ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (6-июлдан 12-июлга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада сиз чыр-чатакка аралашпай, эч кимге кеңеш бербей, жашоосуна киришпегенге аракет кылыңыз. Анткени чөйрөңүз сизди туура эмес түшүнүп калышы мүмкүн. Үй-бүлөңүз сиздин камкордугуңузга муктаж болуп жаткан учур. Аларга убактыңызды бөлгөнгө аракет кылыңыз. Шейшемби күндөрү сизге каршылаш адамдардын арасында жалгыз калышыңыз мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Өжөрлөнүп жатып ийгиликке жетем десеңиз жаңыласыз. Башкалардын пикирин да укканга даяр болуңуз. Аптада сабырдуу жана өзүңүзгө ишенимдүү болсоңуз утасыз. Иште ийгиликтер күткөнү менен, үй-бүлө маселелери тынчыңызды алат. Айрымдар юридикалык документтер менен алаксыйт.
Дүйшөмбүдө сизге пайдасы тие турган адамдар менен таанышасыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта сиз үчүн ийгиликтүү болушу күтүлөт. Жаңы идеялар жаралып, энергияңыз ашып ташып, аларды
тез ишке ашырганга ашыгасыз. Бирок энергияңызды туура эмес нукка кетирип албаңыз. Ден соолугуңузду жакшылап караңыз. Көчөдөн тамак жеп ууланып калуу коркунучун алдын алыңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада улам бир тоскоолдуктар жаралат. Чечүүдө өз тажрыйбаңызга гана таянбай, улуулардан да кеңеш сурап койсоңуз ашыкча болбойт. Шаршембиде чоң буюм сатып алуу кыялыңыз орундалат. Жеке жашоодо сүйүктүүңүз талаптарды коюп, ойлонууга түртөт. Бардыгын таразалап, туура чечим чыгарууга аракет кылыңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Сиз үчүн олжолуу апта. Күтүүсүз белек алып же чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралып кубанасыз. Ийгилик кушунун куйругун кармап калыңыз. Ошол эле учурда жакын адамыңыз менен түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Дем алышты жаш балдар менен өткөрсөңүз, сизге жакшы энергия, сергек маанай тартуулашат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ички туюмуңуз менен сизге жакындап калган кырсыктын алдын аласыз. Апта сизге түйшүк гана эмес, коркунуч да жаратышы мүмкүн. Жаныңызга ашыкча акча
алып жүрбөгөнгө аракет кылыңыз, анткени ууру же тоногучтардын курмандыгы болуп калуу коркунучу бар. Жан дүйнөңүздүн гармонияда болушуна кам көрүңүз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада сизге каржылык планда болжогонуңуздай каражат табууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок жылдыздар биринчи кезекте саламаттыгыңызды жакшылап чыңдап алууну эскертишет.
Жума күнү жүрөгүңүзгө жакын адамга жолугуп, сыр чечишесиз. Дем алышты үй-бүлөңүздүн курчоосунда өткөрөсүз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Юридикалык маселелер чыгышы күтүлөт. Иштин жыйынтыгы сизди канааттандырбай ачууңуз келиши мүмкүн. Бирок шашпай, кылдат ойлонуп чыксаңыз, бул маселенин да аягына чыга аласыз. Бейшемби күнү алыс жактан кабар алып сүйүнөсүз. Спорт менен машыгып, ден соолукка кам көрүп, энергия топтогонго аракет кылыңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада маанилүү документти жоготуп жиберип, чоң суммадагы акчага чыгым болушуңуз ыктымал. Ал эми үй-бүлөдө чыр-чатак болушу күтүлөт. Ишиңизде, тескерисинче, маанайыңыз көтөрүлүп, ийгилик коштойт. Дем алыш күндөрү досторуңуз менен жолугуп, чер жазып сүйлөшүү сизге пайда алып келет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Көз карашыңызды түп тамырынан бери өзгөртө турган учур. Сизге абройлуу, таланттуу адам жол көрсөтүп карьераңызга жол салышы мүмкүн. Ашыкча чыгымдарга жол бербеңиз. Пайдасыз деп эсептеген достордон айрылуу мезгили келип жетти. Жаракатка кабылбоо үчүн курч нерселер менен иштөөдө этият болуңуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта сиз үчүн ийгиликтүү болот. Жакын адамдарыңыздын курчоосунда жагымдуу мүнөттөрдү өткөрөсүз. Өзүңүзгө сын көз караш менен карай турган мезгил келди.
Айланадагылардын сиздин кемчилигиңизди чукуп көрсөтүшүнө даяр болуңуз. Дем алыш күндөрү табият коюнунда эс алып, өзүңүздү жакшы сезип каласыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Сизге аптада талбай эмгектенүүгө туура келет. Өзүңүздүн жумуштагы ордуңуз үчүн өжөрлөнө күрөшүүгө даяр болуңуз. Ойлоп табуучулук жөндөмүңүздү колдонсоңуз, ишиңизди алга жылдырып аласыз. Тобокел иштерге аралашпаңыз. Жаңы адамдар менен таанышуу, үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөө жагынан жолдуу болосуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
zh.baxa
2015-07-11 16:52:55
мен эгиздер жылдызымын, негедир эмне жазылса баардыгы тууру келет
0
Daniel_-_
2015-07-12 00:38:07
Бийкечтерди дагын бир карап койбосторбу ото эле начар айларгоо?!
0
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан