик кагылышуулар болбойт. Эл аралык маанидеги темир жол курула башташы мүмкүн.

Көзү ачык Дилдара Буларкиева:
Аба ырайы. Январдын ортосунан тартып февралдын жарымына чейин күн суук болуп, кар калың жаайт. Жаз убагында келет жана жаанчыл болот. Үшүк жүрөт. Жайдын ысык, анан кургакчыл болушу күтүлүүдө. Күз кыска болуп, кыш эрте түшөт.
Кырсыктар... Чүйдө, Алайда, Баткенде 6-7 баллдык жер титирөөлөр болушу мүмкүн. Калган аймактарда майда жер титирөөлөр (3-4 баллдык) болуп өтөт. Кыш мезгилинде Чаткал, Нарын, Таласта кар көчкүлөрдүн болушу күтүлүүдө. Майда суу каптоолор Таласта жана түштүк аймагыбызда болушу ыктымал.
Саясат. Саясий куугунтуктоолор болот. Учурда 7 кишинин артында аңдуу бар. Мындан тышкары жыл ичинде 5 адамдын (алар саясий ишмерлер, экөө оппозициячы) өмүрүнө коркунуч туулат. Парламент тарап, ордуна жаңы депутаттар келет. Оппозиция биригип, чогуу иш алпарат. Саясатка криминал аралашып, кан төгүүлөр болуп кетиши ыктымал. Диндик башкаруу мекемелеринде орун талашуулар, орун алмашуулар жүрөт. Жазында жана жайында оппозициячылар митингдерди өткөрөт. Бул элдин бийликке нааразылыгынан жана бийликте орун талашуулардан улам болот.
Ден соолук. Жүрөк-кан тамыр, нерв оорулары көбөйөт.
Мындан тышкары... Ички-тышкы миграция күчөйт. Шаардан айылды көздөй көчкөндөр көп болот. Сырттан инвесторлор келет, андыктан өнөр жайларда өсүү күтүлөт. Жазда тамак-аш кымбаттайт. Түштүктө күкүрт кени ачылышы мүмкүн.

Элдик дарыгер жана төлгөчү Жакыпбек кызы Майрам:
Аба ырайы. Февралдын онунан тартып марттын онуна чейин кар көп жаап, күн суук болот. Жаз учурунда келет, бирок жаанчыл болушу күтүлүүдө. Эки ирет катуу шамал болуп, андан турак-жайларга коркунуч келет. Жай ысык, анан кургакчыл, ал эми күз кыска болуп, кыш эрте түшөт.
Түшүм. Дан өсүмдүктөрү менен жашылчалардын түшүмү жакшы, ал эми жемиштердин түшүмү аз болот.
Ден соолук. Ичеги-карын, богок, жүрөк-кан тамыр, аллергия оорулары көбөйөт.
Саясат. Парламент таркап, ордуна жаңы депутаттар келиши мүмкүн. Саясатка бир жаңы лидер келип, жаңы өзгөрүүлөрдү киргизет. Чиновниктердин ичинен бирөөнүн өмүрүнө коркунуч туулат. Оппозициячылар 3 ирет митинг уюштурушу мүмкүн.
Кырсыктар... Жайында Кыргызстандын Өзбекстанга чектеш аймагында темир жол кырсыгы болушу мүмкүн. "Манас" аба базасында жана Кыргызстандын Чүй аймагында жайгашкан бир аскерий бөлүктө тополоң болушу ыктымал. Түштүктө жана Казакстан менен чектеш аймактарыбызда 3-4 баллдык жер титирөөлөр күтүлүүдө. Кар көчкүлөр Нарында, Алайда болушу мүмкүн. Жаз айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында анчалык коркунучтуу эмес жер көчкүлөр, суу каптоолор аздан болушу ыктымал.
Жана да... Чаткалда алтын кени ачылышы мүмкүн.
Бишкек шаары үчүн сырттан автобустар алынып келинет.


ДҮЙНӨДӨ КҮТҮЛҮҮЧҮ ОКУЯЛАР

Белгилүү астролог Павел Глоба менен Орус астрология мектебинин президенти Александр Зараевдин 2010-жылы дүйнөдө боло турган окуяларга карата божомолдору.

Кризис тууралуу. Дүйнөдө каржы каатчылыгы 2010-жылы ооздукталат. Күздө позитивдүү радикалдуу өзгөрүүлөр башталат. Өзгөрүүлөрдүн гүлдөө мезгили жаңы геосаясаттык доордун башталышы болуп калат.
Орусия тууралуу. Орусияда 6-10-март аралыгында бийлик чиновниктеринин арасында орун алмашуулардын болушу жана бир нече ири лидерлердин отставкага кетүүсү мүмкүн.
Согуш тууралуу. Жайында Жакынкы Чыгышта Израилдин катышуусу менен 3 жылга созула турган согуштук чыр-чатактар башталат. Грузия менен Ооганстанда саясий бийликтин кризиси жүрөт. Улуу көзү ачык Ванганын айтып кеткендерине көңүл бурсак, 2010-жылы ноябрда ядролук жана химиялык курал колдонулуучу 3-дүйнөлүк согуш башталат. Ал 2014-жылга чейин созулат. Ванганын божомолун Нострадамустун жазгандарын чечмелегендер да тастыкташат. Алар олуянын 2010-жылга карата алдын ала айткан текстинен "адамзатты кутурган шайтандын мезгили күтүп турат" дегенди таап чыгышкан.
АКШ тууралуу. АКШнын каржы жана Федералдык резервдер системаларынын ишинде ири реформалар күтүлөт. НАТО Чыгышты өз кучагына алуусун улантат.
Америкалык ПРО (ракетага каршы коргонуу) системасы өсүүгө жаңы түрткү алат. Андыктан маанилүү эмес саясий чечим кабыл алгандыгы үчүн 2010-жылдын жарымында АКШнын президенти Барак Обаманын популярдуулугу төмөндөйт.
Доллар тууралуу. Доллардын курсу февраль, март, июль, август айларында өсүшү мүмкүн.
Украина тууралуу. Шайлоодо мыйзам бузуулар жана чыр-чатактардын болуусу күтүлөт. Шайлоонун жыйынтыгы күтүүсүз болуп чыгып, сотко арыздар жолдонот. Саясий жана соттук чечимдер 22-март менен 8-апрелдин аралыгында кабыл алынат.
Бийликке авторитардык лидер келет.

Ошондой эле...

  • 3-8-апрель аралыгында эл аралык чыр-чатактар курчуйт.
  • Августтун 2-3-декадасында стихиялык кырсыктардын (жер титирөө, суу каптоо, жер көчкүлөр ж.б.) болуу коркунучу жогору. Ири согуштук чыр-чатактар, түп тамырынан бери өзгөрүүлөр, эл аралык терроризмдин активдешүүсү, өлкөлөр арасындагы мамилелердин курчушу күтүлөт. Эл аралык мамилелердин стабилдүү болбошу экономиканын бир орунда туруп калышына жеткирет. Элдик толкундоолор, иш таштоолор күтүлөт.
  • Сентябрда гана дүйнөдө саясий тынчтык орноп, декабрда экономиканын гүлдөшү жана кайра куруулардын жүрүшү башталат.
  • Саясатта прогрессивдүү жаңы лидерлер пайда болот.
  • Болжолдорго караганда, дүйнө элинин саны 7 миллиардга жетет.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
juskam
2010-01-06 09:24:05
Ой тообо, Кудайдан коркпойсунарбы!?
0
Robingud
2010-01-08 22:11:18
Baykap kosonor baary ele mumkun,mumkun dep okwotup koyuwkanyn.Adam balasy tuyulduk bolup jaralganda ele bewenesine emne bolorun jazip koygon.kozu a4iktar ani kaydan bilmek.KUDAYDAN korkkula!!!
0
guzalya
2010-01-10 16:06:38
козу ачыктар - корго барсынчы......
0
Айдош
2010-01-10 17:24:14
Ар ким ар кайсыны эле суйлой берет! Эртенки кунду 1 Кудайдан башка эч ким билбейт!
0
Асанбеков
2010-01-11 16:20:13
Эээээээх "А"-дейсинер "Б"-дейсинер баарибир эмне болорун билбейсинер.
0
maxa
2010-01-27 16:38:07
Кудайдын айтканы болот.
0
artelow
2010-01-28 20:04:59
оозунарга келгенди отобогулачы, сураныч. Бешенеге жазганды коро жатарбыз.
0
Баххха
2010-02-12 19:39:49
ne degen sumduk
0
Баххха
2010-02-12 19:40:14
serr
0
honestbek
2010-03-04 17:38:01
Baaaaryn jaratkan ALLAH bilet!!!
0
0777
2011-01-11 21:47:26
birok tuugandar 2010 kuttum uwular aytkandayele boldugoo
0
№ 374, 1-7-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан