ЖЫЛДЫЗДАР ЖАРАМАЗАН АЙТЫШКАНДА...

Айлардын султаны болгон Рамазан айында жыл сайын өнөр адамдарынын башын бириктирип жарамазан айтып келебиз. Быйыл да бул жакшы жөрөлгөнү улай ырчылар Роза Шакирова, Кубаныч Сатаев, Азиза, Нурлан Насип, Кубаныч Ажыбаевдер комуз, аккордеон, шылдырактарды колго алып жарамазан кербенин баштадык.

Адегенде эле бул жылдын жарамазанчылары «Миң кыял FM» радиосунун эшигин каккыладык. Түз эфир учурунда кирип барган экенбиз, угармандарга сюрприз кылып эфирден да жарамазан айтууга үлгүрдүк. Бизди тосуп чыккан ди-джей Расул Мырзатегин «үйдө эч ким жок болчу, ошентсе да ырымын кылып коёюн» деп жарамазанчыларга кыстырма кыстырып, алардын батасын алды.

Кийинки сапарыбыз «Медиастар» студиясына карай уланды. Баштапкы шаңдан жазбаган жарамазанчылар режиссёр Сүйүн Откеевге болушунча тийишип жатышты. Режиссёр «Баарыңарга бирден клип тартып бергенге алым келбейт го. Андан көрө тыйын эле берейин» деп оңой кутулуу менен убара.

Багытыбыз «Дасмия» ресторанынын жаңыдан ачылган жайкы чарпаясы тарапка бурулду. Шаңдуу ырдап кирген таланттарды ресторандын кожейкеси Айсулуу Мамашева тосуп алды. Даам ооз тийип кеткиле деп сөрүлөрдүн бирине отургузду. Тамактын буруксуган жыты табитибизди ачып жиберет деп орозо кармаган жылдыздарыбыз шаштырып жатты. Кеч кирип, күн салкындай түшкөндө ырчы Анжеликанын сулуулук салонуна баш бактык...

Жигиттерге кыстырма кыстырып, кыздарга айымдарга арналган журнал берген Анжелика "менин да силерге кошулгум келип кетти" деп катарыбызга кошулду.

Күүгүм кирип калганда "Руханият" ассоциациясынын президенти Камалидин Токтосартовдун ак өргөөсүнө келдик. Шаңдуу жарамазанчыларды Камалидин мырза үй-бүлөсү менен тосуп чыгып, жарамазаныбызды айтып бүткүчө кызыгуу менен угуп турушту. Андан соң "Орозо кармаган аксакалдарды ооз ачарга чакырдым эле, алардын үстүнө келдиңер, даам ооз тийбесеңер болбойт" деп үй-бүлө кожоюну ак дасторконго чакырды.

Камалидин мырза куттуу үйдөн куру чыкпагыла деп өзү демөөрчүлүк кылып чыгарган Рыспай Абдыкадыров тууралуу «Ырдын пири Рыспай» деген китепти тартуу кылды. Ал эми жубайы Бактыгүл жигиттерге калпак, айымдардын башына жоолук, баштыктарга таттуулардан салып берип узатышты. Ошентип түн ичинде сапарыбыз карып, ыйык Орозо айында ар бир үйгө ырыскы, кут консун, кармаган орозоңор кабыл болсун деген тилек менен үйлөрүбүзгө тарадык.

"Акактап калдык, тилибиз кургап оозубузга батпай баратат" деп безеленген ырчылар Кубаныч Ажыбаев менен Нурлан Насип ушул берекелүү дасторкондон ооз ачышты.

Ошентип түн ичинде сапарыбыз карып, ыйык Орозо айында ар бир үйгө ырыскы, кут консун, кармаган орозоңор кабыл болсун деген тилек менен үйлөрүбүзгө тарадык.

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жарамазан айтып, көңүл ток кайттык
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
nur16
2015-07-06 09:27:50
соооонуН
0
Apsi
2015-07-06 09:32:22
Азаматсынар!
0
KYRGYZ-stan
2015-07-06 10:06:14
высший
0
Gulzat86
2015-07-06 10:22:00
Озу бизде сонун да орозо айындагы жарамазан да конулду которот.Озунчо бир салттай.Ырчылар жыргаптыр биротоло эс алып келишиптир.
+1
SweetLady
2015-07-06 10:41:10
Азаматсыңар сонун болуптур! Кубаныч Ажыматов менен Нурлан Насип туткан орозоңор кабыл болсун!
0
ertur
2015-07-06 16:25:17
орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун
+1
Feride-12
2015-07-06 16:46:43
Азаматсынар онорунор оркундой берсин!
0
magic1721
2015-07-07 23:33:33
орозо туткандар кундузу персик банан жеп кетишиптир го )))
0
Ayka1994
2015-07-08 03:39:01
охххооо сонунго Азаматсынар
0
bektursun2010
2015-07-15 21:40:18
класс
0
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан