АЙТУРГАН ТЕМИРОВА КАЗАКСТАНДЫН ЭЛ АРТИСТИ БОЛОБУ?

Казакстандын Актөбе облусунун активисттери өлкө ажосу Нурсултан Назарбаевге кыргызстандык актриса Айтурган Темировага «Казакстандын Эл артисти» наамын ыйгаруу сунушу менен кайрылышты. Анткени Айтурган Темирова легендарлуу советтик снайпер, казак кызы Алия Молдагулова тууралуу «Снайпер» деген тасмада Алиянын ролун жеткире аткарган. Актрисанын бул эмгегин баалаган казак эли аны аталган сыйлыкка татыктуу деп эсептешти. Улуу Ата Мекендик согушта каршылаштардын 78 жоокерин окко учурган көзгө атар Алия Актөбе облусунан болот. Аталган облустта эстелиги да бар, бул жылы анын 90 жылдыгы белгиленип, иш-чарага Айтурган Темирова да чакырылган.
Эске салсак, былтыр Кыргыз Эл артисти Айтурган Темированы Нурсултан Назарбаев II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлаган.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Izdeim_seni.
2015-07-06 12:53:33
Мына,накта талантту актриса деп ушу эжебизди айтыш керек,ийгилик сизге Айтурган эже!
+2
lolo
2015-07-06 14:56:08
Kuttuktaibyz ejeni, mykty aktrisa!!! Kg el artisin ala elekpi???
0
nurzada78
2015-07-06 16:34:37
Биздин кыргыздар унутуп эле калды окшойт Айтурган Темированы!
+1
momuntay
2015-07-06 23:38:03
Эже азыр деле Чехияда болсо керек менимче.
0
Rasul_Rahmanaliev
2015-07-12 12:31:07
достор кайрылуум бар силерге!! Маалыматты толук кандуу окуп анан коменттарий жазсаңызар.Маалыматта "Эске салсак, былтыр Кыргыз Эл артисти Айтурган Темированы Нурсултан Назарбаев II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлаган"деп турат. Айтурган айым КР Эл артисти деген наамды,андан тышкары көптөгөн наамдарды алган. Казакстан эл артисти деген наамга сунуш болгон экен. Негизи көпчүлүк башка логин менен кирип,толук маалыматсыз ар түрдүү пикирлерди жаза берүүнүн эрежесин унутуп бараткан экенсиңер!!!!!
0
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан