Түнкү клубда, маршруттук таксиде, дүкөндө, деги койчу кайсы жерде болбосун «О Боже, мама, мама, я схожу с ума» деген ырды кулагыңыз эшитип жатса керек? Түшүндүңүз да окурман, мен Орусиянын сахнасына дал ушул ыры менен дүң этип келген ырчы Егор Крид тууралуу айтып бергим келип турат. Ал жөнүндө топтогон маалыматтарым сиздин купулуңузга толот деген ойдомун.
«ЛИЦЕЙ МЫРЗАСЫ» АТАЛГАН
Мындай атактуу хиттин аткаруучусу Егор Крид Орусиянын Пенза шаарында 1994-жылы 25-июнда туулган. Аны жердештери Егор Булаткин деп таанышат. Атасы Николай Пенза шаарындагы жаңгакты кайра иштетип чыгаруучу компаниянын жетекчиси, ал эми апасы Марина ошол эле ишкананын жетекчисинин орун басары. Мындан улам пензалыктар «Булаткиндердин жер төлөсүндө тыйын чычкандар эмгектенишет» деп тамашалап коюшат. Кыскасы, болочок жылдыздын жашоосунда жетишпестик, кыйын жашоо деген сыноолор болгон эмес. Бирок ал дайыма бардык нерсеге өзүм жетем деп айтчу. Жаштайынан тырышчаак, алдыга койгон максатынан кайтпаган жигит тууралуу анын класс жетекчиси Андрей Бояров мындай дейт: «Эсимде, ал менин классыма 9-класста келди. Аны биринчи жолу көргөнүмдө жүрөгүм түшүп кала жаздаган. Чачы такырайтып кырдырылган, кулагында сөйкө, денесинде чегилген сүрөттөр. Жаңы эле түрмөдөн чыгып келген баладай көрүнгөн. Бирок анын сырткы келбети жан дүйнөсү менен дал келбейт экен. Егор бат эле классташтары менен достошуп кетти. Ал жаштайынан адилеттикти сүйгөн, таланттуу, аракетчил жигит болчу. Жадакалса мектепте окуп жүргөндө сынакта «Лицей мырзасы» деген наамды утуп алган жайы бар».
Ал эми азыр ырчы туулуп-өскөн шаарына кээде эле ата-энесин көргөнү келип турат. Жердештерин кубантканы – ырчы жигиттин мурдагыдай жөнөкөй бойдон калганы.
ИНТЕРНЕТТЕ АТАКТУУ БОЛГОН
2011-жылы Егордун «Любовь в сети» аттуу ыры интернетте хитке айланган. Интернет ааламында жылдызга айланып жаткан жигит тууралуу атактуу рэпер Тиматинин да кулагы чалат. Жогорудагы ырын угуп жактырган соң Тимати жаш талантты Москвага чакырып, чогуу иштешүү сунушун киргизген. 2012-жылы кол коюлган келишимдин жемиши 2014-жылы жарык көргөн «Самая, самая» аттуу ыр менен келди окшойт. Анан албетте, Егор Орусия жана Орто Азиянын жылдызы болуп чыга келди.
СҮЙҮҮСҮ СҮРӨТТӨРДӨ
Кыздардын жүрөк оорусуна айланган бул жигиттин сүйүү романдары тууралуу сүрөттөр айтып берсин.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg