Эч нерседен тартынбаган ЛОЛИТА

Лолита Милявская кар эрип, март айы жаркырап кирип келери менен кайрадан ак көйнөк кийип, турмушка чыгууга камынып жатат. Кайрадан дегенибиз, бул Лолитанын төртүнчү никеси. Ырчы, алпаруучу жана актриса катары таанымал Лолитанын жеке жашоосунда мындан башка да кызыктар төмөндө.

КЫСКА АНКЕТАСЫ
Толук аты-жөнү – Лолита Марковна Милявская
Туулган жылы – 1963-жыл, 14-ноябрь
Туулган жери – Украина, Закарпатье облусу
Кесиби – Ырчы, актриса, телеалпаруучу, режиссёр
Жеке жашоосу – Ажырашкан, 1 кыздын энеси

ЭРДЕН-ЭР ТАНДАГАН ЛОЛИТА
Лолита биринчи жолдошу Александр Беляев менен Тамбов маданият институтунун режиссёрдук факультетинде окуп жүргөн кезинде таанышкан. Бирок алардын үйлөнгөнүнөн ажырашканы тез болуп, экөө бир жылга жетпеген убакытта кол үзүшкөн.
Ал эми экинчи жолдошу шоумен Александр Цекалого тагдыр Милявскаяны 1985-жылы кезиктирген. Ал жаңыдан ЖОЖду аяктап, Одессадагы облустук филармонияга ишке орношкон чагы эле. Кесиптеши Цекало өз күчүнө ишенген, бакылдаган таланттуу кызга жардам берип жүрүп, ага ашык болуп калганын да байкабай калган. Арадан убакыт өтүп, Цекалонун Лолитага болгон сүйүүсү жоопсуз калбайт. Ошентип, экөө 1987-жылы баш кошушат. Лолитанын: “Менин бүгүнкү ээлеген ордума Александрдын салымы чоң. Ал менин чыгармачылыкта да, турмуш жолумда да түгөйүм болуп, бир тепкичке өйдө көтөрдү”,- дегени бар. Чындыгында эле 1991-жылы "Академия" деп аталган кабаре-дуэти аларга чоң атактуулукту алып келген. Мындан тышкары, ошол кездеги ОРТ телеканалынын “Таңкы почта” программасынын алпаруучусу болуп иштешкен. Аталган телеканал көрүүчүлөр арасында сурамжылоо жүргүзүп көрүп, “Саша менен Лоланын кызыктуу берүүсүн суктанып көрөбүз” деген жоопту көп алышкан.

КЫЗЫ ЕВАНЫ ТАЕНЕСИ ТАРБИЯЛАЙТ
Александр менен Лолита 12 жыл өмүр арабасын бирге тартып келгени менен түбөлүккө түтүн булата алышкан жок. Боюнда бар кезинде Саша менен ажырашып кетип, кызы Еваны жалгыз бой эне апасы Алла менен чоңойткон. Турмуштун мындай соккусунан кийин ырчы “экинчи шоуменге бактымды байлабайм” деп өзүнө-өзү сөз берген. Цекалодон кол үзгөндөн кийин кызы Ева төрөлөт. Жалгыз бой эне ымыркайын апасы Алла экөөлөп чоңойтушат. Лолита: “Кызымды көрбөсөм сагынганымдан саргайып кетем. Бирок анын келечегин ойлосом, эшектей иштешим керек. Кызыма ушулардын баарын айтып түшүндүрөм”,- деп келет.

АЛА ЖИПТИ ӨЗҮ АТТАГАН
Лолита 2002-жылы кадимки эле заказ менен бир ишкердин тоюна барган. Ал ишкер кийин ырчынын үчүнчү жолдошу болуп калган Александр Зарубин эле. Ошентип, Лолита ишкер Александр экөө жакын дос болуп кетет. Ал кезде экөөнүн ортодогу мамилеси достук менен гана чектелген. Ушундай күндөрдүн биринде гезиттердин бирине экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланып, “жакында Лолита белгилүү ишкерге турмушка чыгат” деп жарыяланып кетет. Муну окуган Зарубин “эми үйлөнбөсөк болбойт го...” деп тамаша иретинде ырчыга сунуш айтат. Ошентип, Лолитанын макулдугу менен экөө 2004-жылы чоң той берип үйлөнүшөт.
Милявская: “Эки күйөөмдөн көрбөгөн мамилени Зарубинден көрдүм. Ал өзгөчө кыялкеч адам. Мени романтикалуу мөөнөттөргө, түрдүү белектерге чөмүлтүп, аял экенимди сездиртип, чыныгы эркек бар экенин даңазалай алды”,- деген. Александр Зарубин Лолитанын ою менен болуп ашыкча эркелетип жибердиби, айтор, 2009-жылы ажырашып тынды. “Адатта ала жипти эркек аттачу эле, мен бул салтты бузуп спортчу Юрий Киселёв менен “ойноп”, күйөөмдүн көзүнө чөп салдым. Ошондуктан анын аялы болууга татыктуу эмесмин” деген маалымат берген. Буга чыдабаган Зарубин ырчы айым менен ажырашып тынган.
Көп өтпөй Лолита Юрийден кол үзүп, теннисчи Дмитрий Иванов менен мамиле түзгөнгө үлгүрөт. Дима Лолитадан 12 жаш кичүү болсо да, экөө 2010-жылдын март айында үйлөнүү той өткөрүүгө камынып жатышат.

19 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА ЭЭ БОЛГОН
Лолита Зарубин менен ажырашканда 19 миллион долларга жакын байлыкты алып калган. Мисалы, 300 000 долларлык темир тулпар, Москвадан 400 000 долларлык квартира, Таганкадан 3 миллион долларлык пентхаус, 10 миллион долларлык жеке учакка ээ болгон. Мындан тышкары, бриллиант, ар кандай асем буюмдары, шубалары биригип 5 миллион долларды түзгөн.

ЭНЕРГИЯСЫ ТҮГӨНҮП...
2005-жылдын 29-августунан тарта Орусиянын Биринчи каналынан Лолитанын “Комплексcиз” ("Без комплексов") ток-шоусу эфирге чыга баштайт. Мунун өзгөчөлүгү алпаруучу эң жөнөкөй тилде көрүүчү менен баарлаша алгандыгында эле. Ал программада Лолита коноктору менен алпаруучу катары гана эмес, кесиптеши, жакын курбусу, бир тууганы, жубайы катары сүйлөшө алган. Өзүнүн башынан өткөн окуяларды жашырбай ачык айтып берип, көрүүчүлөрдү жашоодо баары жакшы болоруна ишендире алчу. Лолита бүтүндөй энергиясын жумшап салганбы, айтор, акыры чарчадым деп шоуну алып баруудан баш тартат. Ошондон кийин шоу эфирге чыкпай калган.

ЛОЛИТАНЫН СУЛУУЛУК СЫРЫ
Лолита келбет-мүчөсүнө нааразы эмес. Ал: “Толуп кетүүдөн коркпой каалаган тамагымды жей берем. Бирок күчтүү тамактан соң толуп кетпеш үчүн эки күн катары менен катуу диета кармап коюшум керек”,- дейт. Мурун бир да жолу спорт залына барып көрбөгөн Лолитаны теннисчи Дмитрий спорт залына барып турууга көндүрүптүр. Лолита экранга чыккан кезде гана косметика колдонбосо, жашоодо косметиканы сейрек колдонууга аракет жасайт. Милявская: “Менин сулуулук сырым – тынч уйку. Уйкум канса, эртең менен ойгонгондо менден сулуу аялзаты болбойт. Анан да ар күнү ойгонорум менен күзгүнү карап, өзүмө-өзүм 100 түрдүү комплимент жана кутман таң каалап күнүмдү баштайм”,- дейт. Лолитанын айтымында, ар бир аялзаты өзүн сулуу деп эсептеп, өзүн сүйө билиши керек. Ошондо гана жанындагы адамдар анын сулуу экенине ынанып, сүйүүсүн арнашат.

ЖАШООСУНАН КЫСКАЧА

  • Лолита: “Аялзаты эркектерден акылдуу келет. Ошондуктан алардын алдында артыкчылыгын билдирбей акылсызыраак көрүнүп, куулук кылып, көп нерсени билмексенге салып коюу керек. Ошондо жеңиш аял тарапта болот”,- деп кеңеш берет.
  • Карта менен төлгө ачат. Айтканынын көпчүлүгү чын чыккандыктан, кайрылгандарга төлгө салып бергиси келбейт. Жамандык туурасында кабарлагандан коркот.
  • Интернеттеги таанышуу сайтына анкетасын илгенде көңүл бөлгөндүн бирөө гей, экинчиси мурунку жигити болуп чыккан.
  • “Муз үстүндө бий” теледолбооруна катышууга сунуш алганда, “мени эркек бийчи муз үстүндө көтөрө албай кулатып жиберүүсүнөн корком” деп баш тарткан.
  • Сахнага 1 стакан коньяк ичип туруп анан чыгат.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Асанбеков
2010-01-11 16:22:15
Лолита - бир аз жетишпегендей движенияларды коп жасайт.
0
№ 374, 1-7-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан