«МЕЙКИН АЗИЯ» ФЕСТИВАЛЫ СТАРТТА

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги популярдуу музыка аткаруучулар арасында өтчү II Эл аралык «Мейкин Азия» фестивалын 22-26-июль күндөрү өткөрүүнү пландоодо. Фестивалга Азия жана Европа өлкөлөрүнүн мыкты аткаруучулары катышып, ал эми конок катары Кытай, Орусия, Япония,Түркия, Түштүк Кореядан ырчылар келишмекчи. Иш-чаранын жүрүшүн түркиялык «TRT Avaz» телеканалы чагылдырып, 25тен ашуун өлкөдө көрсөтөт. Кошумчалай кетсек, аталган фестиваль алгачкы жолу 2013-жылы кыргыз бермети Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, казак ырчысы Димаш Кудайбергенов жеңүүчү аталган. Ал эми 2014-жылы аталган сынак 16-20-июлга белгиленип, бирок фестиваль акча каражатынын жоктугуна байланыштуу өткөрүлбөй калган.

star@super.кg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rasul_Rahmanaliev
2015-07-12 07:24:57
сонун! Таланттар такшала берсин.Кыргызстандан баягы эле таланттар катышса керек.Жаны таланттарды чыгарышса болмок...кайталанма ырчылар катышат го.
0
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан