Кундуз Канатбек кызы: “МАИ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ КӨП КАРМАЛАМ”

Рулдагы жылдыз

Бул айым бош убактысында Бишкектин Тынчтык проспектиси менен машинасын зуулдатып айдаганды жактырат. Lexus GS 400 үлгүсүндөгү кара тулпардын ээси Кундуз Канатбек кызы бизде конокто.

Машина тууралуу
Үлгүсү – Lexus GS 400
Чыккан жылы –1999
Максималдуу ылдамдыгы (км/саат)250
Кубаттуулугу (ат күчү)294

– Кундуз, алгач рулга отурганың эсиңдеби?
– Ооба, анда мен 7-класста окучумун. Кошунабыздын машинасына отуруп алып өзүм айдап бара жаткандай элестетип, рулду ары-бери буруп өзүмчө эле жыргачумун. Чоңойгондо өзүм акча таап, сөзсүз машина алам деп кыялданчу элем. Кийинчерээк агам машина сатып алганда өзүм алгандай болуп сүйүнгөнүм эсимде. Агамдын машинасын талашып жүрүп айдаганды үйрөнүп алдым. Бир жолу агам менен дүкөнгө бардык. Ал дүкөнгө кирип кетти. Мен шоктук кылып машинасын айдап кеттим. Чоң ылдамдыкта баратып, жыгач карагайды көрүп коркуп кеттим. Чочуп кетип тормоз менен газды бирге бассам, Кудай сактап карагайдын дал түбүнөн токтоп калды. Ошол окуядан кийин машина айдоодон коркуп калбай, тескерисинче, кызыгуум күчөдү. Адреналин алып, мындан да чоң ылдамдыкта айдоону самап калдым.
– Алгачкы машинаң кайсы үлгүдө эле?
– Биринчи машинам BMW үлгүсүндө болчу. Бул машинамды аз эле айдадым. Жакын досторум: “Өзүң назик кыз болсоң, бул машина көп жараша бербейт экен”,- деп айтышканын тыңдап, аны учурдагы машинама алмаштырдым. Азыр ойлойм, Lexus үлгүсүндөгү машина менин стилиме туура келет.
– Айдоочулук укукту сатып алдыңбы же...
– Окуп эле алдым. Жол эрежесин мыкты билем. Ишенбесең жүр, бир айланып келели (күлүп).
– МАИчилер менен мамилең кандай? Көп эле жолу кармаласыңбы?
– Жол эрежесин мыкты билгеним менен, шашканда МАИ кызматкерлерине тез эле кармала берем. Бир жолу бир күндө үч жолу кармалганым эсимде. Ошол күнү таң атпай эле МАИчи токтотту. Шашып жатып айдоочулук күбөлүгүмдү унутуп калган экенмин. Канча экенин айтпай эле коёюн, бирок чоң суммада акча төлөгөм. Ошол эле күнү жөө жүргүнчүнү өткөзбөгөнүм үчүн дагы кармалгам. Үчүнчүсүндө болсо ылдамдыкты чектен ашырып жибергендигим үчүн токтоткон.
– Учурда машинаңдын «ден соолугу» кандай?
– Азырынча «ден соолугу» чың эле го. Эс алдырбай айдап эле жүрөм. Бирок кээде жарыгы күйбөй калмай адаты бар. Жаңы жыл алдында иш көп болуп, “доктуруна” көргөзүүгө убакыт болбой жатат.
– Машинаңды өзүң жууп көрдүң беле?
– Жок, жууп көргөн эмесмин. Бирок тазалыгын аябай карайм. Эки-үч күндө 150-200 сомго жуудуруп турам.
– Бир күндө канча бензин коротосуң?
– Күнүнө 15 литрдей коротом.
– Машинаңдын дөңгөлөгү дайыма чимирилип турсун. Маегиңе рахмат!

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Robingud
2010-01-08 19:51:53
Ilgeri KIRGIZIMDIN kyzdary kadimki ele tulparlarda wamal menen jarywyp 4abyw4u eken.emi,al tulparlar temirge aylanip dale bolso yldamdygynan jazbay kelet.bir gana ayirmasi,ilgeri MAI jok bol4u.
0
talasstyn jigiti
2010-01-09 01:45:16
Kunduz mne myncha suluusun ????
Prieyzjai v Avstriy s koncertom ?!!!
ishterine Igilik kaalaim !!!
skoro esli priedu obiazatelno na tvoi koncert poidu ))
0
Айдош
2010-01-10 17:17:11
котум 90 тошум 90 деп коту башынды мактап эле машына алып алдын ЭЭ! бирок молодец земляк так держать!!!!!!!!!!!!1
+1
almasbek
2010-01-13 17:45:27
"айдоочулук күбөлүгүмдү унутуп калган экенмин. Канча экенин айтпай эле коёюн, бирок чоң суммада акча төлөгөм"
айып 5оо сом эле болотго
0
cubich
2010-08-25 14:35:24
Чындыгында эле сулуу экенсин. Машинандын астынан шамал отуп турсун.
0
shishka
2011-01-10 02:34:24
emne degen intervju
0
arlekino
2011-01-12 11:27:26
ММмдаа машина хорошая... радует что правила знаешь..5!
0
uri850724
2011-09-21 22:47:19
сурот жакшы бирок суроттон сен жакшы вах вах восточный сочный
0
ergazy.kgz
2011-10-05 15:41:27
мумкун гаи менен кийин жолуккандыр )) таммаша.
0
tachkomur
2012-03-11 14:49:42
оло суйомда кундуз
0
jumabaibaichik
2012-05-10 19:09:07
конфетка и твоя тачка тоже не че !!!!!!!!!!
0
sultan-n
2012-05-31 09:40:50
х а
0
№ 374, 1-7-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан