ЖОГОЛГОН УЙЛАРДЫН ИЗИ МЕНЕН...

Редакциябызга «укук коргоо органдарынын кызматкерлери инимди сабап, кылбаган кылмышты моюнуна алдырып жатышат» деп Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Биринчи Май айылынын тургуну, Салима Каракойчиева аттуу айым кайрылды. Бул окуя учурда айыл элинин оозунан түшпөй кызуу талкууда экен. Анткени Өзбекстан менен чектеш жайгашкан Биринчи Май айылынын тургундары 20 чакты уй уурдатып, ичи ачышып турган кездери. Биз бул боюнча айыл элинен сураштырып көрдүк.

«УКУК КОРГООЧУЛАР САБАП МОЮНДАРЫНА АЛДЫРЫП КОЮШТУ»
Мал уурулукка шектелип кармалгандардын бири Манасбек Каракойчиевдин эжеси САЛИМА КАРАКОЙЧИЕВА төмөнкүлөрдү билдирди:
– Азыр милиция кызматкерлери элдин ишенимдүү коргоочулары болбой эле, мыкаачы болуп бара жатышат. Айылдашыбыздын жашы жете элек баласын кармап, педагогдун катышуусу жок аны алдап, коркутуп, ар түрдүү ыкма менен суракка алышты. Алгач аны шектүү катары кармашат. Андан кийин милиция бөлүмүнө алып келишип, «сен биз айтканды айткандай кагазга жазып, көрсөтмө бер. Ошондо биз сага тийбейбиз, окууңду барып уланта бересиң. Ал эми сени уурулукка үйрөткөн кишилер камалат» деп алдап өздөрү түзгөн сценарий боюнча түшүнүк кат жаздырып алышат да, менин инимди баш кылып кармашат. Кийин аларды дене башы көгөргүчө тепкилеп, кышында сыртка жылаңач алып чыгып, үстүнө муздак суу куюп кыйнашыптыр. Адамга да ушундай мамиле кылабы?
Прокуратура менен милиция кызматкерлери биригип алып түрдүү сценарийлерди түзүп, Өзбекстандан эч ким тааныбаган кишилерди алып келип, «Манасбектен мал сатып алганбыз» деп айттырып жалаа жабышты. Азыр алар үй камагына чыгарылды. Бирок сот иштери уланып жатат. Биз күнөөсүз балдарды баары бир актап чыгабыз жана бийликтен ушул нерсени талап кылабыз.

«ӨЗБЕКСТАНГА САТЫП ЖИБЕРИШИПТИР»
Айылдан малын уурдаткан адамдарга байланыштык. Жабырлануучулардын бири ДОСААЛЫ БАЛТАБАЕВ буларга токтолду:
– Биздин айылдан 4-5 жылдан бери майда жандык, бодо мал болуп 117 баш мал уурдалыптыр. Ала-Буканын эли мал уурулардан тажап деле бүттүк. Биздин айыл Өзбекстан менен чектеш жайгашкандыктан, уурдап барып Өзбекстанга сатып жиберүүгө оңой.
Менин 2 уюм жоголгон. Малыбызды уурдаган Манасбек Каракойчиев, Курбан Шайназаров жана 9-класстын бир окуучусу 18-декабрда кармалып, күнөөлөрүн моюндарына алышып, «кечирип койгула, жоголгон малыңарды төлөп беребиз» дешкен. Бирок 5 айдан кийин аларды сот үй камагына чыгарып койду.
Биздин малыбыздан болсо дайын жок. Насыя алып эптеп малдын башын көбөйтүп алалы дегенбиз. Эми жөн жерден жоголгон малдын насыясын төлөп сыздап отурабыз. Биздин
тиричилигибиз эле ушул да.
Укук коргоо кызматкерлери Өзбекстандын аймагынан уурдалган малды сатып алган кишилерден бери табышты. Ал тургай терилерин таап, арасынан мен өз малымдын терисин тааныдым. Бул жана башка көптөгөн далилдер аларды жазалоого жетишсиз болуп жатканы таң калтырат.

«АР КАЙСЫ ЖАККА АРЫЗ ЖАЗБАЙ, МАЛДЫ ТӨЛӨП БЕРИШСИН»
Айзада Артыкбаева дагы 5 уюн жоготуп, жабыр тарткандардын катарында. Ал «уурулукка шектелип кармалган адамдар анткорлонуп, милиция кызматкерлери сабады деп догурунуп, өмүр бою ууру атыгып калбоонун айласын издеп жатышат» дейт:
– 2014-жылдын 2-декабрында бир түндө 5 уюм уурдалды. Ошол күнү түнкү саат 1де чыгып карагам. Сарайдын оозунда 2 эшек, ичинде 5 уй байланып турган. Эртең менен карасак эле жок. Короодо 1 чоң жана андан кичирээк 1 адамдын чыгып кеткен изи калыптыр. Из менен кубалап барып чоң көчөгө чыкканда таппай калдык. Милицияга арыз жаздык, издеп баштадык.
19-декабрда бизди райондук милицияга чакырышты. Барсак өзүбүздүн эле айылдаштар уурулукка шектелип кармалышыптыр. Алардын бири мектеп жашындагы бала. Кылмыштарын моюнуна алып, Өзбекстанга өткөзүп сатып жибергенин айтышты. Шектүүлөрдүн бири Курбан Шайназаров Өзбекстандан көчүп келген киши болчу. Бизди көздөштүргөндө ал «малыңарды бөлүп болсо да төлөп берем, мени кайра Өзбекстанга көчүрүп жибербегиле» деп суранды. Манасбек Каракойчиев болсо такыр моюнуна албай койду. Бирок Өзбекстанга өткөрүп сатып жиберген ошол дешти.
Андан бери 6 ай өттү. Туугандары малдарды төлөп бергендин ордуна арыздарын жазып, ар жакка чуркап, акыйкатчыга чейин барып «балдарыбызга милиция кызматкерлери жалаа жаап, уруп-сабап жатат» деп актануунун айласын издеп жүрүшөт. Андай акчалары көп болсо, биздин малды төлөп беришпейби?! Бир эл, бир жер болгондон кийин кечирет элек да. Колу менен кылганды моюну менен тартсын. Кайсы бир телеканалды чакырып келип, мал уурдаткан биз менен милиция кызматкерлерин жаман көрсөтүп, бир жактуу материал даярдатышыптыр. Ошол телевидение кызматкерлери келип, бизден бир ооз кабар алып коюшкан жок. Ал жерде акыйкатчы Бакыт Аманбаев да ууруларды жактап сүйлөп жатат. Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө актанарын билбей жатышабы?

«ШЕКТҮҮЛӨР ЖАЛПЫСЫНАН 19 БОДО МАЛ УУРДАШКАН»
Аталган мал уурулук боюнча Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука РИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысы Каныбек Мырзабеков окуяны төмөнкүчө баяндайт:
– Бул боюнча кылмышка шектүүлөр колго түшүп, алардын үстүнөн мал уурдоо беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр камакка алынып, иши сотко өткөн. Бирок кандайдыр бир себептер менен алар 21-майда убактылуу үй камагына чыгарылды. Биз өз милдетибизди аткардык. Уурулукка шектүүлөр колго түшкөн соң алардын кылмышын далилдеп берген күбөлөр, малды сатып алган адамдар көрсөтмө берип кылмыш толук кандуу тергелген. Алар жалпысынан 19 уйду уурдап саткандыктары далилденди. Азыр шектүүлөрдүн туугандары укук коргоо кызматкерлерин каралап, элге жаман көрсөтүп, ар түрдүү аракеттерди көрүп жатышат.
Биздин райондо мал уурулук катуу күч алган. Себеби Өзбекстан менен чектеш жайгашкан жана чек арада көптөгөн чечилбей жаткан маселелер бар. Эки өлкө ортосунда кылмыш иштерин ачуу боюнча бирдиктүү келишим болбогондуктан, өтүп кеткен мал-жандыкты кайтаруу, таап келүү кыйындык жаратат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
uragan007
2015-07-06 11:18:31
Аравандын Тоо-Моюн айыл аймагында да 20га жакын мал уурдалган болчу 1 ай мурда. Уурулар табыла элек. Милициялар ишти катыра албай жатат.
0
Rahim76
2015-07-06 19:41:10
uragan007,Озбекстанга кирип синип кетти малдарынар. Биз чек араны качан бышыктайбыз билбейм.
0
tynara81
2015-07-06 19:06:28
Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат деген туура. Ошолор эле уурдаса керек .
0
Rahim76
2015-07-06 19:39:04
Озбекстанга чектеш айылдардагы мал койлор бут Озбекстанга кирип синип кетет.Таабылбайт.Себеби озбек милициялары биздикилер менен иштешпейт.Кыскасы тоготпойт.Озубузго ишенип эл катуу бололу
0
zara-919
2015-07-06 20:33:54
бизде чек ара болсо бышыктайбызбы... тообо кылдым
0
aiperishka87
2015-07-07 06:47:54
Милициялар жалган жалаа менен бул кишилерди кармаган.кичине баланыда алдап сени антебиз минтебиз деп тушунук кат жаздырып алышканыда туура.уруп сабап моюнуна алдырышкан! эмне себеп менен антишип атат,бул жерде милициялардын да катышуусу бардай,чындык чыгат буйруса деген умуттобуз
-2
gitaris93
2015-07-12 06:04:59
Кимисине ишеништи да билбей калдым
0
ooki8888
2015-07-19 22:34:00
Ууру тойгончо жеп, олгончо карганат!
0
chingiz1987
2015-07-21 04:19:25
Милция кызматкерлерине такыр ишену болбойт. Козу м.н корбой,кантип ууру атыка чыгарат.кыйного алганда бардык киши кылбаган иштерди мойнуна алатда анкени жан ен ширин емеспи.
0
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан