Эмил Балтагулов, ырчы: «БУЗУКУЛАРДЫН АЙЫНАН АТАМДЫ ТААРЫНТЫП АЛГАМ»

Эмил Балтагуловдун «Ичпечи, апа» аттуу ыры чыкканда «апасы ичимдикке жакын экен, чыныгы турмушунан алып жазыптыр» деп айтып чыккандар болгон. Эмил мырза интервьюларынын биринде «1-класска барарда атам менен апамдын оту күйүшпөй ажырашып кетишип, тагдырдын сыноосуна ошол күндөн баштап туш боло баштагам. Апам турмуш жаңыртып, мен өгөй атанын колуна бардым. Өгөй атам ичип келип апамды сабап, ага кошуп кичинекей эки баласын сабап эле жатып калчу» деп эскергени бар. Эргүү келгенде турмуштук обондорду жаратып коём деген ырчынын кезектеги маеги назарыңыздарда.

– Эмил мырза, саламатсызбы? Өнөрлүү адамдардан чыгармачылыктагы жаңылыктарын сурабаса, шарт бузулат дешет. Сиз жетектеген «Сезим» тобунда кандай жаңылыктар, жылыштар болуп жатат?
– Топтун курамын жаңылоо максатында сынак жарыялаган элек. Ага 50дөн ашык жаш таланттар катышты. Арасынан эң мыкты делген, музыканы түшүнгөн, идиректүү сегиз жаш талантты тандап алдык. Бул топто балдар жана кыздардан түзүлгөн эки курам бар. Жакында эле балдар тобуна эки ыр, кыздар тобуна эки ыр жаздырып бүттүк. Буюрса, клип тартуунун алдында турабыз.

– Жалал-Абад облусунун филармониясынын директорунун орун басары болуп иштеп келе жатасыз. Мамлекеттик кызмат чыгармачылыкка кедергисин тийгизбейт бекен?
– Жетекчи болуу жеңил эмес экенин аталган кызматка дайындала электе эле билчүмүн. Азыр жетекчи болуунун оң-терс жактарын башымдан өткөрүп жатам. Терс жагы – чыгармачылыкка короткон убактыңды талашат. Жаңы ыр, обон жаздырып баштайын десем, жумушта идеясыз калам, жумушум менен алек болоюн десем, жаңы ырсыз калам. Ушундай экен деп кол куушуруп отуруп алайын десең, баарынан куру каласың. Ошондуктан кезеги менен иштеп, эки жакты тең алып кеткенге далалат кылып жатам.

– "Чыгармачылыкка билек түрө кириштим" деп борбор калаага көчүп келдиңиз эле. Бишкекте көпкө кармалбастан кайра Ошко кетип калышыңызды кандай түшүнсөк болот?
– Борбордо жашап жүрүп чыгармачылык аркылуу көптөгөн досторду таптым. Сокулук районунан үйлүү болгонго да жетиштим. Ошентсе да эркек бала ата-эне, тууган-уругуна жакын жашаганы дурус деп түшүнөм. Чоң атамдан бат-бат кабар алып турбасам, куса болуп кетем. Аларга жакыныраак болоюн деп кайра Ошко көчүп келдим. Жумушума байланыштуу азыр Жалал-Абадда жашап жатам.

– Бир калыпта келе жаткан ырчылардын катарын толуктайсыз. Жалпы аудиторияны дүң кылган "Ичпечи апа" сыяктуу чыгарма көптөн бери жарата элексиз. Бул сиздин чабалдыгыңыздан кабар бербейби?
– "Марага жетчү күлүк жай, анан бир калыпта чуркайт" деген кеп бар эмеспи. Дуу деп жанып, кайра жалп этип өчкөндөрдөн болгум келбейт.

– Адатта чыгармачыл адамдар канында таланттуулардын болгонун айтып калышат. Бул өнөр сизге ким аркылуу өткөн?
– Ырчылык мага атамдан да, апамдан да өткөн. Экөө тең таланттуу кишилер. Атам аккордеон тартып ырдаса, апам комуздун коштоосунда ырдап жүрөт. Чоң атам да комузда кол ойноткон адам. Бала кезимден тартып анын керемет күүлөрүн угуп чоңойдум.

– Көпчүлүк ырларыңыз өзүңүздүн жашооңуздан алынган дешет. Бир ирет айылыңызга концерт коюп барганыңызда ата тууралуу ырдаган ырыңыз атаңызга катуу сокку болуп, сизге таарынычын билгизген экен...
– Ал концертиме атам келген эмес, ырды деле уккан эмес. Ортодо бузукулар туура эмес жеткиришип, атамдын мага таарынганы чын. Эгерде ал ырды өзү уккан болсо, тескерисинче, ыйламак. Анткени ырдын маанисинде атама болгон сагынычым айтылган болчу.

– Балалыгыңызда таттуу күндөргө караганда, оор, кейиштүү күндөрдү кечиргениңизди айтканыңыз бар. Ата-энеңиз ажырашып, өгөй эненин колунда, апаңыз алып кеткенде өгөй атанын да тарбиясын көрдүңүз. Артта калган ошол күндөрдү эстейсизби?
– Убагында ал күндөрдү эстеп өксүп, өкүнсөм керек. Бирок кээ бир жаман нерсе чоң ийгиликке, жакшылыкка жол ачат экен. Кудайга шүгүр, элдин батасы, алкышы менен аздыр-көптүр бийиктиктерге жетип жатам. Өткөндү эстеп муңайганга караганда, бүгүнкү күндөгү бактылуу жашоом мени кубандырат.

– Азыр ата-энеңиз менен мамилеңиз кандай, өзүңүз кандай атасыз?
– Ата-энем менен эң сонун мамиледемин, баары жакшы. Өзүм жакшы атамын десем мактангандай болуп калбайын (күлүп). Ата-энем ичимдиктин айынан эки башка жолго түшкөндүктөн, мен ичимдик ичкен жокмун. Кудай буюрса, бир ата, бир апалуу үй-бүлө түптөөгө аракет кылуудамын.

– Жубайыңыз дагы кез-кезде ырдап калчу. Акыркы убактарда ырдабай калды. Ырдатпайм деп чечтиңизби?
– Жубайым көп ырдабайт. Жаңы баш кошкондо «мени ырдатам деп айттыңыз эле, эмнеге аткарбай жатасыз?» деп бир аз таарынгансып жүрдү. Мен ага ырдабай эле кыздарымдын кашында болуусун түшүндүрдүм. Азыр өзү да ырдабай эле үйдө отурайын деп калат. Кээде өзүм менен кошо барган жерлерде жардамчы болуп жүрөт. Жыргалчылык, кыйынчылыктарда ар дайым жаныңда болсо, бул жакшы нерсе да.

– Жеңебиз кош бойлуу экен. Эки кыздан кийин мураскер күтүп жатсаңыз керек?
– Бергенин алабыз. Келинчегиме бир да жолу уул төрөбөйсүң деп айткан эмесмин. Кээде өзү «бул жолу да кыз төрөп калсам эмне болот?» деп сурап калат. Кыз болсо эмне экен? Мээримдүү жан болот. Биз үчүн эң башкысы ден соолугу бекем, өмүрү узун, ыйманы ысык наристе болсо болду.

– Улуу адамдардан «жубайың наристе төрөп бергенден кийин желекти талаша баштайт» деп айтканын угуп калабыз. Үйдө лидерликти талашпайбы?
– Үй-бүлөдө лидерликти талашуу деле жок. Алдыга маселе коюп, пландаганда «кабыргам» менен сөзсүз акылдашам.

– Кыздарыңыз менен дуэт ырдап чыктыңыз. Аларды ырчы кылып, ошол жол аркылуу каражат табууну ойлогон жоксузбу?
– Кыздарыбыз ыр-бийге жөндөмдүү. Ырдабай жүрө албайт. Таланты байкалып турса, кантип ырдатпай коёюн. Кыздарым мектепти аяктаганча ырдап, андан кийин жакшы кесиптин ээси болсо деп ойлоп жүрөм.

– Үй салып жатыптырсыз. Үй-бүлөлүк бюджетиңизди чыгармачылыктан тапкан тыйын менен толтурасызбы? Же кошумча каржы булагыңыз барбы?
– Чыгармачылыктан тапкан каражат менен жашап түндүк көтөрүп, ата-эне, үй-бүлөбүздү багып, коломтобуздагы отту тутантып келе жатабыз.

– Ак өргөөңүздүн кайсы жерин устанын жардамысыз, өз колуңуз менен бүтүрдүңүз?
– Электр зымдарын тартып, сантехникалык иштерин өз колум менен бүтүрдүм. Келинчегим «эки жумуш болот, сиздин колуңуздан келбейт. Кайра устага жасатууга туура келбесин» дегенине көнбөй жасадым эле. Бүткөндөн кийин суу киргизсем, айрым жерлеринен суу агып кетсе болобу. «Мен сизге устага эле жасаталы деп айткам» деп келинчегим кейип баштаганда, «токтой тур, өзүм эле оңдоп коём» деп кемчилик кеткен жерлерин түзөп койдум. Кудайга шүгүр, жакшы эле иштеп жатат.

– Маегиңизге рахмат. Үй-бүлөңүз менен бактылуу турмуш кечириңиз!

"Кыздарым апасын аябай жакшы көрүшөт, бирок мага жакын".

"Чет жерге чыкканда мекенимди, үй-бүлөмдү сагынып, көпкө кармалбайм".

"Апам менен. Балалыгымды эске салган сүрөттөрдүн бири".

Султан Төрөбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эмил Балтагулов: "Жубайым мени азыркыга чейин агай дейт"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Gulzat86
2015-07-06 09:50:25
Сонун маек болуптур.Коломтонордун оту очпосун.Кыздары менен ырдаган ырын кайра-кайра угуп эс алам.Айрыкча араб тилиндеги саламдашуусу без акцент.Журокту жибитет ко.
-1
insap
2015-07-06 11:16:45
Эмил балтагуловдун «ичпечи апа» аттуу ыры адамды чыныгы таасирлентет, үнү да, үнүнө жуурулушкан сезими да укмуш...
+1
hanisa
2015-07-06 12:42:51
Super Info Elina Abai kyzynan dele intervyu algylachy
0
marat0989
2015-07-06 12:56:39
Аялы апасына окшош экен аябай)))
0
Izdeim_seni.
2015-07-06 12:57:14
Эмил,кара шым менен ачык тустогу байпакты кийбениз.
-2
aikol87
2015-07-06 13:21:59
Бактылуу уй булоо.Кыздары менен ырдаган ыры сонун чыккан.Дайыма ушундай жонокойлуктон жазбаныз.Чыгармачылык ийгилик.
0
gul1987
2015-07-06 17:04:16
Бактылуу болунуздар. татынакай кыздары бар экен. Чыгармачылык ийгилик
0
maestro123
2015-07-06 19:48:45
Эмил мыкты жигит. Адамгерчиликтүү мамилеси бар чыныгы мыкты инсан. Ылайым ушул сапаттан жазба иним. Үйбүлөлүк бакыт тилейм.
0
mmambet94
2015-07-07 02:07:17
Ырларын кооп угам, жакшы ырдайт! Бактылуу болунуздар!
0
mmambet94
2015-07-07 02:13:33
Урматтуу Супер инфо сиздерден сураныч, колдон келсе ХХХ ХХХ да Кишимжан деген кыздын ырдаган видеолору тан калтырчуу уну менен танкалтырып жатат, ошол кыз тууралуу маалымат издеп корунуздорчу, интервью алсаныздар абдан сонун болмок! Рахмат.
0
admin_media
2015-07-09 12:12:45
mmambet94,
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн БАНга! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коебуз, рахмат!
0
aiziko_1997
2015-07-07 18:47:44
Абдаан жагат Эмил жана анын уй-булосу.
0
piratsoft
2015-07-13 02:14:28
Бүгүн өзүнүн айылында концерт берип жүрөт нур тобу менен. Эмилдин атасынын аты Аширбек Балтагулов "Кыргызалтында" Геологияда иштейт атасы да таланттуу киши.
0
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан