Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жана анын жубайы Кундуздан «өмүрлүк жарыңыздын кайсы сапатын баалайсыз?» деп сурасаңыз, экөө бирдей бири-бирин «бул аябай боорукер» деп айтары бышык. Ооба, бул эки адамды боорукерлик табыштырган. Кантип дейсизби? Жооптор төмөндө...
– 2012-жылы «Супер-Инфого» берген маегиңизде сүйлөшкөн кызым чет өлкөдө деп айткан экенсиз. Ошол айткан кызыңыз бүгүнкү жубайыңыз болдубу же анда кеп башка кыз жөнүндө болду беле?
Дастан: – Ошентиптирминби, ээ? Башка кыз эмес эле, Кундузду айткам (күлүп). Бул анда Америкада болчу. Кундуздун ата-энеси АКШга көчүп кетишкен.
– Кандайча таанышып калгансыздар?
Д.: – Бир жолу мага бир эже кайрылып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласына компьютер алып берүүгө жардам кылышымды суранды. Мен социалдык тармактарга "ушундай майып балага компьютер керек болуп жатат" деп жарыя илсем эле, бир кыз "мен алып берем" деп калды. Адатта аз-аздап акча чогултуп анан алып берчүбүз да. Бир компьютерди бир эле киши кандай алып берем деп калды деген ой кызыктырды. Бул эмне саясатчыбы, ушинтип өзүнө пиар кылганы жатабы деп аны менен жазыша баштадык. Жок, жөнөкөй жана аябай боорукер кыз экен. Сөздөн-сөз чыгып тил табышып кеттик.
Кундуз: – Баарлашып баштаганда эле бир толкунда экендигибиз байкалды. Ой жүгүртүүбүз, көз караштарыбыз да окшош болуп чыкты.
Д.: – Анан мен жигиттик кылып ыңгайы келгенде жолугушууга чакырдым. Малайзиядан көрүшмөк болдук.
– Биринчи жолугушуу алдындагы сезимдер кандай болду эле?
К.: – Мен аябай толкундангам. Анан Дастанды көрүү үчүн АКШдан Малайзияга 27 саат учакта учуп келдим. А бул болсо болгону 9 саат жол жүрүптүр. Экөөбүз келген учактар бир эле сааттык айырма менен аэропортко конду. Учактан түшүп аэропорттон бири-бирибизди издеп баштадык. Скайптан көрүп жүрчүмүн да. Көрөр замат эле тааныдым. Аэропорттун каттоо жагында жалгыз турган экен. 5-10 мүнөт жанына бара албай апкаарып турдум. Анан барып учураштым. Ал жакта төрт күн чогуу жүрдүк.
Д.: – Ошол 4 күндүн ичинде эле бирге болушубуз керектигин сездик. Малайзиянын борбору Куала-Лумпурдун өзгөчөлүктөрүн көрүп, шаар кыдырып жүргөндөй болдук. Бирок азыр ойлосок экөөбүз бири-бирибиз менен эле алек болуп, сөзүбүз бүтпөй эле отурган экенбиз.
К.: – Мен азыр Малайзиядан эмнелерди көрүп, каякка барганыбызды деле эстей албайм.
– Бири-бириңиздердин жүрөгүңүздөрдү багынтууда кандай «фишкаларды» колдондуңуздар?
Д.: – Оо, мен Кундуз үчүн болгон жакшы сапаттарымды көрсөттүм. Жыйынтыгы жакшы болгонун көрүп жатпайсыңарбы?!
К.: – Мен кандай болсом ошондой бойдон жүрдүм. Адатта кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө жаман жактарын жашырышат да, анан үйлөнгөндөн кийин бири-биринин жаман жактарын көрүп иренжип калышат. Ошондой болушун каалаган жокмун.
– Бири-бириңиздерге кандай жылуу сөздөрдү айтасыздар?
Д.: – Мен ошондойго жокмун. «Коёнегим», «Солнышко» дагы башка деп эркелете албайм. Күкүшүм деп коём.
К.: – Мен Жан, Дас деп айтам. Дастан дей турган болсом, бул алдыда олуттуу сүйлөшүү турат деген белги (күлүп). Муну өзү жакшы билет.
– Адатта адам өзүнүн келечектеги жубайынын образын кыялдары менен чиймелеп акыл-эсине тартып алат го. Сиздерде да ошондой болсо керек?
К.: – Дастан мен кыялданган мырза. Боорукер, жоопкерчиликтүү, чечкиндүү, эмгекчил, адамдардын ою менен эсептешип туура чечим чыгарганды билет.
Д.: – Кундуз менен күнүгө сыймыктана берем. Бир эле мисал. Кызыбыз Алсу 2 жаштан өтүп калды. Бир ордунда турбайт. Дүйшөмбү күнү Кундуздун жумуштары чыгып, апам ооруканада болгондуктан Алсуну кимге ташташыбызды билбей калдык. Анан 2 саат Ак үйдө менин жанымда тура турсун дедим. Ошол убакыттын ичинде 3 жардамчымдын шайы ооп, чарчап калышпадыбы. "Толтура кагаздарды жазганда да мынчалык чарчачу эмеспиз, бир кичинекей бала эсибизди оодарды" деп күлүштү. А Кундуз күнүгө Алсу менен, аны карайт, мени жумушка жөнөтөт, тосуп алат.
– Баса кичинекейиңиздер тууралуу сурап кетпесем болбос...
К.: – Кызыбыздын атын Алсу деп атасы койгон. Дастанга өтө жакын. Атасы үйдө болсо 9да эле уктап калат. Кеч келе турган болсо чоң кишидей болуп күтүп отура берет.
Д.: – Кызым жөнүндө айтып түгөтө албайм. Бир жолу «Алсу, билесиңби, атаң каякта иштейт? Сенин атаң Жогорку Кеңеште депутат» деп айтып койгом. Азыр ата ким деп сурасаң: «Атака депутат» деп жооп берет.
Кызыбыз төрөлөргө жакын Кундуз АКШга кеткен. Ошол жактан төрөдү. Түнкү 3тө мага «сүйүнчү, кыздуу болдуң!» деп чалышты. Өзүм Кыргызстандамын, ар жактан кызымдын ыңаалаганы угулуп жатат. Кубанычым коюнума батпай, уктай албай койгонум эсимде. Ал эми аны колума алгандачы?! Оо, анда укмуш сезимдер болгон.
– Үйлөнүү тууралуу сунуш киргизген күн эсиңиздеби?
Д.: – 2012-жылдын май айында Кундузду Бишкекке чакырып ата-энем менен тааныштырдым.
К.: – Тааныштырганда да «таанышып алыңыздар, бул менин келечектеги жубайым Кундуз» деген болчу.
Д.: – Жубайым болоруңду билгем да. Кундуз апама да аябай жаккан. Июль айында АКШдан никебизди кыйдырдык. Октябрда каттоого туруп, Бишкекте жакын санаалаш 7-8 адамды чакырып майрамдап койгонбуз.
К.: – Ооба, чоң той өткөрбөй эле коёлу дедик. Дастан жумуштан саат 4тө чыкты, мен агыш түстөгү жөнөкөй эле көйнөк кийип барып каттоого турдук. Анан ресторанга досторубуз менен барып белгилемиш этип койдук.
– Кечки тамак учурунда эмнелерди сүйлөшөсүздөр?
К.: – Саясий иштерге аралашкым келбейт. Сөзүбүз көбүнчө кызыбыз тууралуу.
Д.: – «Алсу мындай кылды, ал минтип сүйлөдү» деген эң жакшы көргөн темабыз го. Акыркы учурда турак жай маселеси жөнүндө көп сүйлөшчү болдук. Биздин өзүбүздүн үйүбүз жок да. Кандай кылсак, кайдан акча таап, кантип үй курсак деген маселелер көтөрүлүп калат.
– Казан-аяктын кагышы жөнүндө да кеп козгой өтпөйлүбү?
Д.: – Мен аны маданияттуу түрдө «дискуссия» деп коём. Ооба «дискуссия» болуп турат. Анын жаралышына убакыттын тартыштыгы күнөөлүү. Кудай сактасын, бирок «чоң дискуссия» боло элек. Болтурбаганга аракет кылыш керек да.
К.: – Дастандын бош убактысы аз. Кызым экөөбүзгө атасынын көңүлү азыраак бурула баштаганда, таарынымыш болуп коёбуз. Ошол эле.
– Маегиңиздер үчүн чоң рахмат! Бактылуу болуңуздар!
Мирлан Өмүралиев
star@super.kg