Президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү демилгесин колдогон жок. Өлкө башчы Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов жана Чыныбай Турсунбековго кайрылуу жолдоп, аталган мыйзам долбоорун кайтарып алуу өтүнүчүн билдирди. Эске салсак, бир катар эл өкүлдөрү, анын ичинде «ар-намысчы»Феликс Кулов баш мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү демилгесин көтөрүп чыккан эле.
Мындай демилге коомчулуктун кескин сынына кабылды. ЕККУ, Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюро, венециялык комиссиясынын кеп-кеңештерине ылайык, эл өкүлүн депутаттык мандатынан ажыратууга саясий партиялардын же фракциялардын укугу болбошу зарыл. Дал ушул маселе Баш мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүүдө эң көп талкууга алынган болчу.
Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусуна келсек, анда «мыйзам долбоорун алдын ала талкуулоо үчүн бөлүнгөн убакыт жетишсиз болуп калды»деп айтылат. Кулов: «Парламенттин кийинки чакырылышынын депутаттары бул демилгени дагы көтөрөт деген ишеничтебиз”,- деди. Анын бул кеби Баш мыйзамды өз пайдасына карата өзгөртүүнү эңсегендер мындан ары да тыйылбастыгын көрсөтөт.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg