ЖУБАЙЛАРДА ЖАШ АЙЫРМА КАНЧА БОЛУШУ КЕРЕК?

«Кайгыга салдың агаңды картайган кезде жолугуп»деп Раймалы сыздагандай, коомчулукта жубайлар ортосундагы жаш айырмачылык кызуу талкууга алынып келет. Күйөөсү улуу болсо да эч нерсе эмес, аялы улуу болуп калса, талкуунун таш майданында калды дей бериңиз. Жаш айырмачылык жубайлардын жашоосуна кандай таасир берери тууралуу «Paradise Sun» психологиялык жардам берүү борборунун психологу Айзада Танаева жооп берет.

ТЕҢ ЖЕ БЕШ ЖАШКА ЧЕЙИНКИ АЙЫРМАЧЫЛЫК
Жубайлардын ортосундагы 5 жашка чейинки айырмачылык психологияда идеалдуу шайкештик делинет. Күйөөсү аялынан же аялы күйөөсүнөн улуу-кичүү болгону мааниге ээ эмес. Анткени экөөнүн жаштыгы, өспүрүм курагы бирдей атмосферада өттү. Кызыкчылыктары, ал тургай көргөн кинолору, уккан музыкасы, кийинүү стили да бирдей.

ЖАКШЫ ЖАГЫ
Сексуалдык жактан бирдей деңгээлде болушат. Негизи адамдар 40 жашка чейин акыл жагынан да, физиологиялык жактан да өнүгүп-өсүп турган учур. Ошондуктан бул түгөйлөрдө бактылуу, ынтымактуу үй-бүлө куруу мүмкүнчүлүгү жогору.

ЖАМАН ЖАГЫ
Талаш маселе жаралса бири-бирине баш ийгилери келбейт. Амбициялары бийик «сен андай кылсаң, мен мындай кылам»деген нерседен көп уруш чыгат. Бири-бирине жол бербей тентек улактардай көпүрөдө тура берүү көп кезигет.

КЕҢЕШ
Эркектерге:
Аялыңыздын кызыкчылыгын да эске ала жүрүү керек. Мисалы, балдарды багуу, үй-тиричилик аялдын гана иши эмес, кээде ал дагы көңүлүн ачып туруусу керек. Аялдарга: Күйөөңүздүн кайсы бир себеп менен жумуштан кеч келишин же сизге өтө көңүл бурбай жатканын түшүнүү менен кабыл алыңыз. Бири-биринин мүнөзүнө түшүнүү менен карап, артка чегингенди билүү кажет.

6-15 ЖАШ АЙЫРМАЧЫЛЫК

Аялы күйөөсүнөн 6-15 жаш улуу болгону – кыргызда чанда кезикчү көрүнүш десек болот. Мындай аялды тандаган мырзалар энесинен мээрим аз көргөн же энесинен эрте айрылган болушу мүмкүн. Алар энеден албай калган мээримди, камкордукту, түшүнүүнү улуу аялдан издешет жана таба алышат.

ЖАКШЫ ЖАГЫ
Аялдар өзүнөн кичүү мырза менен турмуш курганда физиологиялык, психологиялык жактан катуу жашарышат. Өзүнүн экинчи өмүрүн сүрүп жаткандай, жаңыланууда болушат. Эркек да аял тараптан жылуу мамилени, камкордукту сезип, өзүн чыныгы мырза катары сезе баштайт. Башкача айтканда, чоңоёт. Мындай союзда экөө тең өзүнө керектүү нерселерди таба алышат.

ЖАМАН ЖАГЫ
Баары бир жаштык деген жаштык. Эркек бардык жагынан толуп турган учуру, ал эми аялдын физиологиясында төмөндөө жүрүп, темпераменти басаңдай баштайт. Андан улам өзүнө ишенбөөчүлүк пайда болот. Эркек мындай учурда коомдун талкуусунан көбүрөөк чүнчүйт. Бирок жеңип кетүүгө мүмкүн болгон маселе.

КЕҢЕШ
Аялдарга:
Жакшы жашап кетүү үчүн өзүңүздүн улуу экениңизди баса көрсөтүп, күйөөңүздү катуу көзөмөлдөбөңүз. Эркектерге: Аялыңыздын улуу экенине басым жасабай, анын дайыма жаш, сулуу экенин айтып мактап турганыңыз оң.

Күйөөсү 6-15 жашка улуу болгон учур да көп кездешет. Негизи түгөй тандоодо кичине кезиндеги тарбия, ата-энесинин ага болгон мамилеси да таасир этет. Өзүнөн улуу эркекти тандаган кыздар атасы менен апасы ажырашып кетип же каза болуп, айтор, ата мээримин көрбөй калган кыздар болушу мүмкүн. Алар материалдык жана моралдык жактан эркектен коргоо издешет.

ЖАКШЫ ЖАГЫ
Бул окутуучунун жана окуучунун союзу десек болот. Күйөөсү улуу болсо, аялына акыл айтып, кайсы бир деңгээлде тарбиялап, өзүнүн мүнөзүнө карата калыптандырып алат. Аял болсо өз учурунда жолдошуна жаштык, өзүнө ишеним, жашоосуна жаңы көз карашты алып келет. Мындай никеде өз ара түшүнүшүү болсо, көпкө созулат.

ЖАМАН ЖАГЫ
Эркекте жаш аялдын каалоолорун толук канааттандыра албай жатам деген коркунуч пайда болот. Аялдын эркиндигин чектеп, кызганып уруш чыгарышы мүмкүн.

КЕҢЕШ
Аялдарга:
Күйөөңүз менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз. Аны ар түрдүү сынап ого бетер намысына тийгенден алыс болуңуз. Эркектерге: Жаш аялыңызды көрүнгөндөн коруй берсеңиз, ого бетер алыстатып аласыз.
15-20 жаштан ары улуу болгон учурлар да кезигет. Мындай союзда көп учурда материалдык кызыгуу чоң роль ойноп кетерин психологдор айтып келишет. Эгерде эркектин же аялдын материалдык жагы акcап калса, тез эле ажырашууга алып келиши мүмкүн.

НУМЕРОЛОГДУН МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Нумерологдор жаш айырмачылыкка мындай мүнөздөмө беришет (аялы же күйөөсү кичүү-улуу маанилүү эмес).
1 жаш. Чечим кабыл алганга экөө тең чапчаң болуп, мыкты шайкештикти түзүшөт.
2 жаш. Романтиктердин союзу. Жубайлардын ортосу тез эле сууп кетиши мүмкүн. Канча аракет кылышса да үйдө акча турбайт.
3 жаш. Эмоция аябай көп болуп, жубайлар бири-биринен тез чарчап калышат.
4 жаш. Сүйүү жана достукту камтыган гармониялуу союз.
5 же 10 жаш. Бул нумерологияда ийгилик алып келе турган сан. Экөө тең ийгиликке жетишип, никедеги балдар лидер болуп чоңоюшат.
6 жаш. Жубайлар урушууга дайыма даяр болушат. Мындай учурда бири-бирине жеңилип берүү пайдалуураак.
7 жана 14 жаш. Бул сан магиялык күчү бар сан. Катуу сүйүшүшөт, эгер бири-биринен кол үзүшө турган болсо, өтө оор кабыл алышат.
8 жаш. Чексиз бактылуу болушат. Түшүнүшүү менен коштолот.
9 жаш. Мындай түгөйлөр жаш баланы элестетишет. Экөөнүн бири бала кыял болуп чыга келиши мүмкүн.
11 жаш. Уруш-талаш көп боло турган сан.
12 жаш. Бейишке да, тозокко да орун бар. Бири-бирине жөлөк да, каршылаш да боло алышат.
13 жаш. Мүнөздөрү келишсе, бир топ убакыт чексиз бактылуу боло алышат.
15 жаш. Кимиси улуу болсо, атанын же эненин ролун аткарат.

Нуржамал Жийдебаечва
kenesh@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
ЖУБАЙЛАРДЫН ОРТОСУНДАГЫ ЖАШ АЙЫРМАЧЫЛЫК КАНЧА БОЛУШУ КЕРЕК?

Жылдызбек Абдраимов, 33 жаш:
– Күйөөсү менен аялы тең же күйөөсү 8 жашка чейин улуу болгону туура. Бирок сүйүү болсо, жаш анчалык деле роль ойнобой калат. Эгер эркек өзүнөн улуу аялга сүйбөй эле материалдык жагын карап үйлөнсө, кийин ар кандай жагдайлар, түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн.

Бермет Турсалиева, 37 жаш:
– Жубайың сенден жашыраакпы, улуураакпы, кеп анда эмес. Эки адамдын бири-бирине, дүйнөгө, турмушка, жер жүзүндө болуп жаткан ар кандай окуя, кубулуштарга болгон көз карашы шайкеш келиши керек.

Айбек Аманбеков, 21 жаш:
– Менин оюмча күйөөсү улуу болушу керек. Себеби аялзаты табиятынан эртерээк карышат эмеспи. Кыргызда «алганың менен тең кары»деген сөз бар. Эгерде үй-бүлөдө жубайынын жашы кичүү болсо, күйөөсү менен ынтымактуу жашап тең карыйт деп ойлойм.

Медер Борбуев, 50 жаш:
– Негизи эркек улуу болушу керек. Бирок жубайлардын ортосунда сүйүү болсо, айла жок, жашына карабай, тагдырга баш ийет да. Эң негизгиси, жубайлардын ортосунда сый болуп, бири-бирин түшүнүп, ынтымактуу жашашы кажет.

Алина Жетигенова, 50 жаш:
– «Сүйүү жашка карабайт»деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары менин жолдошум өзүмдөн кичүү. Ортодо сүйүү болсо улуу-кичүүгө карабай жакын адамыңды барктап, бири-бириңди түшүнүүгө, кызганыч сыяктуу сүйүүнүн ар кандай сыноолоруна чыдоого туура келет.

Абдысатар Эргешов, 61 жаш:
– Эркек аялдан 5-10 жаш улуу болушу зарыл. Эгер аялзаты улуу болсо 20-30 жыл жашаган соң физиологиялык жактан зыянын тартышат. Дагы бир маселе – аял психологиялык жактан күйөөсүнөн өзүн улуу сезип, башкаргысы келе баштайт.

Айпери Эрматова, 23 жаш:
– Менин жеке пикиримде азыркы жаштар улуу-кичүүгө карабай деле калышкан. Эң негизгиси жубайлар ынтымактуу жашап, бири-бирин түшүнүп, бири-бирин колдоп жашашса болду.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эмне үчүн мырзалар өзүнөн улуу айымдарга үйлөнүшөт?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
pchelka7770
2015-07-08 19:21:27
Менин келечекте жолдошум 2 жаш кичуу , азыр жакшы баары , талаш тартыш жок. Уйлонуу тойдон кийин озгоруу болуп кетпесе экен :)
0
kulpun88_kg
2015-07-09 11:28:27
мен жолдошум менен тенмин жашаганыбызга 3жыл болду баары жакшы адамдын озунунон да болот да
0
Lenin
2015-07-10 14:42:15
Ой иииий Алина жетигенова 50 жашта экен. суротто 35 жаштагылардай корунот, баракелде.
0
nurbol4
2015-07-10 19:32:34
биз анда идеальдууу пара экенбизда 5 жаш аралык
0
Altynbekk5
2015-07-11 08:18:37
Супер
0
chingiz1987
2015-07-11 18:04:41
Илгери илгери болсо керек суйу жашка карабаганы азыркы кылымда жок 100000000000000% ишенем азыр еркек кишиге акачасы коп аял болсо 10жашар балада озунон улуну алат керек болсо путинда проблемасын рдшать еткен кемпир болсо путинда алат
0
Daniel_-_
2015-07-12 00:29:22
Чын журоктон барибир Бактылуу болсо болдуго!!
0
jypar.i
2015-07-24 21:21:18
Баары буйруктан болот деген ойдомун. Психологдон кечирим сурайм, азыр көп адамдардын "кээ бирки" деген сөздү колдонот экен, кээ бир деп эле айтылат да
0
Arzyw_92
2015-12-02 01:02:53
Оа достор туура айтасынар куйоосу аядынан чон болушу керек менин да куйоом озумдон 5жаш улуу турмушта уй-будодо уруш болот ошондой учурда ал менин мен анын жашын эске алам менден чон дегендей кылып.
0
Samaganova
2016-01-17 01:15:04
4жаш эн сонун го
Атамдар да
Чон энемдер да ошондой болгон))))
+1
kiki080808
2016-06-09 16:35:24
хэхэ менин куйоом менден 6 жаш кичуу,менден мурун озунон 2 жаш кичуу кыз менен жургон.экообуз тьфу тьфу коз тийбесин, коз карашыбыздан жакпаган нерсени билип коебуз. Бирок уйду ал башкарат себеби ал озун менден улуу алып журот, экообуздун сырткы келбетибиз да окшош ,жаш айырмачылык билинбейт .Эки балабыз бар, уйлонгондо эч ким деле жаш айырмачылыгыбызды сураган эмес. Бирдей корунобуз.Уйлонгондон кийин кайын журтум билген менден 6 жашка кичуу экенин. Менин туугандарым аябай коркушкан.
+2
Aisuluu160790
2016-08-17 11:51:09
Менин жолдошум менден буйруса 8 жашка ч он болот
0
Aigerim4545
2018-01-05 16:07:11
Бизде жигитим экөөбүздө сегиз жаш айырма бар менимче туура эле ойлорубузда бир
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2018-12-18 09:25:27
Күйөөм бир жаш чоң.Ошо бири-бирибизге баш ийгибиз келбей жаткан учур.
0
AsmanNuru
2018-12-19 01:44:04
Жашоодо баары болот. Үй бүлөөдө казан аяк кагышат. Жаш айырмачылыка чейин аял менен эркектин дүйнөгө көз карашы окшош болушу керек. Ортодо чыныгы сүйүү болсо жаш айырмачылык билинбейт. Адам ачуусу келгенде артка чегинүүнү билүүсү керек. Эркектер чыныгы мырза болуп, аялга окшоп сөз талашпаса, аял адам тилин тартып өз айыбын сезип кечирим сурайт.
Мен аял-күйөөсү тең же күйөөсү бир нече жаш улуу болсо дейм. Күйөөсү кичүү болсо биздин эл өмүр бою сөз кылып,көргөн жерде кичүүлүгүн баса белгилеп
0
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан