«Кара тизме»балээси Орусиядан жумуш таап иштеп жүргөн жарандарыбыздын коркунучтуу түшүнө, көйгөйүнө айланган. Бирок кыргызстандыктар үчүн жакшы жаңылык пайда болду. Башкача айтканда, июль айынын ортолорунда Орусиядагы 49 миңден ашуун кыргыз мигранттары "кара тизмеден" чыгарылат. Маалыматка караганда, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов жана эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаев Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын башчысы Константин Ромодановский менен жолугушкан. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын "кара тизмеден" чыгаруу маселеси талкууланды. Ромодановский мамлекет башчылардын катышуусунда өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен орус тарап 49 миңден ашуун кыргыз жаранын "кара тизмеден" чыгаруу чечимин кабыл алганын билдирди. Мындай чечим июль айында күчүнө кирет. Эгер Кыргыз Республикасынын жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө үч жылга тыюу салынып, ал убакыттын тең жарымы өткөн болсо, алар да "кара тизмеден" чыгарылат. 5-10 жылга чейин Орусияга кирүүгө тыюу салынган жарандарга мындай мүмкүнчүлүк берилбейт. Соттун чечими менен Орусиядан чыгарылгандар да "кара тизмеден" чыгарылбайт. Бул категориядагы мигранттардын саны 3 миңге чукул. Андан тышкары Орусиянын миграциялык мыйзамын бузган кыргыз жарандары Орусияга 10-июлдан 1-ноябрга чейин тоскоолдуксуз кирип-чыга алышат. Өлкө аймагына кирерде эмне максатта Орусияга келип жатышканын так көрсөтүшү (мигранттар "жумуш үчүн" деп жазышы керек) зарыл.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg