1-июлда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо борборунун аскер кызматкерлерине көп кабаттуу үйдөн батирлерди тапшырды. Өз сөзүндө Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстандын күч түзүмдөрү үчүн мындай масштабда үйлөрдүн курулушу көптөн бери болгон эмес. Мунун өзү акыркы жылдары өлкөбүз алар туурасында камкордук көрө баштагандыгын ырастап турат. Кыргызстан бутуна туруп келе жатат. Биз биринчи кезекте мекенибиздин чек арасын коргогондорго, кыйын кезде аны коргоо үчүн тикесинен тик турчуларга, тынч мезгилде элге кызмат кылгандарга камкордук көрүү зарыл экендигин жакшы түшүнөбүз. Дал ушул куткаруучулар жана аскер адамдары кыйынчылык мезгилде өлкөбүздүн жарандары үчүн кооз сөздөрдү айтпай, ураандарды кыйкырбай, митингдерди уюштурбай эле өз өмүрүн курмандыкка чалууга даяр. Силер – чыныгы мекенчилсиңер”,-деп билдирди. Мындан сырткары ал "балдар үчүн аянтча курууга сөз берем, бул үчүн каражат бөлүнөт. Мындан тышкары үйдүн айланасын жашылдандыруу зарыл" деген оюн айтты. Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев ишиндеги жетишкендиктерин белгилеп, министрликтин 7 кызматкерин атайын кол сааттар менен сыйлады.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg