«АТА МЕКЕН» СОЦИАЛИСТТИК ЖАНА «УЛУТТАР БИРИМДИГИ» ЭЛДИК ПАРТИЯЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЫНТЫМАК-ЫРАШКЕРЛИК, УЛУТТАР БИРИМДИГИ ЖАНА ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН БИРИКТИ!

Бакыт Бакетаев, серепчи: «ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН МЫРЗАКМАТОВДУН ПАРТИЯЛАРЫНЫН БИРИГИШИ КЫРГЫЗ САЯСИЙ МАЙДАНЫНДА ЧОҢ ЖАҢЫЛЫК БОЛДУ»
– «Ата Мекен» социалисттик партиясы менен «Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын (Текебаев+Мырзакматов) биригиши кыргыз саясий айдыңында чоң жаңылык болду. Натыйжада Кыргызстанда ири, салабаттуу, белдүү оппозиция жаралды. Текебаев баары менен тең ата сүйлөшө ала турган, мурдагыдан да күчтүү лидерге айланды. Мунун өзү дүйнөдө солчул партиялардын кадыр-баркы көтөрүлүп жатканынан кабар берет. «Ата Мекен» социалдык багыттагы партия болгондугу буга кошумча болот.

«Улуттар Биримдиги» Ош аймагында кадыр-баркы бар, эл сыйлаган абройлуу партия. Демек, бул союз маданияттуу, күчтүү оппозиция болоруна ишенсе болот. Бул саясий өнөктөштүк өлкөдө социалдык багыттагы жакшы иштердин аткарылышына негиз түзөт. Булар конструктивдүү оппозициялык кадамдарга барса, алар аркылуу кимдин кандай экендигин салыштыруу оңой болот. Мындай стратегиялык өнөктөштүктү азыр коомчулук абдан чоң көңүл буруу менен жылуу маанайда кабыл алып, колдоодо.

Бектемир Жусупов, жаш серепчи: «ТЕКЕБАЕВ БУЛ ЖОЛУ ДА «КАМЫРДАН КЫЛ СУУРУГАНДАЙ» ЖОЛ ТАПТЫ!»
– Кыйчалыш кырдаалдан чыккан адамды кыргыз «камырдан кыл сууругандай» деп алкайт. Текебаев бул жолу да эч ким күтпөгөн кескин кадамды жасап «Улуттар биримдиги» элдик партиясы менен өнөктөш болууга кол койду. Оппозициянын жоктугу, көпчүлүк партиялардын бийлик партияларынын катарында жүрүп калгандыгы ушундай кадамга барууга мажбур кылгандай. Менин оюмча, «Ата Мекен» социалисттик жана «Улуттар Биримдиги» элдик партиялары Кыргызстандагы ынтымак-ырашкерлик, улуттар биримдиги жана өнүгүү үчүн бирикти.

Табылды Акеров, серепчи: «ӨНӨКТӨШТҮКТҮН НАТЫЙЖАСЫ ӨЛКӨ ҮЧҮН УТУШ БОЛОТ»
– «Улуттар Биримдиги» элдик партиясы менен «Ата Мекен» социалисттик партиясы кызматташуу боюнча тилектештикке кол коюшту. Мындай саясий жөрөлгөлөр дүйнөлүк практикада кеңири кездешет. Мисалы, Германиянын ХДС жана ХТС партияларынын өнөктөштүгүн дүйнө билет. Булардын биринчиси республикалык, ал эми экинчиси аймактык масштабдагы партиялардан. Алар парламенттик шайлоолор алдында өз ара келишимге кол коюшуп бирге аракеттенишип, натыйжада жакшы ийгиликтерге жетишет. Ушул сыяктуу «Ата Мекен» менен «Улуттар Биримдигинин» өнөктөштүгү Кыргызстан үчүн абдан уникалдуу көрүнүш жана жаңылык. Өнөктөштүктүн натыйжасында «Ата Мекен» партиясы жеңишке жетсе, сөзсүз өнөктөшүн колдоору бышык, анткени нукура саясий күрөштүн эрежелери ушуну талап кылат. Кыргызстан кыйын абалда турганда өнөктөш эки партиянын аракеттери көпчүлүк үчүн күтүүсүз, бирок туура чечим болду. Коомду алдыга жылдырчу ой, идея же чечкиндүү кадамдарды коомчулук колдосо натыйжасы жакшы болот.

Кудайберген Жумабаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
hairullo
2015-07-14 15:06:50
Омурбек Чиркешович суудан таза чыгат. Бечара Алмазбек Шаршенович жалгыз калабы...Кулов менен
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан