ЯПОНИЯ: САМУРАЙЛАР КАНТИП САТУУЧУГА АЙЛАНГАН?

Борбору – Токио
Аянты – 378 миң чарчы чакырымга жакын
Калкынын саны – 125 миллион кишиден ашуун, 99 пайызын япондор түзөт
Тили – япон

«Ата-энелер эмгектенип жатышканда балдары жыргал жашоодон башканы билбесе, анда неберелери кайырчы болушат». Япондорго таандык бул накыл кепте бүтүндөй калктын жана аралдын ийгилигинин ачкычы жаткандай туюлат.

ЧӨГӨЛӨГӨН ЯПОНИЯ КАНТИП КӨКӨЛӨГӨН?
1945-жыл. Уясынан чыгып келе жаткан күн жергесинин абалы АКШ таштаган эки атомдук бомбадан кийин тозок кейиптенип калган эле. Токиодо имараттардын бири калбай талкаланып, транспорт жүрбөй, заводдор жана ишканалар жабылган болчу.
1964-жыл. Токио Олимпиада оюндарынын борбору катары планетанын төрт бурчунан спортчуларды, конокторду тосуп алган.
Бул чоң өзгөрүүлөр орун алган дээрлик 20 жыл профессор-экономист Хироми Арисаванын аты-жөнү менен башталат. Ал 1946-жылы Япониянын экономикасын калыбына келтирүү боюнча план жазып чыккан. Чү дегенде эле өлкөдөгү тыйын-тыпырдын баары кара металлургия тармагына жумшалып, андан чыккан болот шахта, кеме жана имараттарды курууга иштетилет. 1950-1970-жылдарда болот куюу өнөр жайы боюнча Япония дүйнөлүк рынокто башкы саптарга чыгат. 1960-жылдардан тартып япондор үй тиричилик техникасы, аудио жана видеотехника чыгара баштап, дүйнөлүк масштабда бул рыноктун тең жарымын ээлөөгө жетишкен. «Yamaha», «Pioneer», «Panasonic», «Konica», «Nikon», «JVC», «Hitachi», «Canon» – бул электрондук техника чыгарган компаниялардын чети гана.
Эң башкы ийгиликти Япония автомобиль чыгаруу тармагында жаратып, дүйнөнүн ар бурчундагы айдоочулар Мазда, Хонда, Тойота, Ниссан, Мицубиси үлгүсүндөгү унааларды тээп эле калышат. 1955-жылы такси кызматы үчүн биринчи жеңил автомашинасын чыгарган «Тойота» компаниясы көп өтпөй Америкада 80 жыл бою лидерликти бербеген «Женерал моторсту» чаңында калтырган.
Улуттук продукцияны экспортко чыгарууда Япония баа, сапат жана тейлөө параметрлерин эске алып, дүйнөдөгү эң жогорку сапатка ылайык жасап, атаандаштарын жеңген.
Өлкөнүн экономикалык кереметинин жаралуусуна төмөн салыктар менен япондордун жаңы технологияны тез өздөштүргөндүгү себеп. Өкмөт чет жерден даяр продукцияны ташып келүүгө тыюу салган. Бирок Батышта өндүрүлгөн заманбап технологияны алып келген япон компаниялары колдоого алынган. 1949-1979-жылдар аралыгында Япония чет жерден 34 миң лицензия жана патент сатып алып, аларды иштеп чыгып, кийинчерээк продукцияларын бүт дүйнөгө сатууга өтөт. Инженерлер менен техника багытындагы адистердин саны боюнча Япония АКШны эбак артта калтыргандыгы да жөн жеринен эместир. Америкалык оккупациянын реформалары, анын ичинде кредиттер да чоң жардам берген.
дагы бир чоң себептердин бирине кененирээк токтололу.

ЯПОНДОР БИР ЖЕРДЕН ГАНА КӨГӨРӨТ
Иштеп чыгаруу өнөр жай тармагынын ар бир төртүнчү кызматкери өмүр бою жалдоо деген принцип менен эмгектенет. Японияда кызматкерге бир ишканадан экинчиге орун которууга болбойт. Иштеп жаткан жеринен кетүүнү чечсе, ал кызматкерди саткынга теңешет. Өмүр бою бир жерде иштөөсү үчүн кызматкердин иш тажрыйбасы жогорулаган сайын маянасы да көтөрүлүп, эс алуу убактысы узартылат. Японияда пенсия да башкача эсептелет. Мисалы, кызматкер 30 жыл иштесе, алып жүргөн айлыгын 30га көбөйтүшөт да, аны бир эле жолу төлөп беришет.
Дүйнөлүк же өлкө ичинде орун алган финансылык кризис учурунда япон компаниялары кызматкерлеринин санын кыскартуунун ордуна жетекчиден тартып айлык-акынын көлөмүн кыскартуусу менен да өзгөчөлөнөт.

КАЙДЗЕН ДЕГЕН ЭМНЕ?
Япон менеджменти «кайдзен» деген системге негизделген. Анын идеясы – компанияда бир күн дагы жакшыртуусуз өтпөшү керек. Бул тууралуу «Тойота моторстун» төрагасы Эйдзи Тойода: «Япон жумушчуларына кол менен эле эмес, баш менен иштөө мүнөздүү. Биздин кызматкерлер ишти жакшыртуу боюнча жылына 1,5 миллион сунуш киргизет жана анын 95 пайызы ишке ашырылат»,- деп айткан. Мисалы, чет жердик менеджер «жыйынтыкка сыйлык берем, ишин так аткарбаса, айып пул салам» десе, япон башкаруучу «кичинекей жылыштар үчүн сыйлык берем, жазалабайм, кандай жана эмне үчүн экенин айтып үйрөтөм» деп ойлонууга көнгөн.

УСТАТЫНАН АШКАН ШАКИРТ
Саясий, экономикалык жана башка ондогон тармактар боюнча АКШнын көзүн карап калган Япониянын бутуна туруп кетүүсүнө 20 жыл жетиштүү болгон. Согуш бүткөнү менен япондорго дүйнөлүк биринчилик үчүн күрөш башталган. Окуучу окутуучусунан озуп, 1987-жылы Япония адам башына карата ИДПнын көрсөткүчү боюнча АКШны артта калтырган. «Самурай улуту» деп атыгуудан баш тарткан япондор азыр «же сат, же өл» деген принцип менен дүйнөлүк рынокто позициясын сактап келе жатат.

КЫЗЫКТУУ 7 ФАКТ

  1. Япония ички дүң өнүмү, өнөр жай өндүрүшү боюнча дүйнөдө АКШ жана Кытайдан кийинки 3-орунда турат.
  2. Өз жанын кыйгандардын саны боюнча дүйнөдө алдыңкы катарда. Жылына 30 миңдей киши ажалын күтпөй, о дүйнөгө узайт.
  3. Энергетикалык жана табигый ресурстарга жарды. Нефть, газ, металл, текстиль дээрлик 100 пайызга чет жерден сатылып алынат.
  4. Башка өлкөдөн келип иштегендер жокко эсе. Японияда мигрантка өтө аз айлык төлөөчү мыйзам бар.
  5. Жаш балдардын өлүмү эң аз катталган жана калкы эң узак жашаган өлкө. Эркектер орточо 79 жаш, аялдар 86 жашка чейин өмүр сүрүшөт.
  6. Токио – дүйнөдөгү эң коопсуз шаар. 6 жаштагы балдар өз алдынча коомдук транспортто жүрө беришет.
  7. Бир гана Японияда поезддердин кечигүүсү 1 мүнөттөн ары эсептелет. Анын себеби – темир жолго өзүн таштап жиберген адамдын өлүмү гана болушу мүмкүн.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
HAPPY.GIRL
2015-07-13 22:41:10
Вот это история.
+3
jypar.i
2015-07-30 20:25:08
Техника чыгаруучу компаниялардын эң башында турган "Сони" компаниясы жазылбай калыптыр. "Сонинин" техникалары СССРде эң белгилүү болгон. Тартип жагынан алдыда болсо да, өз жанын кыйгандардын саны боюнча да эң алдыда экени өкүнүчтүү
0
BRATELLO
2016-04-14 07:08:47
Эгер кыргызстанда Ушундай тартип жана эрежелер болсо Анда биздикилер Эмне боюнча алдынкы сапта турат болду екен
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан