Бишкек шаарында 209 МАШИНА ЖУУЧУ ЖАЙ бар, анын баары таза сууну иштетишет. «Бишкексууканал»ишканасынын маалыматы боюнча, чарба иштери үчүн өзүнчө суу чыгарууга чоң каражат талап кылынат.
Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВДИ I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлады.
2015-жылдын 5 айынын ичинде 58 өспүрүм өз жанын кыйды. Анын ичинен 45тейи бардар үй-бүлөлөрдүн балдары.
КАНАТ ИСАЕВ күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого катыша тургандыгына байланыштуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду.
Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июнь күнү «МЕГАКОМ» компаниясын сатууга макулдугун беришти.
СИНОПТИКТЕРДИН айтымында, июль айында абанын температурасы климаттык нормадан жогору болот.
Бишкекте 1-июлдан тартып МУЗДАК СУУНУН тарифи калк үчүн 1 метр кубуна 4 сом 48 тыйындан 5 сом 38 тыйынга, бюджеттик уюмдар үчүн 6 сом 15 тыйындан 7 сом 38 тыйынга, ишканалар үчүн 7 сом 95 тыйындан 9 сом 15 тыйынга кымбаттайт.
ИИМдин 10-башкы башкармалыгын жетектеп келген РАФИК МАМБЕТАЛИЕВ Баңгизаттарды текшерүү боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы болуп дайындалды.
Өлкөдө 5 жашка чыкканга чейин миң баланын ичинен 38и көз жумат. Ал эми ТӨРӨТ УЧУРУНДА кайтыш болгон энелердин саны 100 миң аялга 69у туура келет. Мындай маалымат ЮНИСЕФ тарабынан берилди.
Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун айтымында, 2007-2009-жылдары сатылып алынган 450 таштанды ташуучу машиналардан азыр 44ү эле иштейт. Баары биригип борбордо 110-115 ТАШТАНДЫ ТАШУУЧУ унаа шаардыктарды тейлейт.
Муфтият тараткан маалымат боюнча, быйылкы жылы битир-садаканын көлөмү 1 АДАМГА 40 СОМДОН 480 сомго чейин деп белгиленди. Анын баасы 1,6 килограмм буудай, ун, мейиз же 3,2 килограмм курма, арпадан эсептелип чыгат.
1-июлга карата биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын саны 2 миллион 570 миң кишиге жетти. Анын 200 миңге жакыны БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТЫН бир канча жолу тапшыргандар болуп чыкты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.