ИЗДЕЙМ СЕНИ

«АЙНАГҮЛДҮ ИЗДЕП ЖҮРӨМ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфонун» жалпы жамааты?! Мен 1968-жылкы курбу кызым Айнагүл Зулпукарованы издейм. Биз Ош шаарындагы Терешкова атындагы мектепте чогуу окуганбыз. Айнагүл, окуп калсаң байланыш, мен Бишкектемин.

Марзия Сатарова.
Тел.: 0777 12 49 09, 0553 95 47 95

«ТАЙПАЛАШЫМДАН КАБАР КҮТӨМ»
– Мен 1977-жылы Оштогу кулинардык окуу жайынын №4-тайпасында чогуу окуган курбум Сейил Жапаркулованы издейм. Сейил, окуп калсаң мага чал, чыдамсыздык менен күтөм.

Кадича Эргешова.
Тел.: 0773 12 00 03

«ТАЙПАЛАШТАРДЫ ИЗДЕЙМ»
– 1985-1987-жылдар аралыгында Фрунзедеги Кооператив техникумунун бухгалтердик эсеп бөлүмүндө Б-3-Б тайпасында бирге окуган тайпалаштарым менен байланышкым келет. Эгер окуп калсаңар, байланышкыла.

Белек Мукашев. Тел.: 0779 48 21 19, 0709 48 21 19

«МИДИН, ОКУСАҢ БАЙЛАНЫШ»
– 1963-жылы Ош облусунда туулган Асанов Мидин Майсалбековичти издейм. Биз 1981-жылдары Орусиянын Архангельск шаарында бирге аскер кызматын өтөгөнбүз. Мидин, окуп калсаң байланыш.

Канат Дайыров. Тел.: 0778 79 57 12

«УУЛУМ РАСУЛ, КАЙТЫП КЕЛИШИҢДИ КҮТӨМ»
– Уулум Изабеков Расул Ишенбековичти издейм. Ал 1974-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Чат-Кел айылында туулган. 2008-жылы 1-мартта Орусиянын Москва облусундагы Павловский Посад шаарына иштеп келем деп кеткен. Ошол бойдон кайрылып келе элек. Акыркы жолу 2008-жылдын 23-декабрында байланышканбыз. «Бир жерде Акрам деген кишинин дачасында үй салып жатабыз. Акчабызды 2 айдан бери бере элек. Жаңы жылда берем деп жатат. Буюрса, 2009-жылдын 20-январында барып калам»деген. Уулумду көргөн-билгендер болсо кабарлап коюшуңуздарды өтүнөм. Чет жерде кыргыздын уул-кыздары көп эле иштеп жүрүшөт. Балким, тааныгандар бардыр деп үмүттөнөм. Уулум, Расул, кабарыңды билдир. Мүмкүнчүлүгүм болсо Москвага барып өзүм издеп келет элем же дарегиңди билбейм. Азыр оорукчан да болуп калдым. Сени зарыгып күткөн апаң Бурулбүбү Жолдубаева, карындашың Элвира Изабекова.

Тел.: 0771127163, 0709711263

"ГҮЛЗАБИРА, КАБАРЫҢДЫ БИЛДИР"
– Курбу кызым Гүлзабира Искендерованы издейм. Досум, сени аябай сагындым. Окуп калсаң мага сөзсүз байланышчы. Курбуң Жийде Коконбаева.

Тел.: +79260259687
E-mail: jiyde27@gmail.com

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nurchik05
2015-07-07 16:38:21
Байкуш баласын издеген энеге боорум ооруп кетти
+5
Kroxa
2015-07-12 03:29:48
Көргөн билгендер барболсо экен жети жылдан бери Аман-эсен болсо кабарлашпайбы энесине жаман болдуго Ар эне жок издебесин дейт элем
0
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан