2009-ЖЫЛ ШОУ-БИЗНЕС ӨКҮЛДӨРҮНӨ ЭМНЕ ТАРТУУЛАДЫ?

Жыл жыйынтык

Жаңы жылдын босогосун аттаарда артка кылчая карап, өтүп бараткан уй жылы шоу-бизнес өкүлдөрүнө эмне берди, саресеп салып көрөлү.

МИРБЕК 30 БАЛАНЫН ООЗУНА ТҮКҮРДҮ
Көпчүлүк кыздар үчүн “лапочка” болгон Мирбек Атабековго бул жыл ийгиликтүү болду окшойт. Анткени Мирбектин мырза экенине карабай, колун сурап куда түшүп келгендер болду. Ырчынын «Ошондо жакшы болобу?» деген ыры өзбек тилине которулса, “Кыргызстаным” деген ыры казак тилинде жаңырды. Кыргызстанды кыдырып концерт бергенде “уулум сендей болсун” деп ата-энелер баласынын оозуна Мирбекти түкүртүп жатышты. Ырчы санай келсе, 30дан ашуун наристенин оозуна түкүрүптүр. Эки жолу машина, 5 жолу телефон номерин алмаштырды. Ырчынын бир жылдык кирешесин сураганыбызда так суммасын айтуудан качты. Бирок бир күндө 10 тойго чакыруу түшүп жаткан Мирбекти эң көп киреше тапкан ырчы деп таптык.

АНЖЕЛИКА ЭКИ ӨКҮЛ БАЛАЛУУ БОЛДУ
Жаштыгына карабай баарына жетишкен Анжелика өтүп бара жаткан жылы Айчүрөк эжекеси менен Кытайга, “Камбаркан” тобу менен Швейцарияга барып келди. “Цирк ханышасы” аталып, 160 миң сомдук алтын таажы кийди. Эки жолу машина алмаштырып, кызы Айымды балдар бакчасына берди. Таластагы кайын журтуна эки жолу барып келиндик милдетин аткарып келди. Эки өкүл балалуу болгонго жетишип, эки жолу ооруканага да жатып чыкты. Ошондой эле кайрымдуулук концертин берди. Иштеп эле тим болбостон, көп суммадагы акчаны кийинүүгө коротту. Баш-аягы жети ыр жаздырган. Ушунча эмгегинин жыйынтыгында Маданияттын мыкты кызматкери наамын да алды. Бул жылы Айчүрөк эжеси менен бир аз таарынышып, кайра табышканын да белгилей кетели.

УРМАТ, НЕЛЯ ҮЧҮН СҮЙҮҮ ЖЫЛЫ БОЛДУ
Бир бүтүнгө айланган бул эки жылдыз үчүн уй жылы ийгиликтүү жылдардан болду. Анткени бал шириндер сүйүшкөндөр күнүнө карата жеке концертин беришти. Андан көп өтпөй сүйүүсүн элге даңазалап, үйлөнүү тоюн өткөрүштү. Сөздөрү жеткен менен, көздөрү жетпей жүргөн Америкага барып бал айын өткөрүп келишти. Экөөнүн сүйүүсүнөн жаралган “Ак сүйүү” ыры хитке айланып, ашыктардын гимни болуп калды дегендей. Анан август айында Нурэл аттуу уулдуу болушту. Бала жытына мас болгон Урмат чыгармачылыктан четте калбай, “Өмүр кемеси” аттуу ырын жазды. Баса, жылдыздар ак өргөөлүү болуп үйдү өзгөчө жасалгалап, ичин толтуруп да алышты. Урук-тууган, жакындарына үй той, жээнтек той берип бата алышты.

ИЛЬЯЗДЫН ЭКИ ЫРЫ КАЗАК
ТИЛИНЕ КОТОРУЛДУ
Таланттуу ырчы Ильяз быйыл тынчыган жок. «Азап» аттуу ыр жаратып, канчалаган кыздардын жүрөгүн азапка салды. Ырчынын «Лейли», «Апакем» деген ыры казак тилине которулуп, баурдас туугандарда да белгилүү болду. Элге жеке концертин тартуулап, “Каспий” тобун алып келип кыргызча ырдатты. Ошондой эле Түркияда уюштурулган концертке катышып, эс алып келди. Кыргызстанды түрө кыдырып концерт берип, күйөрмандарын кубантты. Жаштыгына карабай, бул ырчынын жеке жашоосу да четте калган жок. Себеби ырчы үйүн кеңейтип, кымбат баадагы машиналуу болду. Аны менен катар Нарын жайлоосунда бир ай эс алып, саамал ичип келди.

ДҮЙНӨ КЕЗГЕН БАКТЫГҮЛ
Бардык жагынан бактылуу ырчы Бактыгүл үчүн быйыл жемиштүү жылдардан болду. Өзүнүн берген маалыматына таянсак, ырчы чоң энесинин кыркын өткөрүп, сооп иш жасады. Дене-мүчөсүн “реставрация” кылып 6 килограммга арыктады. Кытайга барып клип тарттырып, 40 миң долларга ойноп-күлүп келди. Сулуу ырчы жеке концертин берип, эскизин өзү чийген кийимдеринин топтомун көрсөттү. Жигити бриллиант көздүү шакек белек кылып, колун сураганда “бир аз саякаттап алайын” деп турмушка чыкпай койду. Андан соң Америкага кетип, ал жактын жигиттери жагып калганбы, жыл жаңырарда мекенине араң келди.

КЕНЖЕ БЕЛЕККЕ МАШИНА АЛДЫ
“Кыз-Бурак” тобунун атаманы, 2009-жылдын супер ырчы айымы Кенже быйыл буту күйгөн тооктой эле чуркады. Жыл ичинде Оштон Бишкекке канча жолу келип кеткенин айтпай эле коёлу. Орусиянын, Казакстандын бир топ шаарларында концерт бергенге жетишти. Бишкекке да аншлаг менен концерт коюшту. “Кыз-Бурак” 12 ыр жаздырып, 12 клип тарттырса, анын үчөө Кенженики. Сахна үчүн 5 бут кийим жана 4 форма тиктирип, төртөөнү сатып алды. Ырчы айым быйыл эмнегедир асем буюмга көп басым жасаптыр. Анткени күмүш, алтын жасалгалары кутучасына батпай калган. Гүлшайыр эжесинен машина белекке алып, бул жыл эсебинен 2 килограммга толуптур. Эс алууга убакыт жок болгондуктан, жайында 1 эле күн көлгө түшкөнгө жетишкен.

СУЛТАН ПРОДЮСЕРИНЕН ДА, СҮЙГӨНҮНӨН ДА АЖЫРАДЫ
Ырчы Султан жыл башында жакшы эле иштеп жаткандай болгон. Себеби жеке концертинде элди ашыгы менен тааныштырып, бир топ райондорго концерт коюп барган болчу. Чыгармачылыгынан сырткары ырчы жигиттик кылып атасынын 60 жылдык тоюн өткөрүп, элден бата алганга жетишти. Анан эле жылдын экинчи жарымында ырчыны сыйпалап таппай калдык. Көрсө, жигит бул мезгилде продюсеринен эле эмес, сүйгөнүнөн да ажырап маанайы жок жүргөн экен. “Мезгил дарылайт” демекчи, учурда Султандын жарааты айыгып, продюсер Рысбек Жабиров менен иштеше баштаган учуру.

ДАЙЫР АШЫК БОЛГОН СЕЛКИЛЕРДИН
САНЫН КӨБӨЙТТҮ
Бул жылы Дайыр жеке концертин Нарында өткөрүп келди. Жыл башында эле “Жүрөк дарты” аттуу ыры хитке айланып, ЭлТР телеканалынан жеңишке жетишип, байгесине бир клип тарттырып алды. Өзүнүн жана апасынын туулган күнүн өзгөчө кылып кичи мекени Өзгөндө өткөрдү. Бир ай Кыргызстанды кыдырып, гастролдо болгон ырчы белгилүү университеттердин бирине психология сабагынан мугалим болуп ишке орношту. Дайыр эки жолу машина алмаштырып, 2 концерттик форма тиктирди. 6 жолу телефон номерин өзгөртүп, жоготкону, уурдатканы кошулуп 10 уюлдук телефон алмаштырды. Азырынча жүрөгү эч кимге багына элек ырчы ашык болгон селкилерин санаганга манжасы жетпей койду.

КЫСКАЧА...
Темир тулпарлуу болгондор: Жаныш Момунов, Ильяз Андаш, Назира Жетигенова, Алтын Мырза, Динара Акулова, Айпери Кубик кызы, Канат Култаев, Жеңишбек Айтиев, Айдин Шер.
Сыйлык алгандар: Каныкей Эралиева, Юрий Бобков Эл артисти, ал эми Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева, Алина Жетигенова, Расул Маматкулов Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти болушту. Темир Назаров, Нурзат Токтосунова, Назгүл Насиева, Сема, Жанета Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланышты.
Балалуу болгондор: Турдалы Аскарбеков , Назира Айтбекова, Таалайбек Турдубаев, Токтобек Асаналиев, Замир Арыкбаев, Ташкент кызы Гүл, Темир Назаров бешик терметишсе, Назми наристе күтүүдө.
Турмуш кургандар: Айбек менен Гүланда, Дениза Акылбек кызы, Жанарбек, Айя Садырова, Кайрат Примбердиев, Жылдыз Сегизбаева, Назми, Чолпон Чотбаевалардын бир башы эки баш болду.
Ажырашуулар: Гүлжигит Сатибеков, Сапар Эркебаев жубайлары менен ажырашты. Аида Кулуева, Эрмек Маматов продюсери Назгүл Насиева менен, Бекчоро менен Семетей, Динара Эсенгулова менен Султан Садыралиев иштешпей калышты.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Robingud
2010-01-08 20:00:15
tuy ata,emi 30 bala kun sayin kundu janirtip yr4y bolot turbaybi Mirbekke tartsa.
0
№ 374, 1-7-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан