Ички иштер министрлиги «Элдик лотереянын»айрым мыйзамсыз иштери калкып чыкканын билдирди. Экс-чиновник Юруслан Тойчубеков мыйзамды аттап өтүүдө «Элдик лотереяга»жардам көрсөткөн деп шектелүүдө. Тагыраак айтканда, ал Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын жетектеп турганда «Райдер Ассошиэйтс Лимитед»(«Элдик лотерея»соода маркасы) компаниясынын директору, Түркиянын жараны Хасан Чифтчи ушул эле өлкөнүн жараны Танжу Кылычка компаниянын Кыргызстандагы филиалын ачууга макулдугун берген.
2013-жылы аталган компаниянын Кыргыз Республикасындагы филиалы өлкөнүн Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан лицензияга ээ болгон. Аталган лицензияны кызматтын мурдагы жетекчиси мыйзамсыз берген деп шектелүүдө. Ошондой эле Тойчубеков өз буйругу менен компанияны пайдадан түшүүчү 10 пайыздык төлөмдөн бошотуп койгон. Мыйзам боюнча, бул 10 пайыз мамлекеттин казынасына төлөнүшү керек. Ушул пайдадан түшчү салыктын өзү эле 31 миллион сомдон ашкан. Ал эми Юруслан Тойчубеков дайынсыз болуп жаткандыктан, ага издөө жарыяланды. Ага карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция беренеси боюнча кылмыш иштери козголду.
ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Утемисовдун билдиргенине караганда, «Элдик лотерея»өз ишин токтотту.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg