Кыргыз-өзбек чек арасында 29-июнь күнү кайрадан ок атылды. "Айдаркен" чек ара отрядынын «Кара-Шоро»чек ара заставасынын жоопкерчилигиндеги «Машаланг»чек ара көзөмөл-постунун аймагында кыргыз өлкөсүнүн чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек ара сызыгында турган өзбек чек арачыларына эскертүү иретинде ок чыгарышкан, бирок алар адамдарды көздөй ок аткандыгы айтылды. Мунун айынан өзбек тараптан бир аскер жаракат алган. Өзбек тарап дароо "кыргыз өлкөсүнүн мас чек арачысы Өзбекстандын чек арачыларына автоматтан ок жаадырды" деп билдирүү таратып жиберди. Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалыматына таянсак, чатактын башталышына буга чейинки макулдашууну бузган Өзбекстандын чек арачысы себепчи болгон.
"Өзбекстан тарап эки тараптуу келишимдерден аттап өтүп, кыргыз тарап менен кеңешпей туруп такталбаган чек ара аймагына куралдуу 6 аскер кызматкерин жайгаштырган. Кыргыз аскерлеринин мамлекеттик чек араны бузбоо талабына заставанын жетекчиси "мен каерди кааласам, ошол жерде жүрөм" деп жооп берген. Ортодон сөздөр өтүп, Өзбекстандын чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй биринчи болуп ок чыгарышкан. Кыргыз чек арачылары окко ок менен жооп берүүгө аргасыз болушкан",- деп билдирет мекеме.
Окуя болгон күнү эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуу өткөргөнү, бирок бир чечимге келе алышпаганы айтылды. Өзбек тарап күнөөсүн моюнга албай жатат. Маалыматтарга ылайык, Мамлекеттик Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Уларбек Шаршеев жаракат алган Өзбекстандын чек арачысынын тезирээк сакайышын каалады, бирок кыргыз тараптын атынан кечирим сураган жок. Кыргыз тарап Өзбекстандын Чек ара кызматын такталбаган, бир тараптуу маалымат таратууну токтотууга чакырды.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg