ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (13-июлдан 19-июлга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада үй-бүлө мүчөлөрүнүн кашында көбүрөөк болуңуз. Бул ойду бир жерге топтоп, маанилүү нерселер тууралуу ойлонууга мүмкүндүк берет. Маселелерди бат чечип салууга болбойт. Анткени кетирген катаңыздын аягы бир топ адамдар менен чырдашууга жеткириши мүмкүн. Бойдоктордун романтикалык жолугушууну уюштуруу пландары ойдогудай чыгуусу күтүлүүдө. Апта аягы жаңылыктарды тартуулайт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Чөйрөдөгүлөр менен көбүрөөк убакыт өткөрүү сунушталат. Анткени баарлашуу жагымдуу жана пайдалуу болмокчу. Чөйрөңүздү кеңейтип, өзүңүзгө керектүүлөрдү билип аласыз. Айрым жубайлар туугандарынын айынан жан шериги менен урушуп калуусу ыктымал. Чырды ырбатпай түшүнүшүү менен кепке келүү зарыл. Жетекчилик менен иш тууралуу сүйлөшүүнү бейшембиге белгилесеңиз, жыйынтыгы жакшы болот.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын башында максаттарга жетүүгө жасаган аракетиңиз жемиштүү болмокчу. Чиелүү жана татаал сезилген маселелерди чечүүдө фантазияңыз менен тапкычтыгыңызды колдонуңуз. Аптанын калган күндөрүндө каржылык кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Сыягы чоң өлчөмдөгү акчаны чогултуу же карызга алуу маселеси чыгат. Муздак сууга жуунам же түшөм деп суук тийгизип албаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын башында акыл-эс кампасын кеңейтүүчү маалыматтарга байыйсыз. Дин, философия же башка элдердин маданиятына кызыгууңуз артышы мүмкүн. Чет тил үйрөнүү же саякаттоого чыгуу сыяктуу пландар да ийгиликтүү ишке ашат. Апта ортосунда «кайра өткөзсөмбү же сатып жиберсемби» деген маселеге кабылбаш үчүн шашылыш түрдө буюм сатып албаңыз. Апта аягында коноктор төрүңүздү ээлейт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта башында сизди көпчүлүккө чыгарбай, өз алдынча кылдат чече турган маселелер күтөт. Ошондой эле апта башы жолугушууларга, окуяларды талкуулоого ылайыктуу. Апта ортосунда улуу муундагы туугандар менен кагылышууңуз ыктымал. Анткени алар сиздин эркиндикти чектеп, өз ойлорун таңуулап жаткандай сезилет. Апта аягында пайдалуу келишим түзүү тууралуу оюңуз ишке ашат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сүйүктүүңүз менен мамилеңиз гармониялуу болот. Талаштуу маселелерди да кабыргасынан койсоңуз, компромиске келе аласыздар. Эмгек өргүүсүн чогуу өткөрүү тууралуу акылдашуу да оң. Апта ортосунда досуңуздан кол үзгүңүз келбесе, оозу ачыктык кылып анын сырларын элге жарыялап жибербеңиз. Апта аягында оор ишке киришпеңиз, өзүңүздү жакшы сезбей иштин аягына чыкпай калууңуз мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Табияттан индивидуалдуу экендигиңизди көрсөткүңүз келип, сырткы көрүнүшүңүздү оңдоого киришесиз. Бул максатта сулуулук салонуна баш багып, бир топ акча сарптооңуз ыктымал. Иш да, керектүү адамдар менен баарлашуу да ойдогудай жүрмөкчү. Эс алуу максатында табият коюнуна чыгууну уюштурууңуз мүмкүн. Коңшулар менен бир иштерди чечүүгө катышууңуз күтүлүүдө.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын башында чыгармачылыкка, сүйүүгө жана камкордукка толгон аптаны баштан өткөрөсүз. Бойдоктордун идеалына жакын адам менен таанышуусуна мүмкүнчүлүктөрү бар. Апта ортосунда майда түйшүктөр көп чыгып чарчатат. Мүмкүн шашылыш иштер менен коңшу шаарга же айылга барып келесиз. Апта аягында таанышыңыздын үй-бүлөлүк уруш-талашына аралашпаңыз. Бөөдө жаман көрүнөсүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада үй-бүлө мүчөлөрү сизге бекем тыл жана тирөөч болуп беришет. Оор маселелерди чечүүгө кирише бериңиз. Жолдо жүргөндө ыңгайсыздыкка кабылбоо үчүн үйдөн чыгарда бут кийимдин же кийимдин сөгүлүп же үзүлүп калбай турганына баам салыңыз. Жумушта чогуу иштешкендер менен бир аз түшүнүшпөө орун алат. Алыскы туугандар жакшы жаңылыгы менен сүйүнтүшөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Мамилелер жана байланыштар күчөйт. Мүмкүн бир кезде сиз менен чогуу иштеп кеткен адам кайра сиздин чөйрөгө кошулат. Соода жаатында иштегендер чогуу иштешкен шериктерине кысым көрсөтпөөлөрү зарыл. Болбосо чөнтөгүнө эле залал. Агрессивдүү адамдар менен жолдо же кайсы бир иш-чарада урушуп кетүүнүн алдын алыңыз. Жол жүрүүдө жоготуп албоо үчүн документке, жан капчыкка сак болуу зарыл.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Акчалуу болууңуз күтүлүүдө. Болгону аны туура бөлүштүрүү, керектүүлөрдүн сапаттуусун сатып алуу гана калат. Үйүңүздү жыйнап, баарын ордуна коюп, эмеректерди кайра жайгаштырууңуз мүмкүн. Бирок оор нерселерди көтөрүп белиңизге күч келтирип албаңыз. Көшөгөнүн артында туруп алып сизге бирөөлөрдү тукуруп жамандык издеген адамдын ким экендигин апта аягында билесиз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Өз алдынча жаңы нерселерди үйрөнүүгө ыңгайлуу апта. Башкача айтканда, жөндөмдүүлүгүңүздү арттырып, көп нерселерди билип жетишсеңиз болот. Апта ортосунда сүйүктүүлөрдө бири-бирин түшүнүшүү кыйындайт. Мамилелер муздап калбашы үчүн кайсы бир маселени курч койбоо, жүргөн-турганын катуу сындабоо кажет. Айрымдар эмгек өргүүсүнө чыгып, кайда эс алууну пландашат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ularik_kg
2015-07-14 23:47:33
Баягы баягы, Бай козуну таягы. Акыркы кундору ишенбей баратам.
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан