Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова “биометрикалык маалыматтарды милдеттүү түрдө тапшыруу конституцияга туура келбейт” деген пикири үчүн кызматынан алынды. Башкача айтканда, ал "Кыргыз Республикасынын судьясынын статусу жөнүндөгү мыйзамын" бузду деп сынга кабылды. Мыйзамга ылайык, судья сотто карала турган маселе боюнча эртелеп коомдук билдирүү жасоого укугу жок. 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселе боюнча добуш берилген, бирок жетиштүү 80 добуш чогулган жок. 30-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Клара Сооронкулованы Конституциялык палатанын судьясы кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетиришти. 83 депутат буга "макул", 19 депутат "каршы" деп добуш берди. Кызматынан кол жууган Клара Сооронкулова биометрикалык маалыматтарды топтоо шайлоодо ар кандай бурмалоого алып келерин айтып, өзүнүн укугун коргоо үчүн БУУга кайрыларын билдирди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg