Сабир Атажанов жетекчилик кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматтык адамдарынын мыйзамсыз иштери аныкталып, кылмыш иши козголгондугун ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, агенттиктин табият ресурстарын рационалдуу колдонуу департаментинин жетекчиси, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы аңчылык кылууга мүмкүн болгон жерлерди колдонууга берүү боюнча сынакка өз туугандарынын ЖЧКларын киргизип жиберген. Мыйзамга ылайык, кызматтагы адамдын туугандары, жакындары тиешелүү тармакта өткөрүлүп жаткан сынактарга, тендерге катыша албайт. Сынакты өткөрүп жаткан комиссиянын башчысы да, мүчөлөрү да мындай нерсени токтотушу керек болчу. Бирок, тескерисинче, мындай мыйзам бузууга жол берилип, комиссия мүчөсүнүн туугандарынын ЖЧКлары сынактын жыйынтыгында утуп чыгышкан. Ал гана эмес ал ЖЧКлардын бирине Кызыл китепке кирген “Марко Поло” аркарларынан 5 баш жана Сибирь тоо текелеринен 13 баш атып алууга уруксат беришкен.
Мындан сырткары аңчылык сезонунда жаныбарларды көзөмөл-санитардык атууга жол берген 62 уруксат кагазы мыйзамсыз берилген.
Жогоруда айтылган фактылар боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.