«Кыргызстан – менин таланттарым» сынагынын финалчысы Айыма Айылчиева казакстандыктардын «K-Top Idol» деп аталган телешоусунун продюсерлери менен келишим түзүп, «KTI girls» аттуу кыздар тобунун солисти болуп ырдап жүргөн. Бирок 17 жаштагы Айыма долбоорго катышуудан баш тартып, топтон кеткенин айтат.
«K-Top Idol» музыкалык долбооруна Казакстандын сахнасын багындыруу максатында катышкам. Тилекке каршы, аталган долбоор менен иштешүүнү токтотуп мекениме кайтып келдим. Чыгармачылыгымды бул жактан эле улантам. Жакында Жолдошбек Мамажановдун «Ак бата» деген ырына оператор досум Миша Емге клип тарттырдым. Буюрса, дагы жаңы эмгектериме күбө болосуздар»,- дейт.