24-июнь күнү бизге Орусиянын Тюмень шаарында эмгектенген, өзүн Гүлбарчын Акматова деп тааныштырган 28 жаштагы мекендешибиз телефон чалып, «куудул Тынар Курбаналиев мени бир жигитке сабатып салды» деп арыз-муңун айтты. Ал өз сөзүндө: «21-июнь күнү куудул Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиевдер Орусиянын Тюмень шаарына концерт коюп келишкен. Концерт көрүү үчүн эл катары курбу кызым экөөбүз барганбыз. Концерттин уландысы Тюмень шаарындагы «Биримдик» кафесинде болуп, ал жерге да барган элек. Ошол жерден Тынар Курбаналиев Тюмендеги кыргыздардын «авторитети» болгон Каныбек аттуу жигитке мени көрсөтүп «ушул кызды бир түнгө сүйлөшүп бер» деп айтыптыр. Курбум экөөбүз отурсак, Каныбек келип «эшикке чыкпайлыбы, концерт жактыбы?» деп сурап жакшы эле мамиле жасады. Оюмда эч нерсе жок сыртка чыксам, машинеде Тынар Курбаналиев отуруптур. Каныбек мага «Тынар менен тааныш, машинеге отур» дегенде эле бир нерседен шекшип, жамандыкты сезип отурбайм деп басып кеттим. Каныбек мага «отурбагандай сен кимсиң?! Мен далай кыздарды отургузуп жүргөм» деп жаагыма бир чапты. Каныбектин мени сабап жатканын көрсө да, Тынар Курбаналиев үн катпай машинеде карап отурду. Бети-башым шишип ыйлаган боюнча полицияга барып арыз жаздым. Арыз менен Эл аралык сотко да кайрылгам, бир-эки жумада ишим каралат экен. Эгер Тынар Курбаналиев буйрутма берип бир түнгө сурабаганда мындай акыбалда калбайт элем. Эл көзүндө жүргөн артисттердин жүзү ушул болсо, калганы кайда барат?»,- деп ыйламсырады.
Бул окуя боюнча куудулга байланышканыбызда: «Бул тууралуу биринчи жолу угуп жатам. Ар ким ар нерсе дей берет. Өткөндө Борончуну камап коюптур деген ушак тараган эле. Биздин артыбыздан жаман сөз айткандан көрө Кудайдын улуу күнүндө орозо кармашса жакшы болмок» деген жообун узатты.