Издөөдө жүргөн экс-мэр, «Улуттар биримдиги»партиясынын лидери Мелис Мырзакматов менен «Ата Мекендин»башчысы Өмүрбек Текебаев аптанын башында коомчулукка өзгөчө «сюрприз»билдирүү жасашты. Билдирүүгө ылайык, эки партиянын бир катар маселелер боюнча көз караштары бирдей экени айтылып, «биз өзүн кыргыз атуулумун деп сезген, тынчтык жана саясий туруктуулукту баалаган, элибиздин бакубат жашоосун, мамлекеттик бүтүндүктү жана анын коопсуздугун каалаган жарандарыбызды саясий жана социалдык ушул билдирүү боюнча консолидацияга жана биригүүгө чакырабыз" деген сөздөр менен аяктайт. Албетте, коомчулукта «эмне экөө кошулуптурбу?»деген суроо чыкты. Эки тараптан тең партиялар кошулбагандыгы, тек гана шайлоо учурунда «Улуттар биримдиги»«Ата Мекен»партиясына колдоо көрсөтө тургандыгы жөнүндө жооптор болду. Айрымдар "эки партиянын саясаты эч убакта бир жерден чыкпайт, шайлоодон кийин эле бири-бирин карабай калышат" дешсе, кай бирлери "бул партиялардын ымала түзүп баштаганы жакшы жөрөлгө" деп аларга үмүт артышууда.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg